Бакыт Төрөбаев, Жогорку Кеӊештин депутаты: «МАМЛЕКЕТТИК МААНИЛҮҮ ЧЕЧИМДЕРДИ КАБЫЛ АЛУУДА ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯНЫ ТАРТУУ ЗАРЫЛ»

Мамлекеттүүлүктүн өнүгүүсү жана калыптануусундагы маанилүү маселелерди чечүүдө интеллегенцияны тартуу зарыл экендигин биринчилерден болуп Бакыт Төрөбаев демилгелеп келет. Антпесе көпчүлүк каражат табуунун жолун гана издеп, рухий байлык бар экенин унутуп койгондой. "Кыргыз интеллигенциясы коомдун рухий байлыгын гана байытпастан, жалпы мамлекеттин өсүп-өнүгүүсү да алардын чечиминен көз каранды" деген «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын төрагасы менен маек курдук.

– Коомубуздун учурдагы абалына кандай баа бересиз?
– Кыргызстандагы жаӊылыктарды карасак, согуш талаасынан маалымат берилгендей таасир калтырат. Бир жерде адам өлтүрүү, экинчи жерде зордук-зомбулук, дагы бирөө ур-токмокко кабылды деген үрөй учурган кабарлар. Эки жашар баланын зордукталышы – эмне деген шумдук?! Мындан улам коомдо баалуулуктар жоголуп бараткандай, туӊгуюкка камалып жатканыбыздай туюлат. Адамдардын жан дүйнөсү көӊдөй болуп, ал боштук эмне менен толтурулуп жатканын айтуу кыйын.
Чыӊгыз Айтматов, Болот Миӊжылкыев, Сүймөнкул Чокморовдор биздин кумирибиз эле, а азыр жаштардын кумири ким? Жаштар үчүн уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрү менен таза эмес чиновниктер өрнөк болууда. Бала кезимде айылда мектептин директорунун кадыр-баркы жогору эле. Азыр мугалимдерге болгон сый төмөндөп, аларды эч ким укпай калды. Театрга же кинотеатрга барбай калганыбыз бул жакта турсун, китеп окулбай калды. Азыркы жаштар көпчүлүк убактысын зордук-зомбулук чагылдырылган тасмалар басымдуулук кылган, маданиятыбызга жат баалуулуктарды таӊуулаган интернет, кабелдүү телевидениеде өткөрүүдө. Менин айтайын дегеним, биздин интеллигенция коомго багыт берүүдө, маанилүү маселелерди чече албай, коомдук пикирди пайда кылууда эч кандай таасир эте албай калышты.
– Дегеле бизде интеллигенция барбы, сиз кандай ойдосуз?
– Интеллигенция өкүлдөрү – тереӊ ой чабыттуу, билимдүү, күчтүү гана эмес, ошол эле учурда жогорку моралдык принциптерге ээ, адилеттүүлүк үчүн күйгөн жана эркин ойлонгон адамдар. Тилекке каршы, биз акыркы жыйырма жылда интеллигенциянын жогорудай сапаттарынын жоголушуна себепкер болдук. Алардын пикири эске алынбай, адилеттүүлүк менен эркиндик тууралуу түшүнүк түп тамырынан бери өзгөрүлүп кетти. Антпесе ар бир айылда, шаарда интеллигенция бар да. Ал биздин мугалим, дарыгер, жазуучу, сүрөтчү дегеле моралдык баалуулуктарга ээ адамдар. Бирок турмуш чындыгында атка минерлерге болгон көз карандылыгы аларды унчукпас кылып, акыры келип кайдигер болууга мажбурлады. Мисалы, мугалимдердин шайлоо учурунда бардыгына макул болуп, бекер жумушчу күч катары айлампа добуш берүүдө колдонулуусу аларга аброй алып келген жок. Аз айлык акы аларды баш көтөртпөй, эптеп өзүн жана үй-бүлөсүн багуунун гана айласын ойлонууга алып келди. Сен мага тийишпе, мен сага тийишпейм дегендей эле абалда. Мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда интеллигенциянын сыртта калышына өзүбүз күнөөлүүбүз.
– Мамлекеттин түзүлүшүнө интеллигенциянын орду кандай?
– Сиз билесизби, биздин легендарлуу парламент кантип түзүлгөнүн? Эл өзү коомдо аброю бар, татыктуу инсандардан "депутат болуп бериӊиз" деп суранышкан. Туӊгуч парламент улуттун жүзү болчу. Анда чындыгында коомдо кадыр-баркы бар, өлкөнүн деӊгээлинде ой жүгүрткөн татыктуу адамдар болгон. Интеллигенция маанилүү чечимдерди кабыл алган. Бирок айрым саясатчылардын жеке кызыкчылыгы элдин кызыкчылыгынан айырмаланган убакта интеллигенция кереги жок болуп четке сүрүлүп чыгып калды. Учурда Кыргызстанда интеллигенцияны кайрадан чечим кабыл алууга чакыруу менен, мурдагыдай таасирин күчөтүү керек болгон абал түзүлдү. Аларга эркиндик жана мүмкүнчүлүктөрдү берүү зарыл.
– Бул ойду ишке ашыруу жеӊил болбосо керек?
– Мен көтөргөн менен көпчүлүк үчүн керексиз, пайдасыз идея болушу мүмкүн. Анткени азыркы саясаттын башында өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн саясатчылар көп. Интеллигенция ойгонсо ыӊгайсыз суроолор жаралып, коррупциялык схемалардын бети ачылып, айрым башкаруучулардын иш билги эмес, алысты көрө албаган чабалдыктары сыртка чыга баштайт. Ошондуктан мен интеллигенциянын аброюн тез арада калыбына келтирип, алардын таасирин күчөтүү керек деп баса белгилеп кетким келет. Антпесе бүгүнкү талаа башкармалары менен базаркомдордун башкаруусу эч качан бүтпөйт. Андыктан биздин урматтуу интеллигенция өкүлдөрүнүн ойгонушун суранар элем, болбосо коом кайда баруу багытын билбей, чоочун баалуулуктар таӊууланып, ал тургай улуттук нарк-насилибиз унутулуп бара жатат.
– Кандай деп ойлойсуз, абалды оӊдосо болобу?
– Албетте, оӊдосо болот жана оӊдош керек. Билим берүү, маданият, маалымат саясатында, мамлекеттик башкаруу жана башка тармактарда чаралар көрүлүп, аларды ишке ашыруу зарыл. Биринчи кезекте, интеллигенцияны чечим кабыл алууга тартуу керек. Ал үчүн комплекстүү иш-чараларды иштөө абзел. Маселен, Орусияда коомдук палата түзүлгөн. Ага илимпоздор, жазуучулар, искусство ишмерлери, көрүнүктүү коомдук ишмерлер тартылган. Анда кеӊири көйгөйлөр: моралдык жүрүм-турумдан тарта саясий маселелерге чейин талкууга алынат. Коомдогу орчундуу көйгөйлөр, мыйзам долбоорлору коомдук палатанын элегинен, экспертизадан өтөт. Козголгон маселелердин коомго канчалык пайдасы бар экендиги, алгач интеллигенциянын элегинен өтөт. Алардын иши натыйжалуубу же жокпу деп талаш жүрүшү мүмкүн. Бирок Кыргызстанда мындай талкууга ала турган талаа дагы жок да. Эмне үчүн ушундай органды Кыргызстанда түзүүгө болбосун?
Экинчиден, интеллигенцияга жарандарга багыт берүүчү баалуулуктарды түзүүгө мүмкүнчүлүк бериш керек. Менимче, өлкөгө моралдык-нравалык принциптерге негизделген мамлекеттик идеология зарыл. Жөн эле элге түшүнүксүз образдар эмес, саясат, бизнес жана кадыресе жашоо үчүн конкреттүү багыт болуусу заман талабы. Биз буга чейин чиновниктер «Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз», «Манастын жети осуяты» сыяктуу долбоор кылып түзгөн идеологияларды башыбыздан кечирдик. Бирок аларды ишке ашыруунун так механизмдери жазылган эмес. Ушул жерден бир ой келет, мүмкүн биз советтик пропаганда мектебине кайрыларбыз. Бул сөз жагымсыз угулат, ошентсе да коммунизм-ленинизм деген фанатикасын эске албаганда биз тарбия берүүдө жакшы механизмге ээ болмокпуз. Канткен күндө да эӊ башкысы иш кагаздары менен профессионалдар (тарыхчы, педагог, жазуучу, философ, маданият ишмерлери жана башка адистер) иштеши зарыл. Жыйынтыгында, биз тарыхый окуялар жана инсандар, адабий каармандар, кинотасма, телевизиондук программалар, боорукерликке, чынчылдыкка, эмгек менен билим алууга үйрөтө алган заманыбыздын кумирлерин таба алабыз. Бул бүтүндөй бир өлкөнүн рухий жашоосун камтыган абдан зор стратегия. Буга ылайык, балдар бакчасы, мектеп жана ЖОЖдордогу окуу программаларын, окуу-усулдук ыкмаларын дагы өзгөртүү багытында көп иштер жасалышы керек.
Келечекте Кыргызстандын жаранынын образы кандай болуусу керек, турмушта ой-максаттарын ишке ашырууда ал эмнеге умтулат? Менимче, келечектеги кыргызстандык бул эмгекчил, билимдүү, маданияттуу жана дени сак, өз кесибинин мыкты адиси, коомго пайдалуу адам болушу шарт. Андыктан мамлекет өз жарандарынын сапаттуу билим алуусуна, спорт менен машыгуусуна, турмуштук жана кесиптик өсүүсү үчүн бардык шарттарды түзүп берүүгө тийиш.
Мен жогоруда айтып кеткендей булар – бардык багыттагы комплекстүү иш-чара. Жөн гана идеология үчүн жазып, аны текчеге ыргытуунун кажети жок. Бул багытта тереӊ, маӊыздуу иштердин өтөсүнө чыгууга тийишпиз, ансыз жыйынтыкка жетүү мүмкүн эмес. Антпесек принциби, адеп-ыйманы жана жүрөгү жок маӊкурттарга толгон коомго туш болуу тобокелдиги бар.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Wave.
2015-04-06 11:21:42
Ушул байкени байкап журом. Жакшы демилгелерди которот. Озу да аракет кылгансыйт. Шайлоонун алдындагы аракетиби же негизинен эле ушундай депутатпы? Бул киши жонундо маалымат берип койсонор...
0
uulay
2015-04-06 17:02:27
Шайлоодон кийин да ушундай дем мн иштениз демекчимин.Келечекте тарыхта жакшы аты кала турган депутат болунуз
0
Dimonbek
2015-04-10 22:32:19
Бизде интеллигенцияны колдобой эле Улуттук Илимдер Академиясын жапкылары келип турат
0
tilek-x
2015-04-13 08:46:01
Кыргызстанга дал ушундай жаны дем куч менен иштеген депутаттар болсо жакшы болмок кийин эле озгоруп кетишпесе.
0
Mamat_ele
2015-05-03 13:41:04
Саламатсыздарбы супер инфо жамааты,Бакыт Торобаев байке менен кантип байланышсак болот ?
0
№ 648, 3-апрель-9-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан