БИШКЕКТЕ «ЛЕГЕНДА» АТАЛЫШЫНДАГЫ МОТОЖҮРҮШ ӨТТҮ

Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору 22-мартта Бүткүл дүйнөлүк суу күнүнө карата уюшулган мотожүрүштүн күбөсү болушту. Бул саамалыктын уюштуруучулары «Tien-Shan Legend» жана «Шоро» соода маркалары болду.
Мотоциклчендердин тизмеги бир гана борбор калаанын көчөлөрүн басып өтүү менен чектелбестен, бир нече жерден токтоп, суу тематикасына байланыштуу мелдеш, викториналарды өткөрүп жатышты. Шаардын тургундарынын маанайларын майрамдык деӊгээлге көтөрүү үчүн секирип бийлеген чирлидер бийчи кыздар «Легенда» суусу тууралуу ыр саптарын айтып, бийлеп өтүштү.
Мотожүрүштүн катышуучулары жалпы 25 чакырым жолду басып өтүп, ал ортодо 10 чакты ирет тыныгуу жасап, түрдүү оюн-зоокторду уюштурушту.
1993-жылдан бери БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясына ылайык, 22-март Бүткүл дүйнөлүк суу ресурстарынын күнү катары белгиленет. Бул күн Жер шарындагы бардык адамдарга адамзатынын жашоосу үчүн суу өтө маанилүү экенин эскертүү үчүн белгиленип келет. 22-мартта дүйнөдөгү бардык өлкөлөргө жана андагы ар түрдүү уюмдарга БУУ тарабынан суу ресурстарын коргоо жана аны сактоо үчүн улуттук деӊгээлде конкреттүү аракеттерди көрүү тууралуу чакырык ташталган. Мына ушул чакырыкты кабыл алып, Кыргызстандагы табигый сууну өндүрүүчү ири ишканалардын бири болгон «Шоро» компаниясы акыркы 3 жылдан бери уникалдуу мүмкүнчүлүктү колдонуу менен жалпы журтту сууну үнөмдүү пайдаланууга жана сактоого, экологиялык жактан коргоого алууга үндөп келет.
«Биздин компания Кыргызстанда биринчилерден болуп БУУнун демилгесин колдогондордун сап башында турат десем болот. Бүткүл дүйнөлүк сууну коргоо күнүндө өткөрүлгөн иш-чараларыбыздын максаты – элди суу ресурстарын коргоого алууга үндөө болуп саналат. Кезектеги уюшулган иш-чаранын жүрүшүндө биз «Легенда» деген аталыштагы мотоциклчендердин командасын түзүп, 5 сааттык мотожүрүш уюштурдук. Улуттук компания болгондон кийин биз коомдогу сууга байланыштуу көйгөйлөрдү түшүнүп гана тим болбостон, аларды чечүүнүн жолдорун да издеп келебиз. Биздин суу боюнча демилгебизге башка ишканалар, бирикмелер да кошулуп, коомчулук болсо тереӊ көӊүл буруп, колдоп беришет деп ишенгим келет»,- деген оюн «Шоро» компаниясынын жаратылыш суулары боюнча бренд-менеджери Дильбар Тургунбаева билдирди.

Катышуучулар чирлидерлердин бийине күбө болуп, акысыз суу жана сувенирлерди алышты.

Акция Түштүк магистраль менен Тынчтык кеӊ көчөсүнүн кесилишинен старт алды.

Бүткүл дүйнөлүк суу күнү 1993-жылдан бери 22-мартта белгиленип келет.

Наргиза Койлубаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 647, 27-март-2-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан