БИР БҮРКҮМ

  • 2015-жылдын соӊуна чейин Бишкек шаарындагы өндүрүш абоненттерине 14 636 АКЫЛДУУ ЭСЕПТЕГИЧ орнотуларын «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти.
  • 31-мартта Жогорку Сот «Кудайберген» базарынын жетекчилигинен ПАРА АЛГАНДЫГЫ үчүн Монополияга каршы мамлекеттик агенттиктин кызматкери Нургалы Кудаяровду 5 жылга эркинен ажыратты.
  • Борбор калаада жана Чүй облусунда жүргүзүлгөн «Качкын» деген аталыштагы рейддин алкагында жаза өтөөчү мекемелерден качкан 27 КЫЛМЫШКЕР кармалды. Бул тууралуу 31-мартта Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы кабарлады.
  • Акыркы 3 жылда 1603 ЭМГЕК МИГРАНТЫ чет жерден кургак учук илдетин жуктуруп келген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
  • Өлкөнү ичүүчү суу менен камсыздаш үчүн Дүйнөлүк банк 16,5 миллион ДОЛЛАР бөлүп берүүгө даяр. Ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев билдирди.
  • Евробиримдик Кыргыз Республикасына 2015-жылкы ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООНУ өткөрүүгө 10 миллион евро өлчөмүндө грант берет. Бул тууралуу маалымат жыйынында Президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди. Анын айтымында, гранттын өлчөмү 30 миллион еврого чейин көтөрүлүшү мүмкүн.
  • Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы ЖЫРГАЛАӉ кенинде көмүрдүн запасы 21 миллион 957 миӊ тоннаны түзөт. Бул тууралуу геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги маалымдады.
  • Кыргызстанда ар бир экинчи жаш бала ЗОМБУЛУККА кабылат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн «Мен зордук-зомбулукка каршымын!» аталыштагы флешмобдун жүрүшүндө белгилүү болду. Өлкөдө былтыр үй-бүлөдө болгон зомбулуктун 42 пайызы жаш балдарга карата көрсөтүлгөн.
  • Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 31-мартка карата Кыргызстанда БИОМЕТРИКАЛЫК маалыматтарын тапшыргандардын саны 2 миллион 456 миӊ 648 адамды түздү.
  • 29-мартта Өзбекстанда ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО болуп өттү. Өлкө башчылыгына 4 талапкер ат салышып, Ислам Каримов шайлоочулардын 90,39 пайыз добушун алуу менен кайрадан президент болуп шайланды. Муну менен анын президенттик мөөнөтү дагы 5 жылга узарды. Ислам Каримов 1989-жылдан тартып Өзбекстанды башкарып келе жатат.

 

 

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 648, 3-апрель-9-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан