Көпчүлүк жаӊы төрөлгөн балдардын денеси саргайып турары белгилүү. Бул оорунун белгисиби же өзү кетип калуучу көрүнүшпү? Муну түшүндүрүп берүүсүн өтүнүп Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ара төрөлгөн балдардын патология бөлүмүнүн жетекчиси, педиатр Сагынбү Абдувалиевага кайрылдык.
САРГАЮУНУ КЕТИРҮҮНҮН 1 ЖОЛУ – БАЛАНЫ ЭМИЗҮҮ
–Жаӊы туулган баланын денесинин саргаюусунун (желтуха) 2 түрү бар: физиологиялык жана патологиялык.
Физиологиялык түрү
Бул түрү жарыкка келген дени сак ымыркайлардын көбүндө кездешет жана денесинин саргаюусу туулгандан кийин 2-суткада күтүлөт. Эмне үчүн?
Кептин баары баланын организми түйүлдүк кезден өз алдынча жашоого ыӊгайлаша баштаганында. Бала ичте экенинде организминдеги эритроциттер феталдык (түйүлдүк) гемоглобиндер менен камсыздалган болот. Бала төрөлгөндө өсүп жетиле элек гемоглобиндер эритроциттер менен кошо бузула баштайт. Башкача айтканда, түйүлдүктөгү гемоглобин жаӊы гемоглобиндер менен алмашууга өтөт. Эритроциттердин бузулганынын белгиси болуп билирубиндин бөлүнүп чыгуусу эсептелет. Билирубиндин айынан баланын денеси саргаят. Негизи аталган зат денеден боор аркылуу бөлүнүп чыгат. Бирок ымыркайлардын боору толук иштей элек болгондуктан билирубиндердин канча бир бөлүгү боордо топтолуп калат. Ушундан улам баланын денеси 2-суткада саргая баштайт. Аны кетирүүнүн жолу баланы эмизүү болуп эсептелет. Бала эмчек сураган сайын эмизсе, билирубин эртерээк чыгып кетет. Өзгөчө ууз сүтүнүн пайдасы зор. Аны бала көбүрөөк эмсе, ичин өткөзүп, бир сыйра тазалайт. Демек, билирубин да чыгат.
Ымыркайдын анализин текшергенде билирубиндин саны нормадан бир аз ашык экени билинсе, анда ал сүт менен эле кетет.
Эгер нормадан көбүрөөк болсо, бала фототерапиядан өткөзүлөт. Башкача айтканда, ультра кызыл-көк нур бөлүп чыгаруучу лампанын алдында 24 саат жаткызылып, көзү көз айнек формасында тигилген калыӊ мата менен жабылат. Аны аял өзү тигип алса же даярын сатып алса да болот. Энеси ошол жерден убагы менен алып эмизип турат. Фототерапия баланы уйкусураткандыктан эмчекти жакшы эмбей коюшу да мүмкүн. Ага карабай ойготуп, жакшылап эмизүү талап кылынат. Айта кетчү нерсе, аял сүтүм көбүрөөк бөлүнүп чыга баштасын десе, түнкүсүн бат-баттан эмизиши шарт.
Баланын денесинин саргаюусу 1-2 аптада кетип калат. Төрөт үйүнөн чыккандан соӊ күн жылуу учурда сыртка көтөрүп же күн нуру тийген терезенин түбүндө көзүн жаап жаткызса да болот. Эне наристесинин денесин, өзгөчө таманы менен алаканын байкап жүрүүсү керек. Билирубиндин толук кетиши ошол жерлерден так билинет. Эгер саргаюусу 1-2 аптада кетпесе, педиатрга алпарып, анализ тапшыртуусу зарыл.
Эгер баланын денеси туулган күнү эле саргайса, анда билирубиндин деӊгээли аябай жогору. Андайда дароо чара көрбөсө, билирубин боордон чыгып, кан менен жылып баш мээге барып, баланы неврологиялык ооруга чалдыктырат. Бала өзү теӊдүүлөрдөн кеч эмгектеп, кеч сүйлөп, кеч басат жана башка. Андыктан анын алдын алып иммуноглобулин дарысы вена аркылуу берилет.
ПАТОЛОГИЯЛЫК ТҮРҮ
Баланын денеси төрөлгөн күнү эле саргайып, 3-4 күндөн соӊ анысы көбөйүп кетет. Буга себепкерлер төмөнкүлөр:
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg