СИНГАПУР – МИЛЛИОНЕРЛЕР ӨЛКӨСҮ

23-март күнү дүйнөнүн беделдүү инсандарынын бири, Сингапур мамлекетин түптөгөн Ли Куан Ю 92 жашында каза болду. Ал 30 жыл аралыгында эч бир ресурсу жок кичинекей аралды ааламдагы эӊ өнүккөн өлкөлөрдүн катарына киргизип, Сингапурду миллионерлердин өлкөсүнө айланткан.

Cингапур Республикасы Түштүк-Чыгыш Азиядагы Малакка жарым аралындагы Малайзия жана Индонезиянын аралдары менен чектешкен мамлекет. Карамагына жалпы 63 арал кирет.
Борбору – Сингапур шаары
Жалпы аянты –718, 3 чарчы чакырым (бул болжол менен Чүй облусунун аймагынан 3 эсеге кичине)
1960-жылдан тарта сайроондук мелиорация менен аймагын кеӊейтип келет. 1960-жылы өлкөнүн аймагы 581 чарчы чакырым гана болгон. Божомолдоолор боюнча, 2030-жылга чейин дагы 100 чарчы чакырымга кеӊейет.
Калкы – 5, 31 миллион
Алардын 77 пайызын кытай, 14үн малайлыктар, 7син индустар жана калган 2 пайызын башка улуттар түзөт.
Башкаруу системи – парламенттик

Ли Куан Ю
Туулган жылы 1923-жыл, 16-сентябрь (2015-жылдын 23-мартында каза болду)
Туулган жери – Сингапур
Билими – Раффлз колледжи (Сингапур), Кембридж университети (Лондон)
Кызматы – Сингапур премьер-министри (1959-1990-жылдар), улуу министр (1990-2004-жылдар), министр-кеӊешчи (2004-2011-жылдар)
Артында 2 уулу жана бир кызы калды

ИЧЕРГЕ СУУ ТАБЫЛЧУ ЭМЕС...
Түштүк-Чыгыш Азиядан орун алган Сингапур убагында Кытай, Япония жана Улуу Британия өлкөлөрүнүн колониясы болуп келген. 1951-жылы Сингапур Британия империясынын карамагындагы өз алдынча башкаруучу өлкө статусун алган. Ал эми Ли Куан Ю анын премьер-министри болуп шайланган. 1965-жылы гана өлкө көз карандысыздыкка ээ болгон. Бул учур өлкөнүн келечеги үчүн эӊ маанилүү болсо да, андагы эл үчүн оор мезгил эле. Сингапурда ал кезде жаратылыш ресурсун мындай кой, ичерге таза суу табылчу эмес (таза сууну коӊшу Малайзия өлкөсүнөн сатып алышчу).

ЖҮРГҮЗҮЛГӨН САЯСАТ
Түбү кытайлык Линин саясатка аралашуусу Япониянын Экинчи дүйнөлүк согушта Сингапурду басып алуусунан башталган. Анын «Мен саясатка өз эрким менен келген эмесмин. Япондор жашоомо саясатты алып келишкен»,- деп айтканы бар.
Экономикадагы жана коррупция менен күрөшүүдөгү ийгиликтер биринчи кезекте авторитардык режимдин негизинде жүргөн. Өлкө элинин диктатордук режимде турмуш деӊгээлинин бийиктиги дүйнө жүзүн таӊ калтырбай койбойт. Ли Куан Ю башынан эле шайлоого, сөз эркиндигине кыйыр карачу. Ал саясаттын нечен кылымдар бою түптөлгөн принциптерин талкалап, оппозициясыз, сөз эркиндигисиз жана алмашкыс жетекчи менен эле күчтүү мамлекет түптөй алды.
Көз карандысыздыкты алгандан тарта Сингапур англис тилине басым жасаган. Бул өлкөдөгү кытай, малай жана башка улут үчүн бул тил «нейтралдуу» болгондон тышкары эл аралык инвесторлор үчүн да жагымдуу болчу. Инвесторлордун келиши менен Сингапур үчүн жаӊы тарых беттери ачылган.

БИРИНЧИ ДУШМАН – КОРРУПЦИЯ
Коррупция менен күрөш мурунку эки ача келген мыйзамдарды жокко чыгарып, ачык жана жөнөкөй эрежелерди киргизүүдөн башталган. Соттордун маянасы көтөрүлүп, судьялыкка мыкты делинген жактоочулар тартылган. Мисалга, соттордун 1 жылдык маянасы 1990-жылдары 1 миллион доллардан ашкан. Ошондой эле ал уюшкан кылмыштуу топторду да жоготкон. Полиция кызматынан малай улутундагылардын баары бошотулуп, жалаӊ кытай улутундагылар алынган.
Мамлекеттик кызматта иштегендердин айлыгы да көтөрүлүп, коррупция менен күрөшкөн бюронун ыйгарым укуктары кеӊейтилген. Жогорку чиндеги бийлик өкүлдөрүндөгү коррупция менен күрөшүүчү көз карандысыз орган түзүлгөн (иликтөөлөр Ли Куан Юнун жакын туугандарына да каршы жүргүзүлгөн). Коррупцияга аралашкан бир катар министрлер жана жогорку даражадагы аткаминерлер ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылган же өмүрлөрүнө кол салышкан. Кээ бирлери чет өлкөлөргө качып кетүүгө аргасыз болушкан. Ал тургай Ли коррупцияга аралашкан өзү менен үзөӊгүлөш жүргөн аткаминерлерди да аяган эмес. Мындай саясаттын жыйынтыгында Сингапур азыркы мезгилде коррупция аз кездешкен өлкөлөрдүн алдыӊкы ондугуна кирет.

КАТААЛ ЖАЗА КИРГИЗГЕН
Оор жазалар киргизилгендиктен, жергиликтүү калк да, туристтер да тартиптүү. Мисалга, коомдук жайда тамеки чеккендерге, сагыз чайнагандарга же көчөгө түкүрүп койгондорго миӊ долларга чейин айып салынат. Таштандыны урнага салбасаӊыз да ири өлчөмдө айып пул төлөйсүз жана бул адатыӊыз экинчи жолу кайталанса, абакка отуруп калышыӊыз мүмкүн. Ал эми баӊгизат колдонгондор же саткандар өлүм жазасына тартылат.
Ошондой эле Ли дене жазаларын эффективдүү жаза деп эсептеп, жыйынтыгында дене жазасы киргизилген. Кылмыш-жаза кодексиндеги 40тан ашуун берененин жазасы – балак алуу сыяктуу жазалоолор.

ТЕХНОЛОГИЯЛЫК БОРБОРГО АЙЛАНУУ
1968-жылы алгачкы инвестор «Texas Instruments» компаниясы Сингапурда электр тогун өткөрүүчү буюмдардын өндүрүшүн баштаган. Бул компания аралга башка дагы технологиялык компаниялардын келишине жол ачкан. Жыйынтыгында АКШнын ири корпорациялары Сингапурдун ири технологиялык борборуна айлануусунун пайдубалын түптөгөн. Учурда бул өлкөдө технология жаатындагы дүйнөлүк ири компаниялардын дээрлик бардыгы ишмердүүлүк жүргүзөт. БУУнун маалыматы боюнча, 2014-жылы эле Сингапурга 81 миллиард АКШ доллары инвестицияланган.

АР БИР ЖЕТИНЧИ АДАМ МИЛЛИОНЕР
Учурда Сингапур Дүйнөлүк банктын рейтинги боюнча бизнес кылуу үчүн эӊ ыӊгайлуу жер деп табылды. Буга себеп өлкөдөгү салыктын аздыгы жана ишкерлерге көрсөткөн колдоонун жыйынтыгы. Ли Куан Ю Сингапурду 30 жыл башкарып, бул убакыт аралыгында өлкөнүн ички дүӊ өндүрүмүн 30 эсеге өстүрө алган. Учурда Эл аралык валюталык фонддун көрсөткүчү боюнча Сингапурдун ички дүӊ өндүрүмү 51 650 АКШ долларын (Кыргызстанда 1160 доллар) түзөт. Бул көрсөткүч менен дүйнөдөгү бай өлкөлөрдүн тизмесинде 3-орунда турат.
Эли бай, калкынын ар бир жетинчиси миллионер. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына караганда, Сингапурдун миллионеринде бери дегенде 4,5 миллион АКШ доллары бар.
Бардык эле өлкөнүн лидерлери же саясатчылары Сингапурдун кантип ушул деӊгээлге жеткенин окуп чыкса керек. Бирок эмне үчүн алар Ли Куан Юдан мамлекет башкарууну үйрөнүүнү каалашпайт? Буга жооп анын айткан сөзүндө жатат: «Коррупция менен күрөшөм десеӊ, алгач үч досуӊду түрмөгө кама. Эмне үчүн камалганын алар да, сен да билесиӊ". Ачыгын айтканда, мындай саясат бардыгына жага бербейт.

Сингапур XX кылымдын жарымында гана көз карандысыздыкка ээ болуп, эӊ жакыр өлкөлөрдүн катарында эле.

Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (54)
saulet2009
2015-04-02 11:06:57
Керелден кечке чондорду жамандагандан коро озубузду семьябызды тарбиялайлы туугандар.Корупция дейбиз ага да чондорду туркон озубуз.Балам жаш эле камалып кетпесин деп жан талашабыз,ар бир сотко пара берип.Ошонун ордуна мейли кылмыш кылыптыр жазасын алсын,акыйкат чечим чыгарсын дей албайбызго.Эмнеге?Параны озубуздун кызыкчылыгыбыз учун берип журуп баарын кондуруп бутконбуз.Даже азыр россиядада кондуруп койушкан биздикилер.
+1
nazira1989
2015-04-03 07:52:08
Коррупция менен ушундай курошсо,бизде университеттер ректор,декансыз,генерал,сотторсуз,депутаттарсыз ак уй да ээн калмак...
+1
hairullo
2015-04-03 10:15:03
Урматтуу кыргыз элим, адамдын жашоосу ниетине жараша дегендей, азыр силердин жазгандарынарды окуп, кейип кеттим. Бул -Сингапур олкосу чындыгында эн начар жашоодон эн алдынкы жашоого чыга алган олко. Ар кандай духту тушуро турган создорду айта бербей, жакшы жактарын кабыл алсак. Коррупция м.н курошуш учун айлыктарын которуш керек. айлыкты которуш учун бюджетти кобойтуш керек. А бюджетти кобойтуш учун, ишкерлерди сыгыш керек. Ишкерлерди сыгайын десен кайра эле коррупция. алар акча сунуштайт. Анын
0
hairullo
2015-04-03 10:36:09
Кырг.ндын бюджетинин 1жылдык расходу 90млрд сом(орточо).
1-Ашыкча кызматтарды жоюу, алар миндеп саналат. Кырг.н мам.кызматкерлердин саны б.ча алдынкы орундарда. Примерно 30% азайтуу.
2-Салык системасын Россиянын системасынан ажыратып (аларда ресурс бар, бюджетин газын, токойун сатса да толтуруп алышат), ишкерлер пайдасын жашырбай, ачык иштей турган кылуу. Ишкерлердин реалдуу пайдасынан салык алуу, мис.кунуно 500с тапканы деле, кунуно 50мин с тапканы деле патент м.н иштейт. Ал учун с
0
Kalin466
2015-04-03 17:34:48
Озумдун олкомдун кебетесин,тегерегимдеги акыр чикирди,какырынып чимкирген балдарды коруп эх деп ушкурунуп алдым.
+1
jypar.i
2015-04-05 20:14:15
Kalin466,мен болсо ыйлагым келип кетти
0
asiana
2015-04-04 11:40:06
30 жылда ушундай денгелге жетсе ,Кыргызстанга 25 жыл болду эгемендуу болгонубузга ,биз эмнеге жетиштик? Бирок ардайм ушунусуна да шугур деп, алдыга умтулушубуз керек.
+1
asiana
2015-04-04 11:47:49
hairullo
ишкерлерди сыгыш керек депсин. андан башка жол жокпу?мейли ишкерден акчаны алды,анан алынган акча туура жолго колдонулуп атабы ошол маселе?
0
nursultan93
2015-04-04 17:50:18
Бул жерде жазгандардын бары акылдуу ошондо биздин чондор акылсыз же бизге биро кылып бериш керекби. Чондор эмес биз озубуздо акыл жок биздида ошол жерге койсо бизда ошолорго окшоп жейбиз. Же айткылачы ким кыргызстан учун жанын курбан кыла алат биробуздунда колубуздан келбейт
0
jypar.i
2015-04-05 20:16:15
nursultan93,апрель окуясында барып канчалар курман болду,канчалар жапа чекти, а бирок алар ашып кетсе 20пайыз эле экен,мына ошол окуя унутулуп эле калбадыбы.
0
Ern
2015-04-04 20:25:37
Анан буларда Сингапурда бизнесмендерге колдоо көрсөтөт экен,а бизде тескерисинче ээми бизнесиңди өнүктүрүп баштасаң бир кыйын келип налог салып кетет, сенин бизнесиңди биз коргоп беребиз деп, өздөрүнчө эле баатыр.
+1
nursultan93
2015-04-05 10:23:07
Колундан келсе сенда ошолорго окшоп баатыр бол
-1
elgiz0890
2015-04-05 13:06:02
азыркы ак уйдогу карышкылар кетмейинче кыргызстан онуго албайт
0
kama_future_millioner
2015-04-05 22:27:01
Жакшылыктан умутту узбөйлү
0
Asus77
2015-05-17 18:08:53
Kana emi bizdin mamleket bashchylarybyzga ynsap berip korrupsiyadan kutulup alsak,bizda onugup ketmekpiz
0
Jyrgalbek_kg12
2016-03-14 22:35:50
Буюрса Кыргызстаныбыз да туризмдин мекенине айланганы турат.Баары жакшы болот,бирок бугун эмес,албетте бир кун.
0
admin_superstan
2017-05-08 09:30:10
AKCAHAT, гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
№ 647, 27-март-2-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан