Арас Булут Ийнемли... Бул ысым сизге алгач чоочун угулушу мүмкүн. Бирок «Даӊазалуу кылымдагы» Баязид, «Барксыз өткөн өмүрдөгү» Мете сыяктуу өрт жигиттердин ролун аткарган актёр десе, сөз төркүнүн өзүӊүз улантып кетсеӊиз керек.
Анда бул жолку сөз кулк-мүнөзү, кыял-жоругу, өӊ-келбети, турган-турпаты, айтор, бардык тарабынан кыздардын табитине туура келген түрктөрдүн көз күйдүргөн бойдок актёру Арас Булут Ийнемли тууралуу болмокчу.
Толук аты-жөнү – Арас Булут Ийнемли
Туулган жери – Түркия, Стамбул шаары
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 25-август
Кесиби – Актёр, модель
Тасмада – 2008-жылдан бери
Кыздардагы баалаган сапаты – Намыскөйлүк
Бою – 182 сантиметр
Тартылган тасмалары – «Чын эле бири-бирибизди түшүндүкпү?», «Махмут жана Мерьем», «Даӊазалуу кылым», «Барксыз өткөн өмүр» жана башкалар
БАЙКЕСИ ЖАЗУУЧУ, ЭЖЕСИ ЫРЧЫ...
Арас Булуттун ата-энесинин түпкүлүгү Кавказдан. Кичинесинен жаратман, чыгармачылык менен тыгыз байланышы бар адамдардын курчоосунда чоӊойгон. Алсак, актёрдун байкеси Оржун Ийнемли жазуучу, сценарист, ал эми эжеси ырчы, алып баруучу. Анын искусствого болгон кызыгуусун бир туугандары ойготкон. Бирок чыгармачылыкка кызыкканы менен, ал инженердик окууга тапшырат. Арас кесиби боюнча учак куруучу. Стамбулдагы техникалык университетти аяктаган соӊ кесиби менен иштеген эмес.
Актёр өз сөзүндө: «Кичинемде кайсы кесип көзүмө жакшы көрүнсө, ошол кесипте иштегим келе берчү. Мендеги бул каалоо чоӊойгондо деле калган жок. Инженердик окуум менен бирге театрда ойноп, киного тартылып, колума камера кармасам деп бүт баарына жетишким келчү. Түркиянын гезит-журналдарынан атактуу адамдардын беш-алты жумушта иштеп ийгиликке жетишкендиги тууралуу маектерин окуп таасирленип, менин колумдан деле келет деп ойлосом керек»,- дейт.
«БАРКСЫЗ ӨТКӨН ӨМҮР» СЕРИАЛЫ АТАК АЛЫП КЕЛГЕН
Арас алгач 16 жашында «Кайрылуу аллеясы» фильмине тартылып, актёрлук тушоосун кескен. Студент кезинде 1-2 жарнамалык түрмөккө тартылып, ошол жактан режиссёр Зейнеп Гүнай Тан менен таанышып калган. Режиссёр жеке тааныштыгынан улам жигитти өзү тартып жаткан «Барксыз өткөн өмүр» сериалына чакырат. Актёр анда баш каармандын ролун аткарбаса да, сериалда таасири бар, өрт жигиттин ролун ойнойт. Сериалдагы өспүрүм Метенин ролу үчүн Арас «Экинчи пландагы мыкты актёр» наамын жеӊип алган. Бул роль актёрго атактуулукка карай жолдомо берген ак жолтой ролдордун бири. Ушундан кийин Арастын карьерасы көтөрүлө баштаган. Актёр 2012-жылы казакстандык актриса Ева Дедова менен «Махмут жана Мерьем» сериалына да тартылган.
КЫЛЫЧ МЕНЕН ЧАБЫШКАНДЫ ХАЛИТ ЭРГЕНЧ ҮЙРӨТКӨН
«Даӊазалуу кылым» сериалынын 4-сезонунда шахзаада Баязиддин чоӊойгон кезин аткарган Арасты кино жаратуучулар «Барксыз өткөн өмүр» сериалындагы Метенин ролунан кийин байкап калып, ылайык көрүшкөн. Анткени Баязид жини чукул, маселени эмоция менен чечкен каарман болчу. Эсиӊиздерде болсо, Мете да ачууга бат алдырган, адилеттүүлүктү туу туткан өрт жигит болгон.
Баязиддин ролу тууралуу актёр: «Аталган ролго физикалык жактан даярдык мыкты болуш керек эле. Баязиддин ролу үчүн 13 килограммга толгом. Ат мингенди, кылыч менен согушканды, чепкен кийип туура баскандан бери үйрөнүшүм керек болчу. Кылыч менен чабышууну өздөштүргөнгө Халит Эргенч жардам берди. Султан Сулейман тууралуу тарыхый китептердин баарын казып окудум. Актёрлук оюнумду жакшыртыш үчүн жеке инсан катары Баязиддин кулк-мүнөзүн таанып-билишим керек болчу. Мүнөзүбүз жактан Баязид экөөбүз окшошпуз, бирок ал менден күчтүүрөөк, эрктүүрөөк болсо керек деп ойлойм»,- деп айтканы бар.
ХУРИЖИХАН МЕНЕН КЫЗ-ЖИГИТПИ?
Арас Булутту «Даӊазалуу кылым» сериалындагы өнөктөшү, Ибрагим пашанын кызы Хурижихан султандын ролун ойногон актриса Буржу Өзберк менен кыз-жигит мамиледе деп келишет. Папараццичилер экөөнүн чогуу тамактанып жатканын көрүп калышат. Аларды байкап калган Арас официант менен сүйлөшүп алып репортёрлорду алаксытып, Буржунун тамактануучу жайдан акырын көрүнбөй чыгып кетишине шарт түзгөн. Бирок бул учурду көз жаздымда калтырбаган репортёрлор Буржуну да, Арас Булутту да кадрга тартканга жетишишкен.
Айрым түрк басылмалардын актёрлордун бул жоругун сериалдын популярдуулугун арттыруу үчүн жасалган пиар жүрүш деп эсептешет. Бирок Буржу берген маектеринде Арас Булутка караганда Селимдин ролун ойногон актёр Энгин Өзтүрк менен жакшы санаалаш достордон экенин айтканы бар. Арас болсо буга чейин күчтүү махабатты башынан өткөрбөгөнүн айткан.
Лунара Бекиева
star@super.kg