Камчыбек Илиязов, продюсер: «ҮЙ-БҮЛӨ МЕНЕН КӨРӨ ТУРГАН ТАСМА ТАРТТЫМ»

«Өзүмдүн кесибим башка болсо да тарбиялык мааниси чоӊ, туруктуулукту чагылдырган тасма жараттым» дейт «Поларис шооласынын» продюсери Камчыбек Илиязов. Тасманын мазмуну, тартылышы тууралуу төмөндөгүдөй оюн ортого салды.

ТАСМА ТУУРАЛУУ

Режиссёру – Камчыбек Илиязов, Таалайбек Абдраимов
Сценаристи –Камчыбек Илиязов
Оператору – Жоомарт Абдразаков
Башкы ролдордо – Амантур Мусаев, Чолпон Темирбекова, Улан Медеркулов, Айпери Малдыбаева
Тасманын узактыгы – 1 саат 30 мүнөт

– Эмне үчүн тасманын аталышын «Поларис шооласы» деп атадыӊыз?
– Тасманын сценарийинде эки сүйүшкөн жашты өзүнүн эле жакын достору алыстатып, ысык мамилесин бузууга аракетте­нишет. Кыздын курбусу анын жигитин тартып алууну көздөп «жигитиӊ каза болду» десе, жигитине кыз тууралуу «башка жигитке турмушка чыкты» деп айтышат. Алардын сөзү калпка чыгып, сүйүшкөндөр туруктуулугу менен бири-бирин кайра табышат. «Поларис» – Алтын казык жылдызынын англисче аталышы. Тасма аркылуу бирөөгө жамандык кылсаӊ, ал өз башыӊа тиет деген ойду бердик.
– Ал оюӊуз аудиторияга жетеринен күмөн санаган жоксузбу?
– Азыркы жаштардын табити өзгөргөнү байкалууда. Биздин учурдагы көрөрмандар кинодон чоӊ сабак алчубуз. Тарбиялык мааниси бар тасма болгондуктан көрөрмандар аз да болсо сабак алат деген ойдомун.
– Атаандаштык курчуп турган учурда эл келбей коёбу деп чочулаган жоксузбу?
– Каражаттын аздыгынан улам тасманы жарнамалай алган жокмун. Ошондон уламбы, жаӊы башталганда «бул кандай кино, катардагы эле тасма го» деп келбей жатышса керек. Барган сайын көрүүчүлөрдүн саны көбөйүүдө. Биринен экинчиси угуп келип, «жакшы кино болуптур» деген ойлорун айтышууда.
– Актёрлорду кандай жол менен тандап алдыӊыздар? Өз кызыӊызды башкы каарман кылып тартыптырсыз...
– Мен жаӊы муундагы таланттуу жаштар менен иштешүүнү туура көрдүм. Элди тажаткан актёрлор менен иштешүүдөн алыс болдум. Амантур Мусаевден башка актёрлор тасмага биринчи жолу тартылып жатышат. Башкы ролго актрисаны тандоо оор болду. Анан кызым Чолпонго «сен деле барып катышып көрчү» деп сунуштадым. Тартуучу топ аны жактырып, тартып калдык.
– Тасманын айрым эпизоддору Анталияда тартылыптыр. Чет жерде кино тартуу оӊбогондой каражатты талап кылат. Бюджети канча болду?
– Бюджетин мынча кетти деп айтпай эле коёюн. Кээ бир режиссёрлор 20-30 миӊ доллар менен тартышат, айрымдар андан аз дегендей. Анталияда 10 күн жүрүп, фильмди тартууга 20 миӊ доллар кетти.
– Көп каражат сарпталыптыр. Эми тасма өзүн-өзү актайбы?
– Жакшы ниет – жарым ырыс. Мээнетибиздин акыбети кайтат деген үмүттөмүн.
– Башка кинолордон эмнеси менен айырмаланат деп айта аласыз?
– Биринчиден, Кыргызстандын кооз жерлерин көрсөттүк. Биздин жер башка жерлерден кем эмес деген ойду бердик. Экинчиден, тасмада ачык кадр жок. Жаштарды кучакташтырып, жарым жылаӊач тартып өбүштүрбөдүк. Азыр айрым тасмаларды үй-бүлөӊ менен отуруп көрө албайсыӊ. Бул тасманы атасы кызы менен, эне баласы менен көрө алышат. Бир сөзгө сыйдырганда тарбиялык мааниси чоӊ.
– Жеке өзүӊүзгө кайрылсак. Тасма талаасына кеч кайрылган режиссёр болдуӊуз. Буга чейин эмне менен алектендиӊиз эле?
– Кесибим боюнча юристмин. Өзүм такыр башка тармактарда эмгектенгем. Бирок жан дүйнөм чыгармачылыкка жакын болчу. Сүрөт тартып, ыр, повесть жазып жүрчүмүн. Мындан эки-үч жыл мурун тасма тартуу оюма келип, өзүмдү сынап көрүүнү чечтим.

Султан Төрөбеков
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
agarai
2015-03-30 10:30:46
эн сонун кино, супер! коргон сайын коргун келет, ар коргондо ыйлап,кайра кубанып, башкача сезимдер менен. Чолпон да каарманын ийине жеткире аткарган. айрыкчы озунун аткаруусундагы ырычы
0
gusijashoo
2015-03-30 21:56:38
Супер инфо ушул кинодогу кыздын аткаруусундагы сага аттуу ырды жуктоп койгулачы. Сураныч.
0
admin_superstan
2015-04-06 11:11:05
gusijashoo, саламатсызбы!
"Элдик аудио" бөлүмүндө:
http://www.super.kg/media/useraudio/138623/
0
№ 647, 27-март-2-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан