ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (6-апрелден 12-апрелге чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Кандайдыр бир нерсе тынчыӊызды алып, кыжалат кылат. Ички сезимдериӊизди иреттеп алыӊыз. Шашылыш чечимдер жагымсыз жагдайга алып келет. Андыктан кандай гана ишти баштабаӊыз, жети өлчөп бир кесүү керек. Бейшембиде сизди кыжалат кылган маселелер оӊ жагына чечилет. Аптанын аягы эстетикалык ырахат тартуулоочу тасма көрүп же китеп окуп жан дүйнөӊүздү байытыӊыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Маанилүү иштин баарын аптанын биринчи жарымында бүтүрүүгө аракет кылыӊыз. Эгер жалкоолук кылып экинчи жарымына калтырып койсоӊуз, кесиптештериӊиз менен пикир келишпестик жаралышы ыктымал. Аптанын экинчи жарымында пайдасы жок майда-чүйдө иштер колуӊузду байлайт. Кырдаалдан чыгам деп жакындарыӊыздын же кесиптештериӊиздин көӊүлүн калтырып албаӊыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жумушуӊузда жаралган жагымсыз жагдайларга маанайыӊызды түшүрбөӊүз. Сизге кесиптештериӊиз жардамдашып, ишиӊиз жайына келет. Бейшембиде алыстан конок келиши күтүлүүдө. Аптанын аягында жакындарыӊызга жагымдуу маанай тартуулоо менен бирге көӊүлдүү эс алуу уюштуруу сиздин милдетиӊиз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Балдарга тиешелүү көйгөй жаралышы күтүлүүдө. Андыктан суукка кабылуунун алдын алып, балдарыӊызга өзгөчө көӊүл буруӊуз. Жума күнү колдон келсе алыс жолго чыкпай эле коюӊуз. Аптанын аягы үйдөгү майда-чүйдө тиричилик иштери менен өтөт. Жылдыздар капчыгыӊыздын жукарышына карабай, гардеробду жана үй-тиричилик буюмдарын жаӊылоону сунушташат.

АРСТАН (23.07-23.08)
Апта ичинде ар кандай иштер чыгып жетишпей, убара тартасыз. Энергияӊызды туура бөлүштүрүӊүз. Тыкыр иштелип чыккан план менен иштөө сунушталат. Апта ортосунда маанай түшүргөн окуяга жакындарыӊыздын бирин күнөөлөп, натыйжада уруш-талаш келип чыгышы мүмкүн. Апта аягы баары бир сиз күткөндөй жыйынтыктар менен аяктаарына жылдыздар сөз беришет.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Ден соолугуӊузга өзгөчө көӊүл буруӊуз. Дайым көтөрүӊкү маанайда жана аптанын аягына чейин активдүү жүрсөӊүз, бардык ишиӊиз жайында болмокчу. Буга жараша ишиӊиз да чачтан көп болот. Жагымсыз маанай тартуулаган же араздашып кеткен адамдарга көӊүл бурбаӊыз. Эгер сизде күнөө жок болсо алар өз катачылыгын сезип, кечирим сурап келишет.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада сизди жаӊы таанышуулар, сүйүү сезимдери кубандырышы күтүлөт. Үй-бүлөлүү болсоӊуз ички ынтымакты бекемдеп, гармония түзүүгө ылайыктуу апта. Шейшембиде досторуӊуздун арасында ою бузук адамдын бар экенин билип, таӊ каласыз. Андыктан сыр бөлүшүүчү адамдарды ылгап, пландарыӊызды абайлап бөлүшүӊүз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Романтикага чулганууга даяр болуӊуз. Бойдокторго олуттуу мамилелер үчүн кадам таштоого ылайыктуу апта. Шейшемби күнү кечинде жакын достор менен дасторкон үстүндө баарлашып, чер жазышыӊыз күтүлүүдө. Бейшембиде жаралган жагымсыз кырдаал кан басымдын көтөрүлүшүнө чейин жеткириши ыктымал. Ден соолугуӊузга этият болуӊуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптада күтүүсүздөн капчыгыӊыз кампаят. Жакын адамдарыӊыз жагымдуу маанай, сюрприздерди тартуулап, көӊүлүӊүз көтөрүлөт. Апта ортосунда жумушуӊузда күтүүсүз кырдаалдар жаралып, кечке чейин кармалып иштөөгө туура келет. Баарын орду-орду менен аткарсаӊыз, маселе жаралбайт. Жеке жашооӊуз жай ыргакта уланмакчы.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Асмандын башын самаган дымагыӊызды басып, реалдуу ойлонууга жылдыздар кеӊеш беришет. Эгер көп каражат алып келе турган иш баштаганы жатсаӊыз, аны кийинки апталарга жылдырганыӊыз оӊ. Апта ичи анча активдүү болбой, жай турмуш өткөрүүгө ылайыктуу. Аптанын аягында капчыгыӊыз жукарып калбас үчүн акчаны кор кармап, ар кайсыны сатып алуудан алыс болуӊуз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жаӊы долбоорлорду иштеп чыгуу, үй ичиндеги эмеректерди тууралап коюп, интерьер менен иштөөгө ылайыктуу апта. Маанилүү иштерди чечүү, жашоодон бурулуш жасап бир нерсе өзгөртүүгө аптанын аягы ылайыктуу. Андыктан бойдоктор көӊүлүндөгү адам менен жакындан баарлашып, ал эми ишкерлер келишимдерди ишке ашыра берсе болот.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Тобокелчиликке баруу үчүн ылайыксыз апта. Кандай гана иш болбосун бардык нерсе менен жакындан таанышып, анан кадам жасаӊыз. Шаршембиде үй-бүлө мүчөлөрү менен чыр-чатакка баруудан алыс болуӊуз. Эгер сиз жалгыз бой болсоӊуз, жагымдуу таанышуу үчүн апта аягы ылайыктуу. Мамиленин узакка уланышы сиздин чечкиндүү кадамдарыӊыздан көз каранды болмокчу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 648, 3-апрель-9-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан