«Жоролор» куудулдар тобунун жетекчиси Жылдызбек Абдраимовдун айтымында, топтун жигиттери чыгармачылыкка катуу киришиптир. Казакстан менен келишим түзүп, чыгармачылык тажрыйба алмашуу болоорун айтып редакцияга баш бакты. Бул жигиттин куудулдук өнөрүнөн башка дагы ыр жаза коймой таланты бар. Акыркы жаӊылыктары менен катар Аваз Акимов ырдап жүргөн «Айганыш» деген ырдын да жаралуу тарыхына токтолду.
– Жылдызбек, салам! «Жоролор» тобу эмне тынчып калды десе, казактар менен иштешүүгө аттаныпсыӊар да...
– Ооба, буюрса казактар менен биз дагы иштешип көрөлү дедик. Мартта Казакстандын Шаншар театрынын 20 жылдык мааракесине театрдын директору Уалибек Абдраимовдун чакыруусу менен барып келдик. 3-4 жылдан бери өтүп келген «Ду-думан» деген куудулдар катышкан телевизиондук сынагын быйыл эл аралык деӊгээлде өткөрөбүз дейт. Ошого Кыргызстандын атынан «Жоролор» тобу катышмакчы болдук. Ал айлап тартыла турган долбоор экен. Биз да барып чыгармачылык жактан тажрыйба алмашып, өз казаныбызда эле кайнай бербей деӊгээлибизди өстүрөлү дедик. Анын үстүнө бул жерде бирибиз бошосок, экинчибиз бошобой көп чогула албай калабыз. Казакстанда бир гана чыгармачылык менен алек болобуз.
– Жакшы, ийгилик анда. Сенин акындык да талантыӊ бар экен, ошол туурасында кеп салсаӊ...
– Бир топ эле ырларым бар, эл арасында ырдалып жүргөн обондуу ырлардын да авторумун. Акындыгым бар экенин элим биле жүрсүн деп ырларымды китеп кылып чыгаруунун үстүндө алектенип жатам. Бирок негедир мурда жазган ырларым азыр өзүмө жакпай, бүгүн жазганымды эртеӊ окусам начардай сезилет. Ошондуктан бир ырдын үстүнөн кайра-кайра иштеп жатам. Биздин топтон чыккан ырчы Мирлан Баековго жакында эле «Жаӊылай» деген ыр жазып бердим, обону ага таандык. Жакында ырдап чыгат.
– Аваз Акимов ырдап жүргөн «Айганыш» деген ырыӊдын тарыхына токтоло кетпейсиӊби, ырдын сөздөрү айтып тургандай бир баян бар чыгар...
– Ал ыр өспүрүм куракта жазылган. Коӊшу айылдын балдары менен тааныш элек. Алардын айылына барып ар түрдүү оюндарды өткөрүп, алар биздин айылга келишип жакшы катышчубуз. Өзүбүздүн айылдын кыздарын чанган окшойм, тигил айылдын кыздарын акмалап калгам. Алардын мектебине башка жактан бир кыз келип окуп калды. Аны эки айылдын балдары баарыбыз жактырып калдык. Анан менде
Айылдашым сулуу Айганыш,
Ай, жылдыздай көктө жайнаӊыз.
Башка айылга ыраа көрө албай,
Баарыбыздын кетти айлабыз.
Сулуу, сулуу, сулуу Айганыш,
Жаш жүрөгүм сага байланыш.
Адат болду күндө кечинде,
Айганыштын үйүн айланыш.
Таш ыргытсам такыр тоготпой,
Кирешеӊер такыр жолотпой.
Апаӊ чыгат сенин ордуӊа,
Чоӊ таягын кармап колуна.
Басамын деп үйүӊ айланып,
Байкеӊе да калдым кармалып.
Огородго сууга келдим деп,
Алдап койдум аны жайгарып,- деген саптар жаралды.
Ал кезде мунун обону жок болчу. Орустардын белгилүү «Выходила на берег Катюша, На высокий берег на крутой» деген саптары бар «Катюша» деген ырынын обонуна салып ырдап жүрчүмүн. Ошону менен Айганышты сүйүп-күйгөндөрдүн бири да ага даап сөз айта албадык. «Эненин ою балада, баланын ою талаада» дегендей, биздин оюбуз сүйүүдө болсо, ал кыздын ою окууда болчу. Окуудан башка эч нерсе менен алектенчү эмес. Азыр ойлосом ата-энеси кызына окуу тууралуу гана ойлоосуна шарт түзүп берип, аны башка эч нерсе менен алагды кылышпаптыр. Биздики чала-була китеп бетин ачмай, анан үй иштери, малды жайгаруу, оюн болчу. Ошентип жүрүп Айганыш мектепти бүтүп чет өлкөгө окуганы кетти. Эки айылдын балдары сүйгөнүбүз менен бирибизге да буюрган жок. Кийин бул ырга Авазды ылайык көрүп, обон жазылып ырдап чыкты. Аваздын багын «Айганыш» ыры ачты десем болот.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg