«ЖАРАДАР ЖООКЕРЛЕРДИ 8-10 ЖАШТАГЫ БАЛДАР КАРАШЧУ»

9-Май – Улуу Жеӊиш күнү... Согуш ардагерлери медаль-ордендерин тагынып, бул күндү чыдамсыздык менен күтүшөт. Тилекке каршы, ардагерлердин саны жыл санап азайгандан азайып баратат. Баатыр аталарыбызды өз учурунда урматтап, алардын эрдигин гезитибиз аркылуу баяндап, сиздин жүрөгүӊүздүн түпкүрүндө сакталып калуусун максат кылдык. Азыр бизге жомоктой сезилген Улуу Ата Мекендик согуштун кандуу талаалары ардагердин көз алдында...


«АЛГАЧКЫ СОГУШТУ АТ БАГЫП ЖҮРҮП КӨРДҮМ»
Борборубуздагы ардагерлер пансионунан согуш ардагери, Талас шаарынын 92 жаштагы тургуну Жумабек Көчмуратов атага кокусунан жолугуп калдык. Тыӊ, алдуу-күчтүү ата согуш талаасынан кеп кылып жатса да тамаша аралаштыра сүйлөп, маанайыбызды көтөрүп отурду.
– 1941-жылдын май айларында Казакстандын Акмоло (азыркы Астана) деген шаарына аскердик кызматка кеттим. 6 ай кызмат өтөгөндөн кийин мени, дагы бир топ аскерлерди Воронежге согушка жөнөтүштү.
Барганда эле кыргыз-казактардан турган бир топ жоокерлерди ат багууга бөлдү. Ар бирибизге төрттөн ат бөлүндү, аларды бактык. Багып жаткан аттарды айтылган жерге поезд менен алып барчубуз. 1942-жылдын май айлары болчу, немистердин учактары куштай сызып, биз бара жаткан эшелонду бомбалап киришти. Көптөгөн аскерлер, аттар кызыл кыргын болду. Аман калганыбыз соо аттарды жетелеп, талкаланбаган вагондорго камадык. Поездден алыс жыла албай, ээн талаада калып кеткенбиз. Эптеп жерди тырмалап чөп таап, аттарды тойгузуп жаттык. Темир жол да бузулган, аны эки сутка дегенде оӊдошту. Ал жерде өлгөндөрдүн даректери такталып, үйлөрүнө кара кагаз жиберилди. Алгачкы согушту ошол ат багып жүргөндө көрдүм.

«МЫНА ЭМИ, ЧЫНЫГЫ СОГУШКА АТТАНАСЫӉАР!»
– Он күндөн кийин бизге аскердик форма менен курал берип, «мына эми, чыныгы согушка аттанасыӊар!» дешти. Ошентип Украина фронтуна бөлүндүк. Командирибиз Константин Рокоссовский (Рокоссовский Константин Константинович - советтик жана польшалык аскер кол башчысы. Советтер Союзунун маршалы. 2-дүйнөлүк согуштагы эң мыкты полководецтердин бири. 2 жолку Советтер Союзунун Баатыры) деген киши болчу. Колго түшкөн немистерди «язык» деп коюшчу. Алардан душмандардын аскери, күчтүү техникалары кайда экендигин, алар бизге карай кандай чабуулдарды пландап жатышканы жөнүндө сурап, айттырып алышчу. Бир ирет ошондой «языктарды» кармап келишкен экен, алар эртеси таӊкы саат алтыда немистер бизге артиллериялык чабуул жасаарын айтышты.
Артиллериялык чабуул жарым саат болду. Жер көчүп, окоптор көмүлүп калып жатты. Жарым саат мурун көргөн жериӊди кайра тааныбай каласыӊ. Бомбадан улам дөӊсөө жерлер тегизделип, тегиз жерлер оюлуп калчу. Ракета менен жашыл сигнал бергенде даярданып турдук, кызыл сигнал берилгенде «ураалап» алдыга карай чуркадык. Немистердин окобу менен биздин окоптун аралыгы 100 метрдей эле экен. Согушуп отуруп биринчи күнү эле 30 чакырымдай жерди басып өттүк. Аз эле калыптырбыз, жаӊы аскерлерди алып келип кошушту. Көп өтпөй дагы согуш башталды. Жанымда 6-7 жоокер бар болчу, бир аздан кийин карасам бир-экөө эле калыптыр. Түнү менен окопто жатабыз, эртеӊ менен баягы эле сигнал берилип «атака!» дейт. Өлгөнү өлөт, тирүү калганыбыз ошентип согушуп жаттык.

«ӨЛГӨН ЖЫЛКЫ, МАЛДЫН ЭТИН КУУРУП ЖЕЧҮБҮЗ»
– Кудай эми андай күндү көрсөтпөсүн. Ачка калган учурлар көп болду. Талаада өлгөн жылкы, тоок, уйлардын сандарын кесип келип, кууруп жечүбүз. 1943-жылдын март айында Польшанын Белосток деген шаарына кирип бардык. «Ураалап» чуркап бара жатып жыгылдым. Туруп колумдан ыргып кеткен автоматымды алайын деп кайра жыгылдым. Ошол бойдон эсимди жоготуптурмун. Көрсө, сол жамбашыма ок тийиптир. Кечинде санитарлар согуш талаасын кыдырып жарадарларды чогултуп, өлгөндөрдүн чөнтөгүндөгү аскердик билетин алып кетишчү. Мен толмоч жигит элем, ок тийгенден кийин дагы шишип кеткендиктен «Көчмуратов өлдү» деп жазып, аскердик билетимди алып кетишиптир. Эсиме келип, түнү менен өлүктөрдүн арасында жаттым. Немис аскерлеринин баштыгында арак, сало, нан, кружкасы боло турган. Жергиликтүү тургундар өлгөн немистердин баштыктарын чогултуп алышчу. Ошентип чогултуп жүргөндөрдүн бири мени таап алып үйүнө алып барды. Ал жерде мен сыяктуулар көп экен, керебетке жаткырып жаныбызга бир чака менен дагараны коюп койду. Бизди карап 8-10 жаштагы балдар-кыздар гана жүрдү. Азыр силер уй чычып койсо жийиркенесиӊер, ал кезде ошол өспүрүм балдар биздин жараатыбыздан аккан кандарды чакалап төгүшчү.

«НЕМИСТИН ОГУНАН ЭМЕС, ТАМАГЫН ЖЕП ӨЛГӨНДӨР ДА БОЛГОН»
– Жараатым оор болгондуктан Москвада 4 ай дарыланып, 1944-жылы кайрадан согушка кирдим. Бир ирет калыӊ туман каптап, биз немис аскерлери менен аралашып калдык. Андай жерде атышуу жок, «штыковой бой» деп коёт. Куралыӊ менен чаап, сайып кете бересиӊ. Ошол учурда мени далыга чаап кетишти. Азыркыга чейин оӊ далым иштебейт. Германиянын бир шаарына барганда кайсы үйгө кирбе ысык тамагы даяр экен. Бизден мурун ал шаарга кирип барган жоокерлердин көбү тамактан ууланып өлүшүптүр. «Уу кошулуп жасалган тамактар, аны жебегиле» деп эскертип жатышты. Ачкабыз, эскертүүгө карабай ал тамактарды жеп алып өлгөндөр да көп болду.

«БЕРЛИНГЕ БИРИНЧИ БОЛУП КИРГЕНБИЗ»
– 1945-жылы 5-майда Рокоссовскийдин армиясы Берлинге биринчилерден болуп киргенбиз. Немистер болгон алтын, зер буюмдарын чыгарып беришчү. Үч күндөн кийин бизди кайра шаардан чыгарышты. Жерди казып, чуӊкурга кирип жаттык. Эртеӊ менен ойгонсок күн башкача, айлана тынч, баары шаӊдуу. «Жеӊиш!» деп кыйкырып, бири-бирибизди кучактап ыйлап жаттык. Өзүбүзгө тийиштүү буюмдарыбыздын жанына командирлер бирден алтын саат коюп коюшуптур. Анан 3-4 жоокерди дайындап, «кийим-кече, кездеме алып келесиӊер, аскерлер ата-энесине посылка салсын» деп Берлинге жиберди. Тапкан нерселерин көтөрүп келип жатышты. Эмне экенине карабай эле ар бир аскерге 10 килограммдан бөлүп беришти. Мен да алардын катарында Берлинден Таласка 10 килограмм кийим-кече жибергем.

«12 БАЛАЛУУ БОЛДУК»
– Согуш аяктаганда аскерлерди үйүнө бир айга жибере башташты. Алгач мурда мугалим, агроном болуп иштегендер кетти. Алардан кийин мага окшоп 2-3төн ашык жарадар болгондор кеттик. Согуштан келсем апам, бир туугандарым мен жиберген немистердин кийимдерин кийип оӊуп калышыптыр. «Таластын аскер комиссариатында иште» дешкенине карабай «эрежени бузбайын, аскердик кызматымды бир жолу жыйынтыктап келейин» деп кайра кеттим.
Ошентип аскерден 1946-жылы апрель айында келдим. Үйлөнүп-жайланып, кемпирим экөөбүз 12 балалуу болдук. 9 жыл мурун байбичемдин көзү өтүп кетти. Уул-кыздарымдын колундамын. Учурда 4 кыз, 4 уулум бар. Алардын ар биринен төрт-бештен неберелерим бар. Кудайга, жашоомо, өкмөткө ыраазымын, жыл сайын курортто эс алдырып, 18 миӊ сомдон пенсия берет.
Каарманыбыз кайра-кайра «алдын ала айтып койсоӊор болмок, мен орден-медалдарымды жаныма алдырып турмакмын»,- деп тынчсызданып жатты. Жумабек ата, сиз өзүӊүз биздин калыӊ журтка сыймыктанчу медалсыз. Ушул кайратыӊыздан тайбай, биздин көкүрөгүбүздө тирүү медаль болуп жанып жүрө бериӊиз.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Немистердин огунан эмес, тамагына ууланып өлгөндөр көп болду"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
aika1405
2015-04-06 09:49:30
Бизге жаркын келечек тартуулаган сиздей аталарга терен таазим!!!
+1
jazira_92
2015-04-06 11:48:48
Бар болунуз,омурунуз узуун болсун.Биз сиздер менен сыймыктанабыз.
+1
Ledi89
2015-04-06 12:25:05
Атакенин омуру узун,ден-соолугу чын болсун! Эч качан соогуш болбосун!
+1
Patriot...kg
2015-04-07 08:43:07
Окуп атып кино көргөндөй эле болдум.
+1
KERI_0000
2015-04-09 17:21:33
Patriot...kg,чын эле... кино коргондой эле болот экенсин,окуп.
+1
bermet104
2015-04-09 14:30:27
Аллах таалам сизге ден соолук берсин атаке! Кандай гана эрки кучтуу, кайраттуу адам! Мына ушулар оз убагынын чыныгы эр журок, патриоттору! Сизге таазим!!!
+1
Meruet84
2015-04-10 07:06:59
Коп жашаныз .
0
Nasyrkg
2015-04-11 18:30:07
Кагылайын аталар
0
Abdullatif
2015-04-11 18:41:19
Аталар ар дайым тируу биз учун
0
surgut.86.96
2015-04-13 03:09:13
Аллахым узак омур берсин
0
AIZAD
2015-04-14 15:14:52
Кандай наамдары, медальдары бар экенин жазсанар болмок. Кантип билсе болот?
0
№ 648, 3-апрель-9-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан