Силер билесиңерби?
Табияттын жаман аба ырайы жок
Кыргызстандын табияты эң сонун. Мына жылдын төрт мезгилин эле алалы. Кышы-кыштай, жайы-жайдай. Ак төөнүн карды жарылган күзүчү... Ошентсе да баарыбызды жыл сайын күз аяктап баратканда “быйыл кыш кандай болот?” деген суроо тынчытпайт. Биз да бул суроого жооп издедик.
СИНОПТИКТЕР ЭМНЕ ДЕЙТ?
Кыргызстан синоптиктеринин аба ырайына карата берген божомолдору дайыма эле так келе бербеси жалпыга маалым. Ошентсе да жалпы жоромолду билип алууга болот. “Жалпы кыш мезгили боюнча божомол айта албайбыз. Мындай жоромолду Кыргызстан эмес, бүткүл Борбор Азияда эч бир мамлекеттин синоптиктери жасай алышпайт. Биз, болгону, бир айга алдын ала жоромол жасайбыз”,- деп билдирет Гидрометеорология башкы башкармалыгынын аба ырайын алдын ала жоромолдоо бөлүмүнүн кызматкери Махбуба Касымова.
Ошентип, синоптиктердин айтымында, декабрь айында абанын температурасы республикабыздын көпчүлүк аймактарында климаттык нормадан ашпайт. Чүй, Талас облустарында декабрь ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0 -5 градус сууктан -11 -16 градуска чейин болсо, күндүзү 0 -5 градус сууктан +7 +12 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу эмес аймактарында абанын температурасы түнкүсүн -1 -6 градустан 0 +5 градуска чейин термелип турса, күндүзү +1 +6 градустан +6 +11 градуска чейин жылуу болушу ыктымал.
Нарын облусунун аймактарында аяз түнкүсүн -2 -7 градус сууктан -25 -30 градуска чейин жетиши мүмкүн. Күндүзү 0 -5 градустан -13 -18 градуска чейин суук болушу күтүлөт.
Ысык-Көл өрөөнүндө да декабрь ичинде суук жылдагы нормадан ашпайт. Алсак, абанын температурасы түнкүсүн -2 -3 градус сууктан -5 -10 градус суукка чейин термелип турса, күндүзү -2 градус сууктан +8 градуска чейин жылуу болушу мүмкүн.
Кыштын биринчи айында жаан-чачын көпчүлүк аймактарда жылдагы нормадан көбүрөөк болот.
КЫРГЫЗСТАНДА ДЕКАБРЬ АЙЫ
Жылуу болгон жылдар
Суук болгон жылдар
ЭЛДИК ИШЕНИМДЕРГЕ КАЙРЫЛСАК...
Кыргыз эли илгертеден метеорологдордун жоромолусуз эле күн кандай болорун алдын ала билип, ошого жараша кам көрө алышкан. Курт-кумурскалар, куштар, бак-дарак, жаныбарлар ата-бабаларга аба ырайын алдын ала билдирүүчү курал болуп берген. Куштардын учканын, курт-кумурсканын кыймылын же бак-дарактын кантип саргайып, жалбырак таштаганына баам салып эле келерки кыш, жаз кандай болорун биле алышкан. Төмөндө алардын айрымдарына токтоло кетсек.
Орусиялык синоптиктер быйыл кыш былтыркыдан катаал, суук болорун айтышууда. Тилекке каршы, Кыргызгидромет үч айга карай алдын ала жоромол кыла албайт. Андыктан элдик ишенимге таянып, декабрь ичи аба ырайы жаанчыл, бирок жылуу болсун деп тилейли. Анткени жыл түшүмдүү болот.
Синоптик катчы кызга келерки күндүн аба ырайын окуп берип жаздырууда.
– Жекшемби күнү жаан жаайт, абанын температурасы...
– Ай-ата! Мен жигитим менен жолугуп, сейил бакта сейилдейин дебедим беле?!
– Андайың бар беле? Макул, анда жаан жаайт дегенин өчүрүп сал.
Шаиста Шатманова
koom@super.kg
«Супердин» сурак бурчу
СИЗГЕ ЖЫЛДЫН КАЙСЫ МЕЗГИЛИ ЭМНЕСИ МЕНЕН ЖАГАТ?
Аида, 19 жашта, студент:
– Мага күз жана жаз мезгили жагат. Анткени жашоомдо болгон жакшылыктардын баары негедир жылдын ушул мезгилдерине туш келет. Жазында жаңы жашоо башталат. Ал эми күзүндө той-топурлар көп болуп, элдин да маанайы ушул мезгилде өзгөчө жайдары сезилет.
Эсен, 50 жашта, менеджер:
– Мага бардык мезгил жагат. Ар бир мезгилдин адамзатына пайдалуу жактары бар. Мисалы, жазында айдоо иштери башталса, жайында алар бышат, күзүндө жыйнап алабыз. Ал эми кышта жааган кар кийинки түшүмдүн камын көрөт. Ар бир жыл мезгили өзүнчө керемет.
Фатима, 37 жашта, жеке ишкер:
– Жай мезгилине не жетсин. Жайында көп жумуштар бүтөт эмеспи. Мисалы, курулуш иштери башталат. Кээ бирлер бүтпөй жаткан үйлөрүн бүтүрүп алышат. Дасторконуңда жер-жемиштин түрү жайнап дегендей. Жыл бою иштеп чарчагандар эс алууга чыгышат.
Топчубай, 43 жашта, мугалим:
– Ар бир мезгилдин мага жаккан жана жакпаган жактары бар. Мисалы, кыштын кымбатчылыгы, суугу, жайдын мээ кайнаткан аптабы, жаздын жаанчылдыгы, күздүн бирде суук, бирде ысык болуп кеткени жакпайт. Ушулары эле болбосо, ар бир мезгил өзүнчө кызыктуу.
Нурзат, 26 жашта, тарых мугалими:
– Кышында аппак кар жаап турса, жомоктой көрүнөт. Негизи, кар абаны тазалайт эмеспи. Бишкек шаарыбыздын үстүн жайкысын карасаң, тим эле кара түтүн чулгап турат. Кышкысын бул түтүн кадимкидей суюла түшөт. Адамдар да кышында чыйрак, сергек болуп калышат.
Улан, 30 жашта, юрист:
– Эң жаман көргөн жыл мезгилим – кыш. Баарынан да мага калың кийинген жакпайт. Жер үйдөгүлөрдө көмүр алыш керек деген баш оорутуу башталат. Светти да кычап кышында өчүрө башташат. Жай мезгили абдан жагат. Жашоо да жеңилдеп калат.
Айнагүл, 47 жашта, ашпозчу:
– Мага кыш абдан жагат. Кышында кар жаап турса, жылуу кийинип алып сейилдегенди абдан жактырам. Мындай сейилдөөдөн кийин өзүңдү жашарып калгандай сезесиң.
Бахияна Сатылганова