КЫРГЫЗСТАНДЫК ЧЕМПИОН КАЗАКСТАНДА СООДА КЫЛЫП ЖҮРӨТ

Жумушсуздуктун айынан, өлкөдө айлык акынын төмөндүгүнөн дүйнөнүн чар тарабында иштеп жүргөн мекендештердин саны көп. Алар кандай шартта жашап, кантип күн кечиришүүдө? Биз коӊшу Казакстандын Алматы шаарындагы мекендештерге жолугуп кайттык.

«ТОВАРДЫН 70-80 ПАЙЫЗЫН БИШКЕКТЕН ТАШЫЙБЫЗ»
Алматы калаасында жашап, иштегендердин айтымында, ал жактагы мекендештерибиздин басымдуу бөлүгү соода-сатык менен алектенет. Биз барганда мекендештердин Нооруз майрамына карата жолугушуусу болуп жатыптыр. Күндүз кыргыз жигиттери эрежесиз эр уруш, алыш күрөшү боюнча кыргыз-казак спортчулары арасында мелдеш уюштурушту. Кечинде боз үй тигилип, казанда эт кайнап, сүмөлөк бышып, улуттук оюн-зооктор уюштурулуп, мекендештер бала-чакасы менен таӊ атканча шаӊдуу отурушту. Башка элде жүрүшсө да баштарынан ак калпагы түшпөй, «кыргызбыз» деген духу өчпөй, Казакстанда төрөлүп, ошол жакта окуп жаткан балдары кыргыздын салттарын, тилин унутпашы үчүн майрамдарда чогулуп турушарын айтышты. Бул иш-чараны уюштуруучулардын бири Туратбек Аманбаевди кепке тартып, жердештерибиздин жашоосу тууралуу уктук:
– Алматы шаарында болжол менен 10 миӊден ашуун кыргыз бар. Алардын көпчүлүгү «Барахолка» жана жаӊы ачылган «Кенжекан» деген базарларда иштешет. Ошондой эле «Самал» деген жаӊы базар ачылып, анын жетекчилиги биздин атуулдарды «жеӊилдик кылып беребиз, бизге келип иштегиле» деп чакырып, кээ бир соодагерлер ал базарда соода кылып жатышат. Азырынча жашообуз жакшы. Бирок жакында Кыргызстан Бажы биримдигине кошулат, эми бизге кыйын болот го деп ойлоп турабыз. Себеби биздин мекендештерибиздин 70-80 пайызы Бишкектен товар ташышат. Бажы биримдигине киргенден кийин бажы алымы бирдей болуп, Кыргызстан менен Казакстанда баа бирдей болуп калат. Анда кантип иш кылабыз билбейм.

ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ АЗЫР СООДАГЕР
Базардан баар тапкандардын арасында бел боо күрөшү боюнча дүйнөнүн жана Кыргызстандын чемпиону Замирбек Акыев да бар:
– Мен 1981-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Ийри-Суу айылында төрөлгөм. Атам Жээнбек Акыев алыш күрөшү боюнча машыктыруучу болгондуктан кичинемден тарта мен да спортко ыктап, көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. Мисалга, 9-класста окуп жүргөндө алыш күрөшү боюнча Орто Азиянын, 2001-жылы Ирандын Тегеран шаарында 100 килограммдан жогору салмакта дүйнөнүн чемпиону болгом. Көр тириликтин айынан, анын үстүнө Кыргызстанда спортко жакшы көӊүл бурулбагандыктан Алматы шаарына келип эл катары соода кылып жүргөнүмө 4 жыл болду. Мындан 2-3 жыл мурун кыргыздар бул жакта көп болчу. Азыр көбүнчө Казакстандын атуулдугун алгандар гана иштеп жатышат.

«КОНСУЛДУН ЖАРДАМЫ ДЕЛЕ ТИЙБЕЙТ»
Алтынбек Сыдыков аттуу мекендешибиз болсо Алматыдагы Кыргызстандын консулдугуна нааразы экендигин айтты:
– Үй-бүлөм менен бул жакта жашап жатканыма 19 жыл болду. Жакшылык-жамандыктарда кыргыздар чогулуп турабыз. Бирөө кыйналса же каза болсо, базарда иштегендер өзүбүз каражат чогултуп беребиз. Алматыдагы башкы консулдун биз менен иши деле жок. Ар кандай маараке өткөрсөк келбейт же жогорудагыдай жамандыктарда документ жагынан жардам кылбайт. Мисалы, былтыр 5 мекендешибиз каза болду. Баарында теӊ консулдукка кайрылдык. Ал жердеги кызматкерлер өлгөн адамдардын аты-жөнүн, ал жөнүндө маалыматтарды жазып алат да, «барабыз» деп коюшуп келишпейт. Кечке телефон чалабыз, кечке жуук «иш күнүбүз аяктады» деп коюшканда айла жок өзүбүз өлүккана менен сүйлөшүп, документтерди жасатып, маркумдун сөөгүн мекенине жиберип жүрөбүз. Мындан тышкары биз башка өлкөдө иштеп жаткандыктан документ жагынан көп көйгөйлөр жаралат. «Бардыгыбыздын барууга убактыбыз тар, бир-эки баланы өкүл кылып консулдукка жиберели, мөөр басып бергиле» деп сурансак көнбөйт. Өзү базарга келсе да бирде мөөрүн унутуп коёт же башка себептери чыгып, айтор, бир кичинекей кагазга мөөр бастыруу үчүн биздин 2 күндүк убактыбызды алат.
Бул жакта спорт менен машыккан, спорт клуб ачкан жигиттерибиз көп. Былтыр эгемендүүлүк күнүнө карата «спорттук мелдеш уюштуралы, акчаны өзүбүз чогултабыз, сиз барып башына туруп берип коюӊуз» деп башкы консулга барсак, «силер биринчи акчаӊарды чогултуп столдун үстүнө койгула, анан ишке киришем» деп койгон. Ошондуктан биз Нооруз майрамында консулсуз эле спорттук мелдеш уюштурдук.

«КҮЙӨӨМДҮ ЖАЛАА МЕНЕН КАМАП КОЮШТУ»
Чет элде жүргөндөрдүн баары кой үстүндө торгой жумурткалаган жашоодо эмес, өгөйсүнткөн мамилеге кабылып, кыйналгандары да четтен чыгат. Алардын бири Майрам Чодонова менен маек курдук:
– Казакстанда 10 жылдан бери жашайм. Өзүм базарда сатуучумун, ал эми жолдошум Токтогул Муратов «Альянс» аттуу кыргыздар ачкан фирмада алыскы райондорго товар жеткирип бергич болуп иштечү. Бир жума мурун күйөөм менен жүк түшүргүч казак бала товар жеткирип баратканда жолдон алардын унаасына кол салуу болуптур. Белгисиз адамдар келип ок атып, жолдошумдун колуна бычак сайып кетишиптир.
Полицияга арыз жазышкан. Бирок аз өтпөй эле жанындагы казак улутундагы жүк түшүргүч бала «Токтогул байке кол салган балдарды тааныйт, өзү уюштурган» деп жалган көрсөтмө берип коюптур. Аны актап, жолдошумду болсо «карактоону өзү уюштурган» деген жалаа менен камап коюшту. Мен күйөөмдү көргөн жокмун. Бирок камалган жерине барсак, унаасынын терезесинде ок тешип өткөн жерлер бар экен. Эгер өзү уюштурса өзүнө ок аттырып, бычак сайдыртмак беле? Жолдошум башында «бул ишти мен жасаган эмесмин» дептир, бирок 1 күндөн кийин эле моюнуна алып коюптур. Кандай жол менен моюнуна алдыртышканы белгисиз. Ага жолугушууга барсак, «өзгөчө кылмышкерлерге жолугууга болбойт» деп бизди киргизбей коюшту. Ал жаракат алган экен, ооруканага жаткырган да жок. Фирманын жетекчиси бизге келип, «3 миллион теӊге уурдалган. Үйүӊөрдү сатып төлөп бергиле, болбосо арыз жазам, күйөөӊүз 7 жылга камалат» деп кетти. Мурда фирма күйөөмдүн жанына күзөтчү кошуп берчү. Ошого карабай 1 жарым жылдын ичинде 3 жолу кол салуу болгон. Кийин күзөтчү бербей калышкан. Буга чейин бир да жолу акчасын катып алып же ушундай жаман жоруктарын көрбөгөндөрүн фирманын кызматкерлери өздөрү айтып жатышат. Эми эмне кыларыбызды билбей башыбыз катып турган убак, күйөөм карактоону уюштурушу мүмкүн эмес. (Гезит басууга кетерде каарманыбыздын кызы телефон чалып атасы акталып, бошотулганын билдирди).

«КЫРГЫЗСТАНДА ЖУМУШ БОЛСО КАЙТМАКПЫЗ»
Руслан Акматов аттуу каарманыбыз болсо көпчүлүктөн айырмаланып Казакстандагы банктардын биринде иштейт. Ал да өз жашоосу тууралуу учкай айтып өттү:
– Кыргызстандан жогорку окуу жайды аяктаган соӊ Алматыга келип өзүмдүн кесибим боюнча банк кызматкери болуп ишке орношком. Үй-бүлөм менен бул жакта жашап жатканыма 9 жыл болду. Өзүм чакан бизнестерге насыя берүү тармагында иштегендиктен Алматыдагы мекендештерим менен жакшы мамиледемин. Алардын көбү соода кылгандыктан «кантип насыя алам, бизнести кантип баштайм?» деп кеӊеш сурап калышат. «Мындай кылсаӊыз болот, бул документтер керек» деп кеӊештеримди айтып, жардам берем. Мындан тышкары бош убактымда Казакстандагы калктар арасындагы ассамблеясында «Мурас» деген кыргыздын этно-маданий борборунун мүчөсү жана жаштар саясатынын жетекчиси болуп иштейм. Жаштарды «жүргүлө киного, театрга баралы, футбол ойнойлу, улуттук майрамдарда чогулалы» деп эле чапкылап жүрөм. Бул жактагы кыргыздардын жашоосу жакшы, ынтымактуубуз. Мекениме кайтуу ниетим бар. Мекендештерибиздин бардыгы эле жыргаганынан чет өлкөдө жүргөн жок, жумушсуздуктун айынан айла жок иштеп жүрүшөт. Эгер Кыргызстанда мүмкүнчүлүктөр болуп жумуш орундары табылса, өз өлкөӊдө иштегенге эмне жетсин?
Ошентип мекендештердин турмушу менен таанышкан соӊ артка кайттык. Жолдо келе жатып кыргыздардын жашоосун, мекенге болгон сагынычын, жетишкен ийгиликтерин көрүп төмөнкү ыр саптары жаралды:

«Кайгырбагын, бөксөрбөгүн кыргызым,
Кайда болбо жанып турсун жылдызыӊ.
Караанына зар болушкан мекендин,
Кайтып келер, акыр бир күн уул-кызыӊ».

Алматыда машыгуучу залдарды ачкан кыргыз жигиттери да бар.

Казакстанда төрөлүп, ошол жакта окуп жаткан кыргыз балдары.

Соода кызуусунда. Нурсултан базарда иштеген ата-энесине жардам берүүдө.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Wave.
2015-04-06 11:05:33
Оз жумушун билбеген, сабатсыз чиновниктердин айынан, кыргызым кор болуп кеттин. Чемпиондорду эптеп карай албай жатышса, башкасын айтуу кыйын го.
+2
Aksy-13
2015-04-06 14:55:22
Альянс фирмасы эмне продукты боюнча экен тааныштарым иштечуу эле. Акталып бошотулганы жакшы болуптур. Калгандарынын иштерине ийгилик!
0
TAION
2015-04-07 12:26:01
Super info oshoncho bargandan kiin konsuldun emne ish kylyp jatyshkanyn dele surap intervu alyp kelsener bolmok!
0
munar91
2015-04-08 12:13:03
Аллахым туулган жеринен алыс жургондордун баарына сабыр берсин!!!
0
taison2012
2015-04-08 14:32:38
консул эч жерде жардам бербейт. дийаспаралар да жардам бербейт озубузго куч берсин
0
Kg_mir.96
2015-04-24 14:46:31
Өзү ар бир эле улут 10 000 жылдын тегерегинде жашайт экен,андан кийин башка улуттардын курамын толуктап жоголуп кетет кыргыз да 200 жылда жоголуп кетет го мындайда
0
new_hacker
2016-06-25 00:46:53
Kg_mir.96,хм
0
№ 648, 3-апрель-9-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан