Кыргызстандын экс-муфтийи Рахматулла Эгембердиев коӊшу Казакстан өлкөсүнүн Сарыагаш районунда кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу Түштүк-Казакстан облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
38 жаштагы Эгембердиев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «чоӊ суммадагы салыкты төлөөдөн качуу» беренеси боюнча айыпталып, издөөгө алынган. Мурдагы муфтий Кыргызстандан саясий себептерден улам качууга аргасыз болгонун жана Казакстандан баш паанек сураарын айткан. Учурда ал убактылуу кармоочу жайда экендигин Интерфакс жазып чыкты. Айта кетсек, 2013-жылдын 30-декабрында Уoutube дүйнөлүк видеопорталына Эгембердиевге байланыштуу интимдик видеотасма жарыяланган. Бул боюнча комментарий берген муфтий тасмадагы өзү жана никелүү аялы экенин айткан. 2014-жылдын 7-январында ал кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg