Үстүбүздөгү жылдын 7-апрелинде 2010-жылкы Элдик революцияга 5 жыл толот. Бул күнү «элдик көтөрүлүш болгон», «революция болгон», «жок, бийликти күч менен тартып алуу болгон» деген талкуулар бүгүнкү күнгө чейин тыйыла элек. Авторитардык бийликке нааразы болуп митингге чыккандардын арасынан 87 адам ошол күнү өз өлкө жетекчилигинин буйругу менен өз элинде, өз жеринде, сырттан кирген душманы жок эле окко учуп каза табышты. 5 жыл аралыгында ошол күнү алган жаракаттарынан улам каза болгондор кошулуп отуруп апрель курмандыктарынын саны 118ге жетти. Ушунча адамдын каны менен ишке ашкан Апрель революциясы Кыргызстанга эмне алып келди? Ушундай суроо баарыбыздын көӊүлүбүздө. Бул суроого баш катырган эксперттердин басымдуу бөлүгү төмөнкү жакшылыктарды баса белгилешет:
Апрель революциясынан улам биз бийликти бир колго узурпациялап алуу маселесин чечип, башкаруунун президенттик-парламенттик жолуна түштүк. Ага ылайык, Баш мыйзам кабыл алдык. Бул систем өлкөгө байланыштуу негизги маселелер боюнча чечимдер бир кландын, бир адамдын кызыкчылыктарына жараша чечилип калбастан, көп саясий күчтөрдүн маанилүү чечимдерди кабыл алууга аралашуусуна мүмкүнчүлүк берип жатат.
Апрель революциясы саясий партияларга өнүгүүгө жол ачып берди. Ошондой эле ал массалык маалымат каражаттарынын өнүгүшүнө, анын негизинде мурдагы бийликтер тарабынан «уурдалып» кеткен сөз эркиндигинин калыбына келишине шарт түздү.
Албетте, нааразычылыктар да жок эмес. Анткени кадр маселелери көпчүлүк учурда баягыдай эле байланыш-катыштар аркылуу чечилүүдө. Калкты ныгыра баскан жардылык оӊолуп кеткен жок. Парламентаризм боюнча да коомчулукта көӊүл калуу тенденциясы акырындап өсүп баратат. Анткени парламенттеги фракциялар өз миссияларын «портфель бөлүштүрүү» деӊгээлинен ары көтөрө албай жатышат.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg