ОРУС ЖЫЛДЫЗДАРЫ БИР КОНЦЕРТТЕ КАНЧА АКЧА ТАБЫШАТ?

ЭҢ БААЛУУ ЫРЧЫЛАР
Орус эстрадасында эң кымбат ырчылардын бири болуп Алла Пугачёва саналат. Алланын бир номери үчүн алган орточо гонорары 30 миңден 40 миң долларга чейин жетет. Ал эми анын экс-күйөөсү Филипптин гонорары да Алланыкынан кем калбайт. Ошондой эле бул эки ырчынын ка­тарын дагы эки жылдыз толуктайт. Ал­ар: жагымдуу үндүү София Ротару жана көпчүлүктүн көңү­лүн ачкан Верка Сердючка. Аталган төрт жылдыз учурдун гонорарды көбүрөөк талап кылган лидер ырчылары.

ДИМА БИЛАН
Жогоруда аты аталган төрт ырчынын катарына ушул жылы жаш ырчы Дима Билан кошулду. Бир жыл мурун бир номери үчүн 5 миң долларга ыраазы болгон Диманын учурдагы баасы 30 миң долларга чейин же­тет. «Евровидениеге» барып экинчи орунду алып келген соң, ырчынын наркы тез көтө­рүлгөн. Айта кетсек, жакында Димага британиялык гейлердин журналы сүрөткө түшүп берүүсү үчүн 192 миң доллар сунушташкан. «Гейлердин журналына сүрөткө түш­көндөй мен гей эмесмин да» деген ырчы сунуштан баш тарткан. Анткени, ырчы жигитке андан дагы кирешелүү сунуштар түшүп жатканы белгилүү.

«ВИА ГРА»
Популярдуу топтордун бири «Виа Гранын» учурда бир концерттик гонорары да чоң сумманы чапчыйт. Топ Россиянын Чебоксары шаарына барып, концерт койгондо кыздарга концерттин уюштуруучулары 30 миң доллар төлөп беришкен. Анткени, кыздар көнүп калган мыкты делген ресторандарда ырдашпастан, шаардын кийим саткан базарында өз өнөрлөрүн тартуулашкан. Анын үстүнө бул концертти көрүүчүлөр акысыз көрүшкөн.

АЛСУ
Көпчүлүк ырчылардай болуп Алсу туулган күн, маараке, тойлорго барып ырдабайт. Болгону кээ бир учурда көңүл кыйышпас белгилүү адамдардын тойлоруна барып ырдайт. Ал эми ырчынын бир номеринен алган гонорары 15 миң дол­ларга жетет.

МАКСИМ ГАЛКИН
Сүйлөө жанры боюнча эң кымбат артист Максим Галкин болуп саналат. Ал Михаил Зодорнов, Евгений Петросян өңдүү белгилүү болгон артисттерден да көп гонорар алат. Анын бир концертте аткарган бир эле номери 10 миң долларды чапчыйт. Максим көп тармактуу артист болгондуктанбы, айтор, наркы өтө жогору.

15 МИҢДЕН 30 МИҢГЕ ЧЕЙИН...
Бир номери үчүн 15 миңден 30 миң долларга чейин гонорар алган ырчылардын катарына Ирина Аллегрова, Лайма Вайкуле, Кристина Орбакайте, Валерий Леонтьев, Николай Басков, Маша Распутина, Олег Газманов, Витас сыяктуу кадыр-баркка ээ болгон ырчылар кирет. Бул ырчылар концерттен түшкөн акчаны күтпөстөн гонорарды алдын ала талап кылышат. Булардын ичинен бир гана Валерий Леонтьев касса менен иштешет. Анткени, ал элдин келишине жараша гонорар алат.

10 МИҢДЕН 16 МИҢГЕ ЧЕЙИН...
Бир номеринен 10 миңден 16 миң долларга чейин тапкан ырчылардын катарына Игорь Николаев, Александр Розенбаум, Анжелика Варум, Лариса Долина, Жанна Фриске, Надежда Бабкина, Наташа Королёва, Лолита, Глюкоза, «Любэ», «Ума Турман», «Звери», Жасмин өңдүү абройлуу ырчылар, топтор кирет. Бул ырчылардын катарына кирген Жасминдин наркы жолдошу менен болгон ызы-чуудан кийин бир нече долларга өскөнү маалым болгон.

7 МИҢДЕН 10 МИҢГЕ ЧЕЙИН...
Бир номеринин акысы 7 миң доллардан 10 миң долларга чейин бааланган жылдыздардын арасында Дмитрий Маликов, Лев Лещенко, Борис Моисеев, Александр Маршал, Анастасия Стоцкая, Диана Гурцкая, Шура, «Отпетые Мошенники», «А-Студио», «Непара», топтору бар. Өзүнүн оригиналдуу имиджи менен көпчүлүк ырчылардан айырмаланып келген Шура Барнаулга концерт койгону барган. Концерттин уюштуруучулары эмгек акысын сураганда 8 миң деп жооп берген. Концерттин башталаарына 20 мүнөт калганда ырчы 8 миң долларды талап кылат. Анын 8 миң дегенин 8 миң рубль деп түшүнүп алган уюштуруучулар эмне дээрин билбей калышкан. «Мындай суммага ырдап шылдың болгум келбейт» деген Шура музыка коюучу аппаратураларын жыйнап алып кетип калган.

2500ДӨН 5 МИҢГЕ ЧЕЙИН...
Ырчылык өнөрү менен 2500 доллардан 5 миң долларга чейин арзыган ырчылардын катарында Влад Сташевский, Ирина Салтыкова, Юля Савичева, Линда, Марина Хлебниковалар бар. Эсиңиздерге сала кетсек, «Чашкой кофею» аттуу ыры популярдуу болуп турган кезде Марина Хлебникова мындан эки эсе көп гонорар тапкан. Ыр популярдуулугун жоготкон соң, ырчынын да наркы төмөн­дөгөн.

5 МИҢДЕН 7 МИҢГЕ ЧЕЙИН...
Бир эле номер аткарып 5 миң доллардан 7 миң долларга чейин тапкан ырчылар Алёна Апина, Татьяна Буланова, Лада Дэнс, Юлия Чичерина Слава, Нарцисс Пьер, Стас Пьеха, Мурат Насыровдор жана «Гости из Будущего», «Пропаганда» топтору бар.

800ДӨН 1500ГӨ ЧЕЙИН...Гонорары 800 доллардан 1500 долларга чейин жеткендердин курамында Андрей Губин, Серёга, топтордон «Фабрика», «Би 2», «Чай вдвоём» бар. Бул ырчылардын катарына Серёга «Чёрный бумер» аттуу ырынан улам кошулган. Ал эми чыныгы фанаттары ырчыга кээде мындан да көбүрөөк акча карматышат.

500ДӨН 700 ДОЛЛАРГА ЧЕЙИН...Бир номерлик гонорары 500-700 долларга чейин жеткен топторду айта кетсек, алар «Премьер Министр», «Корни», «Иванушки Интернешинал», «Блестящие», «Динамит» жана башкалар.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 213, 1-7-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан