Өткөн жумада Ош шаардык прокуратурасынын мурунку кызматкери, издөөдө жүргөн Канжар Кадыралиев Башкы прокуратурага өзү келгендиги белгилүү болгон. Эске салсак, 2014-жылдын 19-ноябрында Кадыралиевге издөө жарыяланып, укук коргоо органдары аны таппай келе жаткан болчу. «Издөөдө жүргөндө Канжар Кадыралиев Бишкек шаарында карындашы, Жогорку Кеӊештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын үйүндө жашырынып жатышы мүмкүн» деген маалымат «Тез жардам» кызматынын маалыматына шилтеме берүү менен жарыяланды.
Алсак, Бишкектеги «Тез жардам» станциясынын директору Жаркынбек Касымбеков Акипресс агенттигине 21-мартта жана 26-мартта борбор калаадагы үйлөрдүн бирине барып, Канжар Кадыралиев аттуу жаранга медициналык жардам көрсөтүп келишкендигин маалымдаган. 26-мартта ошол эле дарекке экинчи ирет «Тез жардам» чакыртылып, бул жолу Канжар Кадыралиев ооруканага барууга аргасыз болгон. Бул кызматтын дарыгерлери барган үй Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына ылайык, Ыргал Кадыралиеванын атасы Кармышак Кадыралиевге катталган.
Эске салсак, Канжар Кадыралиев 26-март күнү Башкы прокуратурага өзү келген. Ош шаардык соту аны 1 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок учурда анын ооруканада дарыланып жатканы маалым. Кадыралиевге карата «бейбаштык», «өзүм билемдик» жана «зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 339-беренеси боюнча кылмышты жашыруунун өзү кылмыш болуп саналат. Бирок жашыруу жакын туугандарына карата болсо, ал жаран кылмыш жообуна тартылбайт. Ыргал Кадыралиева Кылмыш жана жаза кодексинин ушул нормасына таянып агасын үйүндө жашырып жүргөн өӊдүү. Бийлик башында турган КСДП фракциясы үчүн бул окуя аброй алып келбеси бышык. Учурда интернет айдыӊында «Атамбаев Европадагы расмий иш сапарында азыр Кыргызстанда кол тийбестер жок деп айтты. КСДПнын аталган депутатынын мындай окуялардан соӊ мандатты алып жүрүүгө моралдык укугу жок. Мандатын тапшырбаса президенттин сөзү чындыкка коошпой калат» деген өӊдүү талкуулар жүрүп жатат.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg