«НООРУЗ» МАЙРАМЫНДАГЫ 20 000 000 СОМ ӨЗ ЭЭСИН ТАПТЫ

2015-жылдын 21-март күнү «Элдик Лотереянын» кезектеги «Береке» майрамдык лотереясы ойнотулду. Суммасы 20 000 000 сомду түзгөн башкы утуш өз ээсин таап, 1 000 000 сомдук утушту камтыган лотерея билети дагы бир адамды Кыргызстандагы миллионерлердин катарына кошту. Жеӊүүчүлөр кубанычы менен бөлүшүп, жалпы кыргызстандыктарды «ойноп жашоого» чакырып өтүштү.

20 000 000 сомдук утуштун ээси Динара:
– Нооруз майрамын ата-энем менен өткөрөйүн деп Балыкчыга баргам. Базарга азык-түлүк алганы барып, ашкан акчама «Элдик Лотереянын» 2 билетин сатып алдым. Алардын бири башкы утуш болгон 20 000 000 сомдун билети болуп чыкты. Алгач ишенбей, компаниянын интернет баракчасына кирип текшерип чыктым. Ооба, утушка ээ болгон билеттин номурлары меникине дагы бир ирет төп келди.
Жашым 23тө. Мектепте окуп жүргөндө жазган дил баяндарыма дайыма «30 жашка чыкпай миллионер болом» деп жазчумун. Эми ошол кыялыма «Элдик Лотерея» жеткирип отурат. Мындай күтүлбөгөн ири утушка ээ кылган «Элдик Лотереяга» тереӊ ыраазычылык билдирем.

1 000 000 сомдук утуштун ээси Гүлиза:
– Бишкектен 2 билет сатып алганбыз. Алардын бири биздин үй-бүлөнү миллионер кылды. Буга чейин Бишкек шаарында жашап-иштеп, батир азабын тартып жүрчүбүз. Тапканыбыздын баарын батир алалы деп чогултуп жатканбыз. Эми, буюрса, утуп алган акчабызга үй алабыз. Жолдошум экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө 6 жыл болду. 2 кызыбыз бар, эми дагы үй-бүлөбүздө толуктоолор болот. Албетте, мындай жагдайда үстүбүздө үйүбүз болушу керек. Бул мүмкүнчүлүктү бизге «Элдик Лотерея» тартуулап отурат. Абдан ыраазыбыз. Мекендештер, сиздер дагы биздикиндей кубанычтарга ээ болуӊуздар.
Компания өлкөнүн коомдук-социалдык жана маданий тармагын дагы кызуу колдоп келет. Алсак, 26-март – Эл аралык театр күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти Шайыр Касымалиеванын сахнадагы 30 жылдыгына арналып өткөрүлгөн «Аруу азыгым» аттуу театрлаштырылган шоу-концертинин башкы демөөрчүсү болуп, баштан-аяк колдоо көрсөткөнүн белгилөөгө болот. Компаниянын жамааты КРнын маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов, КРнын ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы К.Осмоналиев сыяктуу жетекчилерден ыраазычылык каттарды алууга да жетишти.

«Элдик Лотерея» – ойноп жаша!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
ZANIA-92
2015-04-06 09:59:16
Канча ирет ойнодум утуп алчуудай болуп, анан ишенбейда калчуу болдум ушул оюнга негедир элди алдап жатабы деп.
0
ELIMA91
2015-04-06 15:24:40
Ууу 20 000000 миллион дейби охо буйрусун кызык эмне кылат болду экен ушунча акчаны
0
amantur123
2015-04-07 10:45:27
пай пай пай менинда кыялым миллионер болуш бирок бир да билет сатып ала элекмин (хе хе)
0
Meruet84
2015-04-08 08:51:02
Мусулманчылыкта туура келбейт экен , жакшысы ойнобой эле койгонубуз жакшы .
+1
№ 648, 3-апрель-9-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан