САТСАӉ АКЧА, САЛСАӉ ТАМ БОЛЧУ ТЕРЕКТИ ӨСТҮРҮҮ

Үйлөнүп, бала-бакыралуу болгон айрым ата-энелер «кийин балама там салганга жарасын» деген ийги тилек менен терек тигишет. Айткандай эле терек бала менен кошо өсүп, көк тиреп калат. Эл оозунда айтылгандай, тиксеӊ бакча, сатсаӊ акча, салсаӊ там болгон мырза теректи өстүрүү ыкмалары менен тааныштырабыз.

5 СОТЫХ ЖЕРГЕ ТЕРЕКТИН 1 ЖЫЛДЫК КӨЧӨТҮН ӨСТҮРҮҮ
Каарманыбыз Санталат Сатыбалдиевага «Ош базарына» жакын жердеги үйлөрдүн биринен жолуктук. Ал Баткендин Кадамжай районунун Арпа-Сай айылынын тургуну экендигин жана үй-бүлөсү менен 1991-жылдан бери мырза теректин көчөтүн өстүрүп, сатарын айтты:
– 5 сотых жерге 5000 даанага чейин көчөт тигилет. Теректи туура тигип, суудан үзбөй, убагында жер семирткичин берсе эле таштак болобу, кумдуу болобу жер тандабай өсө берет. Болгону топурагы шор жерге өспөй, куурап калат.
Көчөт үчүн жаздын башында атайын кеспей өстүрүлгөн чоӊ мырза теректерди бутап, алардан ичке калемче дайындап алуу кажет. Калемчелердин узундугун 20 сантиметрден кылып, учтарын кыйгач кесип, жантайыӊкы абалда отургузуу зарыл. Ар бириндеги бүчүрлөрдүн саны 2-3төн кем болбошу керек. Анан алдын ала айдалып, жөөктөрү даяр болгон жерге араларын 15 сантиметр кылып тигип чыгабыз. Ал эми жөөктөрдүн аралыгы 60 сантиметр болушу шарт.
Теректи бутоо, калемчелерди кесүүнү бала-бакыра менен өзүбүз бүтүрөбүз. Ал эми жерди айдап, жөөк салганга трактористке 800 сом төлөнөт. Калемчелерди тиккенге да адам жалдабай өзүбүз бүтүрөбүз. Андан кийин сугарылат. Арадан 1-1,5 апта өткөндө бүчүр ача баштайт. Терек куурабай жакшы өсүшү үчүн апта сайын сугарып, отойбуз. Май айынан тарта түйшүк көбөйөт. Анткени сайылган калемчелердин капталдарынан бутакчалар чыга баштайт. Алардын бирин негизги өзөккө деп калтырып, калгандарын кыркып же кол менен сыйрып салууга туура келет. Анан сугарылып, топурагы бир аз тоборсуй түшкөндө жер семирткич (азот) берилет. 5 сотыхка 2 мүшөк азот жетет, ал 2600 сом. Азотту 1 адам 2-3 саатта кол менен сээп коёт. Арадан 2-3 күн өткөндөн кийин культивация жасалат, ал үчүн трактористке 200 сом төлөнөт. Акча короткуӊуз келбесе культиваторду эшек, атка кошуп алып, өзүӊүз жүргүзсөӊүз болот. 2 күн өткөзүп сугарасыз. Ошондон тарта суук түшүп калгычакты ар бир 10 күн сайын шактарын бутап турасыз. Отоо да үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
Июнда жана августта теректин өзөгү жооноюп, бекем болуусу үчүн жер семирткичтен селитра берилет. Анын 1 кабы 1300 сом, 5 сотыхка 2 кап кетет. 2 жолу сепкенде 5200 сом коройт.
Кийинки жылы жаз келгенде, мартта көчөттөрдү казып, сатыкка даярдай баштайбыз. Трактор менен каздырсак 500 сом төлөйбүз. Анан көчөттөрдү 10дон кылып байлап, базарга алып барабыз. Кичинесин 15, чоӊун 20 сомдон дүӊүнөн өткөзөбүз. Сатылып бүткүчө тамырларын жерди казып, нымдуу топуракка көмө туруу керек.

Базарга алып баруу, сатуу...
– 5 миӊ көчөттү Кадамжайдан Бишкекке алып келүү үчүн унаанын ээсине 10 000 сом төлөйм. Бишкекке келген соӊ убактылуу жашаган үйүӊө, көчөттөрүӊдү короосуна койгонуӊа, тамак-ашыӊа болуп 7 000 сом кетет.

2 жылдык көчөт өстүрүү
– Терек көчөттү 2 жылдык кылып сатса да болот. Жер семирткичтерден май айында азот, июлда, августта селитра берилет. Буларга кошумча жалбырактарына курт түшүп, терек оорубашы үчүн июнь жана июлда куртка каршы дары чачылат. 10 күн сайын буталып, отолуп жана апта сайын суугарылат. Бирок 2 жылдыгынын бою менен тамыры да чоӊоюп калгандыктан арасына трактор кире албай калат. Ошондуктан культивация, көчөт казуу иштери кол менен жасалат.
2 жылдык көчөттүн кичине, чоӊуна карап 30-40 сомдон дүӊүнөн сата аласыз.

Мырза терек тууралуу
Кыргызстанда теректин 11 түрү өсөт. Алардын ичинде мырза терек да бар, илимий аталышы пирамида сындуу терек. Боюнун бийиктиги 30-40 метрге чейин, өзгөчө Таласта жана түштүк аймакта кеӊири таралган. Уругу, калемчеси жана тамыры аркылуу көбөйөт. Кургакчылыкка жана суукка чыдамдуу. Чаӊчаларын аарылар соруп, прополиске айлантышат. Таралган оорулары некроз жана дарактын рагы. Ооруган дарактын алгач жалбырактары саргайып, анан өзү куурап калат. Андайда түбү менен жулуп салуу кажет.

«СЕЛИТРА МЕНЕН ЧОӉОЙТУЛГАН ТЕРЕКТИН ЖЫГАЧЫ МОРТ БОЛОТ»
Абдрашит Ноорузов Баткен районунун Кара-Бак айлынын тургуну. Жашы 50нү таяган мырза 30 жылдан бери багбанчылык жана дыйканчылык менен алектенет. Ал теректи чоӊойтуп жана сатып пайда көрүү тууралуу баяндап бермекчи:
– Мен теректердин 1 жылдык көчөтүн сатып алып тигип, чоӊойтуп өзүмдүн керегиме жараткандан тышкары сатам. Элден чоӊ теректерди сатып алып, кайра аларды да сата коём.
Биздин аймакта көбүнчө мырза теректин кыйыштырылган түрүн тигишет. Андай теректер Өзбекстандан таралган. Өзбекстанда көк терек деген бар, аны менен биздин мырза теректи кыйыштырышкан. Көк терек жыгач катары сапаты жакшы болбогону менен, бою бат өсөт. Ал эми мырза теректин бою бат өспөгөнү менен, жыгач катары сапаты мыкты. Экөөнү кыйыштыргандагы чыккан сортту биз мырза терек же көк мырза терек деп атап коёбуз.
Эгер терек суулуу, салкын аймакта өстүрүлсө, анда 1 айда 2 ирет сугарып койсо болот. Оӊой менен да курт түшпөйт. Ал эми ысык аймакта өстүрүлгөндөрүн апта сайын сугарасыӊ. 2 жылдыгынан тарта жалбырагына курт түшүп, курт сөӊгөгүнө чейин кирип жеп жиберет. Андай учурларда куртка каршы дары чачышат. Көчөттү тиккенден соӊ 3 жылга чейин бутап, сугарып, түптөрүнө кык таштап гана турам. Кык жерди борпоӊ кылып, нымды кармап турууга жардам берет. Химиялык жер семирткичтерди бербейм. Аларды көчөт бизнеси менен алектенгендер бою бат өсүшү үчүн беришет. Негизи селитраны терек абдан чоӊ болгучакты берсе деле болот. Бирок ал теректин сапатын жоготуп, борпоӊ кылып коёт. Демек, жыгачы морт келет. Андыктан терек сатып алып курулушка пайдаланам дегендер элден сүрүштүрүп, селитрасыз өстүрүлгөнүн алса жакшы.
3 жылдык көчөттүн бою 5-6 метрдей болуп калат. Жоондугу (диаметри) 1-1,5 карышка жетет.
3 жылдан кийин теректерди бутаганды токтотом. Анткени теректердин ылдыйкы шактары өзү куурап, боюнун өсүшүнө шарт түзүп турат. Сугаруу, 1 жылда 1-2 ирет түбүнө жарым чакадай кык салуу жетиштүү.
Теректерди сатып алууда жана сатууда диаметри карыш менен ченелет. 5-6 жылдыгынын жоондугу 2,5-3 карыш болуп, курулуш материалдарына жарап калат. Көбүнчө тилдирип, рейкага, тамдын үстүн жабуу үчүн устунга (балка) колдонушат. 1 түп теректин баасы жоондугуна карап 1000-1500 сомго чейин.
7-8 жылдыгынын жоондугу 4-5 карыш болуп, баасы 3000-4000 сомдун тегерегин түзөт.
9-10 жылдык жакшы каралган теректин диаметри 5-5,5 карыш болуп, баасы 5000-6000 сомго жетет. Эгер дүӊүнөн алам десеӊ, албетте, баасын түшүрүп, кайра сатканда кошуп сатасыӊ. Көбүрөөк пайда табуу үчүн теректи тилдирип, тактай кылып сатуу кажет.
Теректерди, андан алынган тактайларды өзүбүздүкүлөрдөн сырткары коӊшу айылдагылар сатып алышат. Анткени Орусиядан ташылып келинип жаткан тактайларга
караганда арзан.
7-10 жылдык теректерден пол салып, эмерек, жашик, сандык жана башкаларды жасашат. Орусиянын фабрикаларында фанера, ширеӊке чийлерин чыгарышат. Диаметри 5 карыштык 3 теректен 1 метр3 жыгач алууга мүмкүн. Абдан чоӊ 15-16 жылдык теректин бирөөсүнөн эле 1 метр3 жыгач чыгат. Жаӊы кыркылган теректин 1 метр кубунун салмагы 800 килограмм, кургак болсо 500 килограмм чыгат.

Билип ал
ДҮМҮРДҮ КАНТИП ЖОК КЫЛУУ КЕРЕК?
Картайган дарактарды отун үчүн кыркканда ордунда дүмүрлөрдүн калуусу анык. Аларды кантип жоготсо болот?
Эӊ байыркы ыкмалардын бири – бул дүмүрдү өрттөө. Муну кышында жасаса айлана-чөйрөгө коркунуч келбейт. Дүмүрдүн ортосун балта менен тереӊирээк, мүмкүн болсо 30-40 сантиметрге чейин чуӊкурайтып алуу кажет. Болбосо дрель менен деле ойсо болот. Анан ал жерге керосин, мазут же бензин куюп, дүмүргө жакшы сиӊиши үчүн бир нече күн күтүп туруу керек. Анан өрттөй берсе болот. Бирок отту көзөмөлдөп турууну унутпаӊыз!
Дагы бир ыкма бар. Мында деле дүмүрдүн ортосун чуӊкурайтып оюп, ал жерге жер семирткичтен селитра же карбамидди, булар жок болсо аш тузун салып, үстүнө суу куюп нымдап туруп, дүмүрдү кленка менен жаап салуу зарыл. Аталган заттар дүмүрдү бир нече айда «жеп» салат. Муну кыш алдында жасаса оӊ.
Дүмүрдү трактор же кол менен казып жок кылса да болот. Эгер дүмүрдүн айланасын же бир капталын күрөк менен чуӊкурайтып казып, ал жерге сууну толтуруп койсо, жер жумшарып дүмүр бат суурулат.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
Abdurahman
2015-04-06 12:45:47
Супер инфонун администраторуна-

Саламатсыздарбы абдан баалуу керектуу маалымат экен рахмат,анан менде бир суроо биздин теректерди курт жеп жакшы остуро албайбыз кантип дарылаш керек, эмне деген дарылар колдонулат рахмат!
+1
admin_superstan
2015-04-06 14:32:03
Abdurahman, саламатсызбы!
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук. Рахмат!
0
malika14
2015-04-06 19:10:03
Abdurahman,oa tyyry aitasin kyrt degen bale bar birok aninda darysy bar syyga aralashtyryp terekterge chachasin birok al daarisin ynytyp jatam syrashtirsan baary ele bilet dep oiloim terekti ostyryp paida korso alda kireshelyy ish , yigilik...
+1
Abdurahman
2015-04-07 08:21:42
malika14, rahmat estegende aityp koison jakshy bolot ele
0
malika14
2015-04-08 00:42:06
Abdurahman,Makul jazip koiom kop jildan beri kyrgyzstanga bara elekmin oshogo ynytyp kalipmin...
+1
Abdurahman
2015-04-11 08:26:25
malika14,рахмат азыр кай жердесин
0
deva
2015-04-08 16:58:13
Би-58 деген дары баарынан жакшы деп уктум
+1
apasynyn_erkesi
2015-04-08 19:23:29
Дагы бир нерсени кошумчалай кетейин.Эгер мырза теректин кызыл тартып баратканын байкасананар тезинен ал теректерди кыркып пайданарга иштеткиле,себеби ал терек ичинен кондойлонуп бараткан болот
0
Aisanat
2015-04-09 15:52:14
Биздин уйдо теректерибиз кашаа бойлой озулору эле осо берчи эле. Жазында бутап эле койчук. Дары сары сеппей эле.
0
Abdurahman
2015-04-11 08:25:53
Aisanat,кайсы жерде,суулуу тоолуу жерлерде курт тушпойт деп уктум эле
0
Ayka1994
2015-04-11 11:08:37
Теректин баасы ушунча кымбат болобу а оххооо бизнес кылса болчудай экен
0
BAYAW-KG
2015-04-12 10:15:23
Урматтуу админ сизден бир суранычыбыз бар эле. Ушундай макалаларга спорттуу үйрөнүүнүн жолдорун да чыгарсаныздар жакшы болмок.. Мисалы: Валейбол, Фудбол ж.б айрыкча жаштарга да кызык болсо керек деп ойлойм...
0
admin_superstan
2015-04-14 15:15:57
BAYAW-KG, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат. Тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук.
0
№ 648, 3-апрель-9-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан