«ЗЕНИТТИН» ТУМАРЫ – АЛЕКСАНДР КЕРЖАКОВ

Акыркы кездерде Орусия курама командасы футбол жаатында ийгилик жарата албай келет. Тыӊгылыктуу ойногон футболчуларын да манжа менен санаса болот. Бирок алардын арасында өзүнчө сөзгө арзый турган футболчу бар. Ал «Зениттин» тумары – Александр Кержаков.

Аты-жөнү – Александр Кержаков
Каймана аты – Керж
Туулган жылы – 1982-жыл, 27-ноябрь
Туулган жери – Орусия, Кингисепп шаары
Билими – Лесгафт университети (2006-жыл), Санкт-Петербург мамлекеттик университети (2010-жыл)
Клубу – «Зенит» (Санкт-Петербург)
Амплуа – Чабуулчу
Жетишкендиктери: Испания Кубогу жана УЕФА Кубогунун ээси (2006-2007-жылдар, «Севилья»), Орусиянын чемпиону (2010-2012-жылдар, «Зенит»), Орусиянын мыкты футболчусу (2010-жыл), Орусиянын Эмгек сиӊирген спорт чебери.
Эки никесинен Дарья жана Игорь аттуу балдары бар.

КАРЬЕРАСЫ:

«Зенит» (Санкт-Петербург)(2001-2006-жылдар, 2010-жылдан азыркыга чейин) 271 оюнда – 119 гол
«Севилья» (Испания) (2007-2008-жылдар) 26 оюнда – 8 гол
«Динамо-Москва»(2008-2009-жылдар) 51 оюнда – 19 гол
Орусия курама командасы – (2002-жылдан азыркыга чейин) 88 оюнда – 29 гол

«ФУТБОЛЧУ БОЛУУДАН БАШКА АЙЛАСЫ ЖОК ЭЛЕ»
«Зенит» футбол клубунун учурдагы чабуулчусу 1982-жылы 27-май күнү Кингисепп шаарында (Ленинград облусу) карапайым үй-бүлөдө жарыкка келген. Атасы Анатолий Кержаков жаш кезинде футбол ойночу. Анын биринчи машыктыруучусу да атасы болгон. «Атасы Сашага футболду эле үйрөтүп жүрчү. Баламдын футболчу болуудан башка аргасы жок эле»,- деп эскерет апасы Татьяна Кержакова. Жыйынтыгында Сашаны 11 жашка толгондо эле Санкт-Петербургдун «Зенит» спорт мектебине беришкен.

КАРЬЕРАСЫ
Александр спорт мектебин аяктаган соӊ алгач сүйүүчүлөр арасындагы «Светогорец» клубунда ойноп баштайт. Арадан көп өтпөй эле 18 жаштагы көптү үмүттөндүргөн жигитти Санкт-Петербургдун башкы клубу болгон «Зенит» өз курамына кошуп алат. Александр олуттуу командада өзүн жоготкон эмес, алгачкы сезондо эле Орусиянын Премьер-Лигасынын мыкты футболчуларынын катарына кире алган. Кийинки сезондо 20 жаштагы Кержаков эӊ жаш мыкты футболчу аталып, улуттук курама командага чакырылган. Ошол эле жылы Орусияга анча ийгиликтүү болбой калган Дүйнө Чемпиондугуна катышкан. Ал эми клубдук аренада гол артынан гол киргизгенин улантып, «Зениттин» дагы бир тыӊ чыкмасы Андрей Аршавин экөө мыкты оюн көргөзүп, атаандаштарынын түштөрүнө кирип калышкан. Ал жылы «Зенит» чемпион болбосо да, Кержаков Премьер-Лиганын мыкты бомбардири боло алган.
2006-жылы Кержаков Испаниянын «Севилья» клубунда ойноп, 1 жылдан соӊ «Динамо-Москва» командасына өтөт. Машыктыруучулардын ишенич артпагандыгынын жыйынтыгында ал 2010-жылы өз «үйү» «Зенитке» кайтып келген.

ХАЛК МЕНЕН АТААНДАШТЫК
Александр «Зенитке» кайтып келгенде бул команда бир кыйла өзгөрө түшкөн эле. «Газпром» компаниясынын демөөрчүлүгү астында клуб дүйнөдөгү «мен кыйын» деген футболчуларды сатып алууга кудурети жетип калган. Жыйынтыгында командага бир далай белгилүү футболчулар Аксель Витсель, Халк, Саломон Рондон кошулган. Учурда машыктыруучу Андре Виллаш-Боаштын чечими менен орус бомбардири алмашууга чыкчулардын катарында гана. Буга жинденген күйөрмандар өз сүймөнчүгүн ар бир оюнда колдоп келишет. Алсак, ар дайым «Петровскийде» («Зениттин» стадиону) «Дарбазачы гол киргизсе да, Кержаков үчүн ырдайбыз!» деген чакырык жаӊырат. Командадан кетүү туурасында өзү: «Зенит» мени тарбиялаган. «Зенит» менин үйүм. Эми бул жактан эч жакка кете албайм»,- деп айтып келет.

АЯЛЫ БАӉГИЗАТ КОЛДОНОБУ?
Александр Кержаков учурда чуулгандуу окуя менен эл назарында. Ал 2012-жылдан бери жарандык никеде жашап келген аялы Екатерина Сафронова менен ажырашып, аны эне укугунан ажыратуу үчүн сотко кайрылган. Буга себеп – аялынын баӊгизатка берилгендиги. Кержаков бул жөнүндө аялы менен таанышкан күндү эстейт: «Катя менен түнкү клубдан таанышкам. Анын күйөөсү жана кызы бар болсо да, клубда жүргөнү мени таӊ калтырган. Ошондо эле жеӊил ойлуу болчу жана баӊгизат колдонгонуна анча таӊ калган жокмун»,- деп белгилейт. Экөөнүн ортосунда Игорь аттуу уулу бар.
Бул арада Екатерина телеберүүлөрдүн бирине катышып, түз эфирде экспертизадан өтүп, канынан баӊгизаты табылган эмес. Ал: «Мен ушактардын курмандыгы болуп калдым. Сашанын айланасындагылар эле ортобуздагы мамилени ырбатып салышты»,- деп актанып, күйөөсү өткөн жылдан бери баласына жолотпой жатканын белгилеп өттү.
Кержаков буга чейин да үйлөнгөн. Анын биринчи никесинен Дарья аттуу кызы бар. Учурда Сашанын белгилүү саясатчы Вадим Тюльпановдун кызы менен мамилеси бар экендиги ачыкка чыгып жаткан маал.

КЕРЖАКОВ ТУУРАЛУУ

  • Уккан музыкасы – рок, «Ленинград» тобун баалайт
  • 2002-жылы анын «16 жашка чейин жана кийин» деген биографиялык китеби жарык көргөн.
  • Ресторан бизнеси менен алектенет. Алсак, «Севильяга» (Испанияга) 2005-жылы кетерде эки ресторанын ата-энесине жана өнөктөштөрүнө өткөрүп берген.
  • Күйөрмандар Аршавин – Кержаков байланышын (талаада чогуу ойногон дуэт) «Зениттин» тарыхындагы эӊ мыкты футболчулар деп табышкан. Учурда эки футболчу теӊ «Зенитте», бирок алмашууга гана чыкчу футболчулардын катарында.
  • Евро-2012 чемпиондугунун 3 тайпалык оюнунда бардыгы болуп дарбазага 12 сокку узаткан. Алардын бирөөсү да таамай болгон эмес. Жыйынтыгында англиялык футбол күйөрмандары kerzhakoved (таамай эмес сокку) этишин ойлоп табышкан.
  • Иниси Михаил да профессионал футболчу, учурда «Анжинин» дарбазачысы.

Спорт жаӊылыктары
Футбол
ООГАНСТАН ОШКО САПАР АЛБАЙ...
31-мартта Ош шаарындагы А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо өлкөнүн футбол боюнча курама командасы Ооганстан менен жолдоштук беттеш өткөрмөк. Аба ырайынын кескин өзгөргөнүнө карабастан кыргыз футболчулары Ошко учуп барышкан. 149 жүргүнчү, анын ичинде футболчулар бар учак Ош шаарынын аэропортуна конордо учуу тилкесинен чыгып кеткен. Бактыга жараша эч ким жабыркаган жок. Ал эми Бишкекке келген Ооганстандын курамасы муну угуп, оюндан баш тартып, кайра өз өлкөсүнө кетишти. Атайын оюн өткөрүү үчүн Ошко барган Кыргызстандын курамасы жөн кетпей, «Алай» футбол клубу менен ойноп, 3:0 эсебинде жеӊишке жетишти.

Дзюдо
ЮРИЙ КРАКОВЕЦКИЙ КОЛО БАГЫНТТЫ
Кыргыз дзюдочусу Юрий Краковецкий Түркияда 27-29-март аралыгында өткөн «Гран-при» мелдешинде коло медалга татыды. Ал 100 килограмм салмакта өз күчүн сынап, жарым финалга жете алган. Анда Олимпиада-2012 коло медалчысы бразилиялык Рафаэл Силвага утулуп, 3-орун үчүн күч сынашты. Мекендешибиз коло медаль үчүн болгон чечүүчү кармашын азербайжандык Ишанги Кокаури аттуу спортчуга каршы өткөрүп, жеӊишти камсыз кылды.

Александр менен Екатерина 3 жыл бирге түтүн булатышкан соӊ эки башка жолго түшүштү.

Орус бомбардирине күйөрмандардын колдоосу күчтүү.

Саша «Зениттин» жана Орусия курама командасынын эӊ көп гол киргизген футболчусу.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
eldar96
2015-04-06 10:37:49
быйыл болбой калыптыр бирок
0
berdibek05
2015-04-08 02:11:29
кержаков мыкты
0
№ 648, 3-апрель-9-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан