Өткөн аптада Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодское айылында оор кылмыштын бети ачылды. Тагыраак айтканда, мындан 13 жыл мурун өз күйөөсүн өлтүрүп, анын денесин үйүнүн короосундагы чуӊкурга көмүп салган айым кармалды.
«КҮЙӨӨМДҮ ӨЛТҮРБӨСӨМ АЛ МЕНИ ТИРҮҮ КОЙМОК ЭМЕС»
Биз Москва РИИБинин кызматкерлерине сурак берип жаткан кылмышка шектүү Татьяна Кулигинага жолугуп, окуя тууралуу өз оозунан уктук:
– 1962-жылы Алматы шаарында төрөлгөм, Казакстандын жараны болом. Биринчи күйөөм менен ажырашып кеткем, андан 2 кызым бар. Экинчи күйөөм Олег менен Кыргызстанга көчүп келгенде таанышып, экөөбүз баш кошкон соӊ Беловодское айылында жашап калдык. Олег менден 4 жаш кичүү эле. Экөөбүз 6 жылга чукул чогуу жашап, 2 балалуу болдук. 4 балам, күйөөм жана бир тууган иним болуп чогуу жашачубуз. Күйөөм ар кимдин кара жумуштарын жасап берип акча тапчу.
2002-жылдын 9-ноябрь күнү ал адаттагыдай үйгө мас абалда келип, «үйдөгү түтүктөрдү сатам» деп уруш чыгарды. Балдар эшикте ойноп жүрүшкөн эле. «Сатпайсыӊ» деп каршы болсом мени сабап кирди. Бир кезде ызама чыдабай, күчүмдү жыйнадым да, жакын жерде турган ашкана бычагын ала калып күйөөмдү көкүрөк тушка сайып жибердим. Кыйкырган үндөрдү уккан иним чуркап келди. Ал учурда мен эмне болуп кеткенине түшүнө албай башымды мыкчып отургам. Иним жерде канжалап жаткан Олегди сүйрөп эшикке алып чыкты да, мени сыртымдан бекитип койду. Андан аркысы эмне болгонун билбейм. Арадан бир сааттай убакыт өткөн соӊ иним, балдарым чогуу үйгө киришти. Инимден «Олег кайда?» деп сурасам, «сенин ишиӊ болбосун, экинчи аны сураба!» деп кагып салды. Инимдин жини чукул, анын үстүнө талмасы да бар эле. Андан коркуп кийин бул тууралуу ооз ачкан жокмун. Ал 2003-жылы жүрөк оорудан улам каза болуп калды. Анан күйөөмдөн аласасы бар адамдар келип үйдү тартып алып, оӊдоп-түзөп башкаларга сатып жиберишти. Бизди болсо көчөгө кууп чыгарышты. Коӊшубуздун үйүндө убактылуу баш калкалап жүрдүк.
Бул жакта мага каралаша турган туугандарым жок. Колумдан келген жумуштарды жасап балдарымды бактым. Күйөөмдү чуӊкурга ким көмгөнүн билбейм, мен көмгөн эмесмин. Мен аны өлтүрбөгөндө ал мени эбак эле өлтүрмөк. Анын токмогунан улам башымдын эки жери жарылган, бетимде, оозумда тырыктарым бар. Ажырашайын
десем, «сен менден эч жакка кетпейсиӊ!» деп коркутчу.
«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ «КҮЙӨӨМ ЖОГОЛДУ» ДЕП ЖАЛГАН АРЫЗ ЖАЗГАН»
Бул кылмышты тергеп жаткан Москва РИИБинин тергөөчүсү Нурзада Раззакова буларга токтолду:
– Киши өлтүрүү болгондугу тууралуу маалымат алган биздин кызматкерлер тарабынан шектүү катары Беловодское айылындагы Совет көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жашоочусу Татьяна Кулигина аттуу айым кармалган. Анын көрсөтмөсү менен ошол эле көчөдөгү алардын мурунку үйүнөн кишинин сөөгү казылып алынып, соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү. Тергөөдө белгилүү болгондой, Татьяна Кулигина мындан 13 жыл мурун күйөөсүн өлтүрүптүр. Үйдүн короосунда тереӊдиги 2 метр болгон унаа оӊдогон чуӊкур бар экен, сөөктү ошол жерге таштап, үстүнө топурак төгүп коюшкан. Сөөк чыккан үйдү азыркы кожоюну 10 жыл мурда сатып алган экен. Үйдүн мурунку кожоюндары тууралуу анын кабары жок болгон. Күйөөсүн өлтүргөн соӊ кылмышка шектүү Татьяна Москва РИИБине кайрылып, күйөөсү дайынсыз жоголгону тууралуу арыз таштаптыр. Ошол боюнча маркум издөөдө жүргөн.
Учурда кылмышка шектүү күнөөсүн моюнуна алып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Анын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми кылмышка катыштыгы бар болушу мүмкүн болгон Татьянанын иниси бир топ жыл мурун каза болуп калгандыгы анык. Кылмышка шектүүнүн өспүрүм курактагы 2 баласы бар, алар азыр биринчи күйөөсүнөн төрөгөн кыздарынын колунда.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg