БООРДУ КӨП ЖЕСЕӉИЗ ТИШ БЕКЕМДЕЛИП, ЧАЧ КОЮУЛАНАТ

Үйдө мал союлган соӊ боорду анча барктабай ич этке кошуп бөлүп салышат. Айрымдар «боор бат бышат, малдын этинен ооз тиели» деп пияз, картошка кошуп кууруп жешет. Демек, боор малдын эӊ алгачкы желе турган органы. Союлган малдын боору таза же оорулуу экенин кантип билсе болот?

Динара Турусбекова, ветеринар: «ЫЛАӉДУУ МАЛДЫН БООРУН КИШИ ЭМЕС, ИТКЕ ДА БЕРБЕШ КЕРЕК»
– Боор эӊ негизги кан тазалоочу орган болуп саналат. Союлган малдын боору таза болсо өӊү кочкул кызыл тартып, жылмакай болот. Кармаганда колго бүдүр илинбеши керек. Ал эми мал ылаӊдуу болсо, анын боорунда ыйлаакчалар болот. Ылаӊы өтүшүп кеткен малдын боорундагы ыйлаакчалар жарылып, боордун өӊү кара кочкул тартып, ыйлаакчалардын ордуна дарттын таякчалары жана бузулган кан уюп калат. Натыйжада боор катып калат да, иштөөсүн токтотуп жаныбар өлүп калат. Мындай малдын боорун мышык, ит сыяктуу үй жаныбарларына берип салса, короодогу мал да, адам да коркунучтуу дарттардан зыян тартышат.
Эӊ кеӊири жайылган эхинококкоз дартын алалы. Оорулуу малдын боорун жеген ит же мышык өздөрү бул дарт менен оорубастан, алып жүрүүчүлөр катары саналат. Алар дарттын өлбөгөн таякчаларын заӊы аркылуу мал-жан оонаган, тамактанган жайларга таштайт. Ал жерден малга жугат. Ал эми малдан адамга жукпайт деген кепилдик жок! Андыктан оорулуу малдын боорун адам өзү жемек тургай, итке да бербеши керек. Эгер малдын боору таза эмес болсо, аны атайын резина кол кап менен гана кармап, полиэтилен баштыкка салып, жерди казып көмүп салуу керек.
Таза малдын боорунда организмге пайдалуу витаминдер, ферменттер бар. Алар организмдеги канды тазалап турушат. Боор абдан пайдалуу болгондуктан аны жаш балдардын жана кош бойлуу аялдардын организмин керектүү витаминдер менен камсыздоо үчүн сунушташат.

БООРДОН ДАЯРДАЛГАН ТАМАКТАР
Боордо бир аз жагымсыз жыт жана бышкандан кийин деле кычкыл тарткан даам болот. Мындан арылуу үчүн боорду бир нече бөлүккө бөлүп, 1 саат муздак сууга чылап коюу керек. Ошондой эле сүткө же атайын кошулмалар кошулуп даярдалган аралашмага салып койсоӊуз, жагымсыз жыт жана даамдан арыласыз. Боорду кууруп, бууга бышырып, ал тургай андан фарш даярдап түрдүү тамактарды жасаса болот. Боорду ашканада колдонууда адамдын бөйрөгү, мээси жакшы иштеп, көрүүсү жакшырат. Андагы керектүү заттар теринин жылмакай болушун шарттап, чач коюуланып, тырмак, тиш бекемделет. Боордун курамындагы гепарин заты кандын тамырларда уюп калышынын алдын алып, тромбоз оорусуна каршы миӊдин бири экенин медицина кызматкерлери тастыкташат.

«ҮЙ-БҮЛӨ» ТАМАГЫ

Керектелүүчү азыктар (3 порция үчүн):
Кой же уйдун боору – 300 грамм
Пияз – 1-2 баш
Сабиз – 1 даана
Ун – 1 чай кашык
Каймак – 100 грамм
Өсүмдүк майы – 3-4 аш кашык
Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:
1. Боорду муздак сууга 1 саат чылап коёбуз.
2. Пияз менен сабизди аарчып, пиязды төрт бурчтук, сабизди узун-узун кылып туурайбыз. Боорду узун, кесек кылып туурап алып, ага ун сээп аралаштырып коюу керек.
3. Көмөч казанга 2 аш кашык май куюп пияз менен сабизди куурабыз.
4. Куурулган сабиз менен пиязды чыгарып, көмөч казанга кайра май куюп, боорду 5 мүнөт кууруу керек.
5. Боордун үстүнө пияз менен сабизди жана татымына жараша туз кошобуз.
6. 100 граммдай сууну үстүнө куюп, каймакты кошуп, капкагын жаап, жай отто 20 мүнөт дымдап коюӊуз.
7. Тамакты фантазияӊызга жараша жашылчалар менен кооздоп, мурч сээп койсо болот.

«СҮЙҮКТҮҮМӨ» ТАМАГЫ

Керектелүүчү азыктар (3 порция үчүн):
Койдун боору – 800 грамм
Майонез же каймак – 300 грамм
Сабиз – 1 даана
Пияз – 4-5 баш
Петрушка, ашкөк, сельдерей – 1ден боо
Лавр жалбырагы – 3-4 даана
Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:
1. Боорду жууп, 4кө бөлүп, муздак сууга 1 саат чылап коёбуз.
2. Мындан соӊ туздап, кара мурч сээп, лавр жалбырагын арасына салып жарым саат тыныктырабыз.
3. Ысыган көмөч казанга май куюп, даяр болгон боорду куурабыз.
4. Пияз менен сабизди аарчып, туурап, боордун өӊү ачык түскө келгенде үстүнө салып кууруу керек.
5. Буга мурчту жана сельдерей, ашкөк, петрушканы кесек туурап салабыз.
6. 1 мүнөт куурулган соӊ майонез же каймакты текши куюп капкагын жаап, жай отко 15 мүнөт коюп коюӊуз. Сүйүктүүӊүзгө арналган даамды лимон, помидорду кооздоп кесип кошуп берсеӊиз болот.

БООР МЕНЕН СЫРДАН САЛАТ

Керектелүүчү азыктар (1 порция үчүн):
Кой же уйдун боору – 150 грамм
Катуу сыр – 100 грамм
Жумуртка – 2 даана
Сарымсак – 2-3 тишче
Майонез – 1 чай кашык
Ашкөк – 1 боо
Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:
1. Жумуртканы сууга бышырабыз. Аарчып, кесек кылып туурайбыз.
2. Сырды кесек тиштүү сүргүчтөн өткөрөбүз.
3. Сарымсак, ашкөктү жууп, майда тууроо керек.
4. Боорду чарчы туурап, көмөч казанга кууруп, 5 мүнөттөн кийин 100 грамм суу куюп, жай отко 15 мүнөт дымдап коюу кажет.
5. Отту өчүрүп, куурулган боор ысык кезинде үстүнө сарымсак менен ашкөктү салып, капкагын жаап 15 мүнөт коё туруӊуз.
6. Эми жумуртка, сыр, майонезди салып аралаштырып, ашкөктүн талдары менен кооздоп коюӊуз.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
baba.
2015-04-06 11:14:18
Боорду сметанага да дымдап даярдаса жештуу болот.каалоон менен жашылчалардан кошуп...кыскасы калганы озундун фонтазиян.......
+2
Ayka1994
2015-04-06 11:48:50
сметана каймак кошуп даядаса даамы бузулуп башкача болуп калбайбы. Буларды кошуп кууруганды биринчи жолу угуп аткам
0
jypar.i
2015-04-06 22:38:41
Ayka1994,сметана менен каймактын айырмасы барбы, менимче каймактын орусчасы сметана го
0
zara-919
2015-04-09 02:55:21
jypar.i, каймактын орусчасы сливочное масло. Сметана айран мн каймактын аралашмасы..
0
Ledi89
2015-04-06 12:13:32
Пайдалуу кенеш экен рахмат.
+1
bossmos7
2015-04-06 14:46:50
Зарыл гана болуп жеш керек болбосо! Зарылчылык жок болсо жеш коркунучтуу! Анткени боор !
0
adilet_3234
2015-04-06 16:33:59
койгулачы боорду кантип жесин. Ал деген фильтр да,...
+1
malika14
2015-04-06 19:04:00
bir jagy korkynychtyy eken paida jagyda bar eken birok oilonup jesh kerek eken.
0
bibi87
2015-04-06 21:16:31
Торпоктун боору дагы пайдалуубу же койдуку элеби? Анткени,итальянецтер коп жешет го
0
mira28
2015-04-07 00:28:09
рахмат,мен боорду коп колдоном билбегендеримди билип алдым:сууга салып койсо ачуу даамы кетишин билбечумун
0
Meruet84
2015-04-08 08:54:50
Ашкана сырларына аябай кызыгам , ракмат силерге коп нерсе билип алдым .
0
chyngyz84
2015-04-11 11:07:54
Кенешинерге чон рахмат!
0
Shahrizada97
2015-04-15 13:29:48
мен пияз кошуп кууруп бир аз суу кошуп дымдап бышырам соонун болот. рецептерге рахмат)
0
Nura86
2015-06-29 11:18:58
Пайдалуу кенеш экен рахмат.Бир дагы жолу оюмада келбептир боор бышырып жеш.
0
Uzakova.Z.A
2015-11-02 22:16:10
Мен боорду аябай жакшы кором.
0
№ 648, 3-апрель-9-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан