ТАЛАНТТУУ БАЛДАРГА АКЫСЫЗ БИЛИМ

Учурда заманбап жана сапатуу билим алуу үчүн окуу жайын жакшылап тандоо керек. Келечек муун мындай категорияга БААУну кошуп, ал жакта окуу эмнеси менен өзгөчөлөнөрү тууралуу айтып беришет.

Жазгүл Акимбекова: «ӨЛКӨГӨ БИЛИМДҮҮ ЖАШТАР КЕРЕК»
– Мен Талас облусунун Кара-Буура районундагы Токтогул Бабанов атындагы лицейди 2014-жылы аяктагам. Менин кичинемдеги кыялдарымдын бири БААУда билим алуу эле. Менде мындай мүмкүнчүлүк болоруна ишенген эмесмин. Азыр өзүӊөр көрүп тургандай, ЖМАнын студентимин, кыялдарымды орундатуу жолундамын. Мен бул академия жөнүндө интернеттен маалымат топтоп, 1-турунда анкета жана дилбаян жазып жөнөткөм. Андан өтүп, экинчи турга аттаганымды билгенде кубанычым коюнума батпай, өзүмдү бактылуу сездим. ЖМА – билим алуу булагы деп айтсам жаӊылышпасам керек. Бул академия билимге суусаган, алдыда чоӊ максаттары бар жаштар үчүн чоӊ мүмкүнчүлүк. ЖМА окуу үчүн бардык шарттарды түзүп берет. Жатакана, китепкана, акысыз интернет кошулган компьютердик бөлмө, анан да күн сайын үч жолу ысык тамак берилет. БААУ китепканасынан жатаканага чейин автобус жеткирип турат.
Академия менин жашоомду толугу менен өзгөрттү. Мугалимдердин баары жогорку деӊгээлдеги билимге ээ. ЖМАда өзүӊдү ар тараптан сынай аласыӊ. Мисалы, мен көптөгөн ийримдерге жана волонтёрдук, кайрымдуулук иштерине катышып келем. ө
Урматтуу абитуриенттер, мен силерди ЖМАга тапшырууга чакырам. Ар бириӊер академиянын студенти боло аласыӊар, жөн гана өзүӊөргө ишенүүӊөр керек. Билим алуу эч качан кеч эмес. Биздин өлкөгө билимдүү адамдар керек!

Зарина Муратбек кызы: «БУЛ ОКУУ ЖАЙДА БААРЫ ӨЗГӨЧӨ»
– Мен Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия-жатак мектебинен окууну аяктагам. Мектепте жакшы баага окуган эмесмин, бирок мектептен тышкаркы иштерге активдүү катышкам. Окууну бүтүп жатканда кайсы ЖОЖго тапшырсам деп ойлонуп жүргөм. Октябрь айында бул академиядан келишип ЖМА жөнүндө түшүндүрүп беришти.
Англис тилин мектепте төрт деген баага окугам. Менин ЖМАга өтүшүмө ата-энем ишенген эмес, бирок аракет кылып өтүп кеттим. Бул академияга келгенимде эле аябай таӊ калгам. Мен элестеткен окуу жайы, жатакана, баары өзгөчө. Пландарым абдан көп. Алар ишке ашыш үчүн ЖМАны ийгиликтүү аяктап, БААУда окуумду улантам.

ИСЛАМ САМАТ УУЛУ: «ЖМАга ӨТКӨНҮМДӨ АЯБАЙ КУБАНГАМ»
– Мен документ чогултуп баштаганда чочулагам. 2 жумадан соӊ керектүү кагаздарды дайындап бүттүм. Дил баянды 2 айга чукул жаздым окшойт, себеби бул мен үчүн оор жумуш болду. Документтерди тапшырган соӊ коӊгуроону чыдамсыздык менен күтүп жүрдүм. Анан эле финалга өткөнүмдү кабарлап кубантышты. Финалда маектешүү болуп жана англис тилин билүү деӊгээлимди текшерген тест тапшырдым. Бир айдан кийин мен Жаӊы муун академиясына өткөнүмдү чалып кабарлашты. Ал учурда менде кандай сезимдер болгонун сөз менен жеткире албайм.
Бизди ЖМАнын бүтүрүүчүлөрү тосуп алышкан эле. Бардыгыбыз Кыргызстандын ар кайсы бурчунан келгендиктен алар бизге шаарды көрсөтүп, кайсы маршруткага түшүшүбүзгө чейин үйрөтүштү. Кошумча түрдүү оюндарды уюштуруп, жаӊы тапшырган студенттердин баарын биримдикте болууга үйрөтүштү. Ошондо «жашооӊор 180 градуска өзгөрөт» дешкен эле, чындыгында эле ошондой болду.
Өткөн жылга салыштырмалуу англис тилин дагы жакшы үйрөндүм. Бул жерге келгенде гана али көп нерсени үйрөнүшүм керек экенин түшүндүм. Бизге эӊ мыкты мугалимдер сабак беришет. Алар мага Орто Азиядагы Америка университетине биринчи эле экзаменден өтүүгө жол көрсөтүштү. Мен эл аралык жана салыштыруу саясаты факультетин тандадым. Жаӊы окуу жылынан тартып университетке толук кандуу студент болуп кирүүнү пландап жатам. ЖМАга тапшыргысы келген окуучуларга өзүӊөргө болгон ишеним күчтүү болушу керек, ошондо көздөгөн максатыӊарга жетесиӊер деп айтар элем.

ЖМАнын СТИПЕНДИЯСЫНЫН НЕГИЗГИ ТАНДОО ТАЛАПТАРЫ:

• Кыргызстандын жараны болуу;
• Англис тилин орто деӊгээлде көргөзүү;
• 11-класстын, колледж же институттардын бүтүрүүчүсү болуу абзел.

ЖМАнын СТИПЕНДИЯСЫНА ТАПШЫРУУГА ЭМНЕ КЕРЕК?
1-баскыч: ЖМАнын стипендиясына тапшырууда атайын билдирменин бланкын жана башка керектүү документтерди 2015-жылдын 10-апрелине чейин тапшыруу.
ЖМАнын стипендиясына жибериле турган билдирменин бланкын ЖМАнын сайтынан
(www.nga.auca.kg) жана ЖМАнын аймактардагы өнөктөштөрүнүн кеӊселеринен алууга болот.
Америка борбору, БАТКЕН шаары, Баткен мамлекеттик университети, Юсупов көчөсү, 21.
Тел.: (03622) 3-62-25, электрондук дарек: middin@mail.ru
Билим берүү кеӊеш борбору, ОШ шаары, Ош облустук китепканасы, Курманжан датка көчөсү, 271.
Тел.: (03222) 5-66-62, электрондук
дарек: educforall@rambler.ru
Америка борбору, ЖАЛАЛ-АБАД шаары, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Ленин көчөсү, 57,
3-кабат, электрондук дарек: ordosujalalabad@gmail.com
Америка борбору, КАРАКОЛ шаары Ысык-Көл облустук китепканасы, Коёнкөзов көчөсү, 35.
Тел.: (03922) 4-09-94, электрондук дарек: samohinaolga@mail.ru
Америка борбору, НАРЫН шаары Нарын облустук китепканасы,
Ленин көчөсү, 33.
Тел.: (03522) 5-18-83, электрондук дарек:narynac@gmail.com
Америка борбору, ТАЛАС шаары, Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык бөлүмү, Ч.Айтматов көчөсү, 192. Тел.: (03422) 5-42-37, электрондук дарек:
ackgtalas@gmail.com
ЭСКЕРТҮҮ! Көрсөтүлгөн даректер аркылуу барып сиздер окууга тапшыруудагы билдирменин бланкын гана ала аласыздар.
Толтурулган документтерди төмөнкү дарекке жиберүү керек: 710040 Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 205,
323-бөлмө, ЖМАнын кабыл алуу боюнча кеӊсеси.
Байланышуу үчүн маалымат Веб-сайт: www.nga.auca.kg
Электрондук дарек:
nga@mail.auca.kg
Тел.: + 996 (554) 55 09 39
Сиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз!
American University of Central Asia – AUCA – NGA
www.nga.auca.kg
Суроолоруӊуздар болсо иш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин кайрылыӊыздар.
Англис тилден тестирлөө жана ЖМА өкүлдөрү менен маектешүү;
ЖМА стипендиясы сынагынын жарым финалчылары англис тилден тестирлөөгө жана ЖМАнын өкүлдөрү менен маектешүүгө чакырылат. Тестирлөө жана маектешүү Кыргызстандын бардык аймактарында жана Бишкек шаарында өтөт. Стипендияны алуучулар тест жана маектешүүдөн өткөн жарым финалчылардын арасынан тандалып алынат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
kursantvs
2015-03-31 23:30:13
Урматту админ Кыргыз Республикасынын аскердик институту жонундо да жазыныздарчы сураныч
0
Ayka1994
2015-04-04 17:08:39
БААУнун толук айтылышы кандай болот. Жана ага ЖОЖду буткондор да тапшырса болот бекен жана кандай адистиктер бар ошол жонундо да маалымат бериниздерчи
0
timasel
2015-04-04 17:17:50
Ayka1994,
Борбор Азиядагы Америка Университети болот болуш кк
0
№ 647, 27-март-2-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан