КЫЛМЫШТАР ЖАНА КЫРСЫКТАР

«САБАЛЫП, ЗОРДУКТАЛДЫ» ДЕЛГЕН 2 ЖАШТАГЫ БАЛАНЫН АТАСЫ CОТТОЛДУ
24-март күнү Аламүдүн райондук соту «катуу сабалып, зордукталды» делген 2 жаштагы наристенин атасы 41 жаштагы Назарбай Түлебековдун ишин карап, жыйынтыгында аны «жашы жете электерди тарбиялоодо милдеттерди аткарбоо» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 2 жылга жатак-абагына кести.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-январына караган түнү Бишкек шаарындагы балдар ооруканасына 2 жашар бала оор абалда жеткирилген. Анын денесинде көптөгөн жаракаттар болгон. Соттук-медициналык экспертиза анын зордукталганын да аныктаган. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары баланын атасынын 47 жаштагы бир тууган агасы жана анын аялы эки айга камакка алынган. Кийин баланын атасы да камакка алынып, ага карата кылмыш иши козголгон эле.

5 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫ ЗОРДУКТАГАНГА ШЕКТҮҮ АДАМ КОЛГО ТҮШТҮ
Бишкек шаарынын четиндеги Келечек жаӊы конушунда «5 жаштагы кызды зордуктаган» деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалыматка караганда, 29 жаштагы айым милиция кызматкерлерине кайрылып, анын 2010-жылы төрөлгөн кызын 37 жаштагы Нурбек аттуу коӊшусу зордуктап салганын айткан. Анын айтымында, окуя 21-март күнү болгон. Арыз ээси ал күнү түшкү саат 12:30 чамасында күйөөсү менен Нооруз майрамын майрамдоого даярданып жатканда кызы курбулары менен ойногону эшикке чыгып кеткен. Ошол маалда коӊшусу «момпосуй берем» деп алдап үйүнө алып барып зордуктап салганын 5 жаштагы секелек кыз апасына айткан. Бул боюнча кылмышка шектүү катары Нурбек аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Экспертизанын жыйынтыгы чыккан соӊ ошого жараша кылмыш ишин козгоо же козгобоо чечими чыкмакчы.

125 КИЛОГРАММ ГЕРОИНДИ ТАШЫП БАРАТКАНДАР КАРМАЛДЫ
Чүй облусунун Сокулук районунан 125 килограмм героинди чет өлкөгө алып кетмекчи болгон 3 чет элдик жаран кармалды.
УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 28-март күнү УКМКнын кызматкерлери Түркия-Иран-Түркмөнстан-Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан-Орусия-Бельгия каттамы аркылуу баӊгизат ташуу менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн колго түшүрүшкөн. Тинтүү учурунда унаанын алдына бекитилген героин салынган 240 кутуча табылып, анын жалпы салмагы 125 килограммды түзгөн. Кармалган жарандар УКМКнын СИЗОсуна киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

 

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Mederina11
2015-04-06 10:00:37
Ошондо атасы зордогон болуп калабы?Кудайым озун сакта(((Ошондой болсо 2 жыл кантип болсун!!!Кыжырды келтирет го,2жылдан сон чыгып алып адатын дагы баштайт да!Кыргызстандын келечеги учун мындй зоокурлордун кереги жок болчу!!!Мал уурдагандар да мындан коп убака соттолушат!Каяка карап отурат соттор!!!!!!!!
-3
aikol87
2015-04-06 10:50:42
Mederina11,Атасынын агасы з..... деп туратко, макалага конул бурсан.
0
ZANIA-92
2015-04-06 11:30:03
Mederina11, " жашы жетелектерди тарбиялоодо милдеттерди аткарбоо" беренеси менен деп туратко, кайра окуп чыксан тушунуп каласын.
0
Wave.
2015-04-06 11:15:15
Туугандар, макаланы тактап окуп, анан коммент жазсанар. Бул дагы сабатсыздыктын бир туру...
+1
ZANIA-92
2015-04-06 11:34:15
Мен кошулбайт элем атасы иштебей уйундо бала карап жатыпалса анда ким буларга нан таап бермек эле? Айла жоктон тууганына таштап кеттида баласын. Эми атасы слттолуп кетсе балага ким кам корот? Кудайым куч кубат берип наристе саксаламат болуп кетсе экен.
+1
rusana
2015-04-06 11:37:37
Ошондо кылмыш кылган зоокур озу канча жылга кесилди? Эки ай менен кутулуп кеттиби же?
0
Meruet84
2015-04-08 09:09:03
Неге зордуктаган зоокур авасын айтпадыныздар админ.Суттон ак кылып чыгарып жиберишти бекен э .
+1
asdf
2015-04-10 01:07:52
негизи куноолууну эки ай деп аз гана моонотко соттобой берчу жазаны каттуу берищ керек куноолуу ушул дуйного туулганына окунуп тигил дуйнодо да азап чеккидей кылыш керек. кандай жаза тартып атканын коргозуп турса адамдар мындай ишти жасагандан кайра тартат деген умутум бар
0
Shaa-82
2015-04-13 14:59:55
Атасын бекер камаптыр баланы ким карайт эми и так атасы ансыз деле азап чегип ататго
0
№ 648, 3-апрель-9-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан