Темир Сариев: “АЖО ҮЗӨҢГҮЛӨШҮН УНУТПАШЫ КЕРЕК”

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев экс-Коргоо министри Исмаил Исаков менен кезигип, андан соң коомчулукка генералды колдоо боюнча билдирүү таратты.

Исмаил Исаковду колдоо максатында “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев партиянын атынан коомчулукка билдирүү таратты. Билдирүүдө укук коргоо органдарынан
И.Исаковго кысым көрсөтпөө, жалган жерден айып такпоо, мыйзамдуулуктун сакталышы, соттун адилет чечим чыгаруусу талап кылынган. Темир Сариевдин айтымында, президент ­Курманбек Бакиев март революциясында үзөңгүлөш жүргөн жана азыркы бийликти бекемдөөгө зор салымын кошкон генералды эсинен чыгарбашы керек.
Мамлекеттик айыптоочу аны 8 жылга эркинен ажыратууну, аскердик чинин алып, үй-мүлкүн конфискациялоону суранган. Бул иш боюнча соттун өкүмү 7-декабрда чыгары күтүлгөн. Бирок судьянын сыркоолоп калганына байланыштуу сот отуруму 17-декабрга жылдырылды.


ТОКТОГУЛ ГЭСи ТОЛУК ИШТЕП БАШТАДЫ

8-декабрда “Токтогул” ГЭСинин 4 агрегатынын экөө бузулуп, убактылуу иштебей калган. “Агрегаттар калыбына келтирилди. ГЭСтин иши кадимкидей жүрүп жатат, кооптонууга негиз жок”,- деп билдирди Нарын каскадынын башкы инженери Таалайбек Толубаев.

Анын айтымында, биринчи агрегат 8-декабрда саат 14:30да, экинчиси саат 21:55те толугу менен оңдолуп, ишке кирди. Белгилүү болгондой, 8-декабрь күнү эртең менен “Токтогул” ГЭСиндеги эки агрегат иштен чыккан. Адистер мындай жагдайды тетиктердин иштөө мөөнөтү эбак эле бүтүп, эскилиги жеткендигинен улам деп түшүндүрүшүүдө.
Кошумчалай кетсек, “Токтогул” ГЭСи 1975-жылы курулган. Ага 19 миллиард м3 суу батат. Бул Борбор Азиядагы эң чоң, КМШ аймагында экинчи орундагы суу сактагыч.


ОРУСИЯ 193 МИЛЛИОН ДОЛЛАР КАРЫЗДЫ КЕЧЕ ЭЛЕК

“Кыргызстандын Орусияга болгон жеңилдетилбеген 193 миллион 561 миң доллар карызын кечүү боюнча Москва толук чечим кабыл ала элек”,- деп билдирди Каржы министрлигинин тышкы карыздарды башкаруу боюнча бөлүм башчысы А.Бектеналиева.

Бөлүм башчы А.Бектена­лиеванын айтымында, карызды кечүү маселеси Орусиянын мамлекеттик ички жол-жоболорунан өтө элек. Белгилүү болгондой, Кыргызстан менен Орусиянын 3-февралда Москвада кабыл алган келишими боюнча 193 миллион доллар карыздын ордуна Бишкек Москвага “Дастан” ишканасынын 48 пайыз акциясын жана орус соода үйүнө Бишкектин Раззаков көчөсүнөн 49 жылга ижарага жер берүүгө милдеттенме алган. Учурда кыргыз тарап бардык милдеттенмелерин аткарды. Бирок Орусия тараптан чечимдер аткарыла элек.


“ММКларды КОЛДОО БОРБОРУ” ФОНДУНАН ЖАКШЫ СААМАЛЫК

Кыргызстандагы ММКлардын өнүгүшүнө зор салымын кошуп келе жаткан “ММКларды колдоо борбору” фонду 4-декабрда мезгилдүү басылмалардын, интернет маалымат булактарынын журналисттерин чогултуп кече өткөрдү.

Кечеге башкы редакторлор, кабарчылар, ЖОЖдордогу журналистика факультеттеринин жетекчилери биригип, 100гө жакын кыл калем ээлери катышышты. “ММКларды колдоо борбору” фондунун башкы директору Алмаз Курманкалиев сөз сүйлөп: “Мындай кечени уюштуруудагы негизги максатыбыз – басма сөз тармагында иштеген адамдардын бири-бири менен жакындан таанышышына өбөлгө түзүү, редакциялар ортосунда мамилени күчөтүү”,- деп билдирди. Ошондой эле ал журналистика факультеттеринин декандары менен редакция жетекчилери өз ара пикир алышып, студенттер менен да иштөө мүмкүнчүлүгү түзүлөрүн баса белгиледи. Мындай бейформал жыйындар жыл сайын өткөрүлөрүн кошумчалады Алмаз мырза.


АСКАР АКАЕВ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН АШЫНА КЕЛЕБИ?

Таластыктар 12-декабрга белгиленген Чыңгыз Айтматовдун ашына экс-президент Аскар Акаевге чакыруу жолдошту.

Экс-мамкатчы Осмонакун Ибраимовдун айтымында, Таластагы аксакалдар эгер А.Акаев ашка келе турган болсо, аны чек арадан тосуп ала тургандыктарын айтышкан. “Экс-президент ашка келер-келбесин азырынча айта элек”,- деп кошумчалайт О.Ибраимов.


КАРЫЗЫҢ КАНЧА, КЫРГЫЗСТАН?

1-ноябрга карата Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиард 499 миллион долларды түздү.

Алынган кредиттердин 1,5 миллиард долларга жакыны көп тараптуу насыя берүүчүлөр алдындагы милдеттенме болуп саналат. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдөн алынган карыздын өлчөмү 1 миллиардга чукул. Кыргызстанга ири өлчөмдө карыз берген көп тараптуу каржы институттар Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фонду болуп саналат.


КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ КЫЗМАТТАН КЕТҮҮГӨ АРЫЗ БЕРДИ

Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев 10-декабрь күнү кызматтан кетүү боюнча президентке арыз берди.

ӨКМнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, 10-декабрь күнү арыз президент Курманбек Бакиевдин кабылдамасына жеткирилген.
Ташиевдин отставкага кетүү арызын берүүсүнө ошол эле күнү болуп өткөн өкмөт жыйынында премьер-министр Дания­р Үсөнов менен пикир келишпестик себепчи болгон. Өз дарегине айтылган сын менен макул болбогон К.Ташиев жыйын залын таштап чыгып кеткен.


УТРКнын БАШ ДИРЕКТОРУНА ОРУН БАСАР ДАЙЫНДАЛДЫ

Президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Мамыраим Дубанаев УТРКнын башкы директорунун орун басары болуп дайындалды.

Кайыргүл Орозбай кызы УТРК башчысы болуп дайындалгандан бери бул орун бош турган. Мамыраим Дубанаев буга чейин Ош облустук “Ош жаңырыгы” гезитинде башкы редактор, ЭлТР коомдук телеканалында башкы директор болуп иштеген.


МАЛАЙЗИЯ МЕНЕН БАЙЛАНЫШ ЖАКШЫРАБЫ?

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Турсунбай Бакир уулу Куала-Лумпурга жөнөп кеткени тууралуу кабар жазганбыз. Элчи мырза жакында иш сапары менен Кыргызстанга келди. Учурдан пайдаланып, Турсунбай Бакир уулун кепке тарттык.

– Турсунбай мырза, “жаңы шыпыргы жаңыча шыпырат” дешет. Сиз Малайзияда ишти кандай баштадыңыз?
– Алгачкы иштер жаман эмес. 7-октябрда президент
Курм­анбек­­­­ Бакиев кабыл алып, жакшы насааттары менен жаңы ишке узаткан эле. Куала-Лумпурга барып жамаат менен таанышып, Малайзиянын ТИМинин кызматкерлери менен тыгыз иш баштадык. Мурдагы элчи падышанын кабыл алуусун 5 ай күткөн экен, мен 25 күндөн кийин эле жолуктум.
– Падыша менен жолугушуу кандай өттү, бизге мамилеси кандай экен?
– Жолугушуудан эки күн мурун элчиликке көп барактан турган көрсөтмө келди. Анан 26-ноябрь күнү эртең менен Лимузин, мотоциклдердин коштоосунда бизди хан сарайга алып келишти. Падышага улуттук чепкен-калпакчан бардым. Улуттук кийимибиз падышага абдан таасир берди көрүнөт, менин кийимиме суктанып, чогуу барган Ооганстан, Украина, Австрия, Гана өлкөлөрүнүн элчилеринен алаксып жатты. Малайзиянын 13-падышасы Аль-Вафику Биллах Туанку Мизан Зайнал Абидин ибни Аль-Махрум Султан Махмуд Аль-Муктари Биллан Шах Янг ди-Пертуан Агонгго жалпы кыргыз журтчулугунан КР президенти Курманбек Бакиевден салам-дубай айттым. Малайзия менен тыгыз байланышта экономика, саясий, руханий, маданий жактан өнүгүүгө үмүтүбүз чоң экенин билдирип, ажонун “инвесторлорго мыкты шарт түзүп беребиз, коррупциячылар менен катуу күрөшөбүз” деген кепилин белгилеп өттүм. Жолугушууда “Халал” индустриясын Кыргызстанга алып келүү маселесине басым жасалды. Билим берүү, туризм, экономика, айыл чарба чөйрөсүндө тыгыз кызматташууну падыша колдоду. Айрыкча Кыргызстанда малайзиялык университетти ачуу идеясын кызуу колдоого алды.
Дагы баса белгилей кетчү нерсе, Феликс Кулов башында турган Кыргызстандын Чакан ГЭСтер боюнча дирекциясы жана Малайзиянын “Селонга инженеринг” компаниясы 300 миллион долларлык келишим түзүп, чакан ГЭСтерди куруу боюнча иш алып бармакчы болушту.
– Мыкты инвестиция менен иш баштаган экенсиз, куттуктайм. Аскар Акаев кезиндегидей малайзиялык инвесторлорду чочутуп алуу коркунучу жокпу?
– Бардык жетекчилер биздин ишти колдоп жатышат. Мисалы, премьер-министр Данияр Үсөнов “Халал” индустриясынан тышкары “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбооруна малайзиялыктарды кошуу сунушун билдирди. Вице-премьер Акылбек Жапаровдун өз ара кызматташуу боюнча ой-пландары көп экен, Малайзияга иш сапар менен жазында бара турган болду.
Өзгөчө болочок инвестициялар үстүндө иштөөдө Өнүктүрүү инвестиция жана инновациялар агенттигинин башчысы Макси­м Бакиев экономикалык демилге-долбоорлорду колдоого аларын билдирди. Малайзиялыктар биздин паракорлордон чочуп жатат десем, ал “өзүм пара албайм, башка бирөөнү да алдыртпайм!” деп көңүлүмдү тынчытты.
– 10-декабрь Адам укуктарынын күнү катары сиз Кыргызстандын туңгуч Акыйкатчысы болуп иштеген учурда майрамдала баштаган. Азыр бул майрамды кандай маанайда тостуңуз?
– Адам укуктары майрамына арнап “Ормон хан” бильярд клубунда Кыргызстандын Туңгуч Акыйкатчысынын Кубогу деген кайрымдуулук турнирди өткөрдүм. Уюштуруу комитети чогулган акчанын бир бөлүгүн сыйлыктарга жумшап, экинчи бөлүгүн кыз-келиндер жаткан абакка, операция жасатуу үчүн акчалай жардамга муктаж болгондорго жана дүлөйлөр мектебине беребиз деп чечтик.

Айбек Кочкоров
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Robingud
2009-12-14 17:34:47
BIZ mekendi kayra bawtan kurabyz!!!Alga jawtar.KIRGIZSTAN gulbakka aylanip,Arbagi koldosun MANASTYN.
0
Robingud
2009-12-14 17:37:33
AKAEV,emnesi bolso da KIRGIZSTANGA kayt."bawka jerde sultan bolgon4o,oz elinde ultan bol".Jaman bolso da,jakwy bolso da KIRGIZ taryxynda tungu4 prezident katary ordu bar.Kantse da Bakievden bir kadam aldyda turat.Bakiev saga i4im a4ywat.ket4i senden surany4
0
Robingud
2009-12-14 17:39:22
Sovettin kaldyktary biylikten ketip,mekenge kyzmat kyluuga 4ankap turgan JAWTARGA ordunardy bowotkula da,da4anarda 4ayinardi 4aypap jata bergile.
0
№ 371, 11-17-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан