Парламенттеги Мыйзамдуулук, тартип жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитети башкы прокурор Индира Жолдубаеванын 2014-жылга болгон отчётун укту. Эл өкүлдөрү баш прокурорго ар кандай суроолорду беришти. 100 миӊ доллар пара менен кармалган Баш прокуратуранын тергөө башкармалыгынын жетекчиси Кылычбек Арпачиев тууралуу да суроолор берилди. Индира Жолдубаева: «Прокуратура кызматкерлеринин көпчүлүгү Арпачиевдин кылган ишин айыптайт. Аталган факт жалпы системдүү эмес, бир эле жолу орун алган окуя. Буга «адам артка чегинди» деп караш керек. Ал эми «жалпы прокуратура системи коррупцияланган» деп айтуу туура эмес»,- деп билдирди. Эл өкүлү Бактыбек Калмаматовдун: «100 миӊ доллар менен жабылмак болгон мынчалык кымбат эмне болгон иш?»- деген суроосуна баш прокурор иликтөө жүрүп жаткандыктан кенен маалымат айта албасын түшүндүрүп, аталган кылмыш иши жерлерди трансформациялоого байланыштуу экендигин кыйытты.
Ал эми баш прокурордун 3 орун басарынын алмашышы тууралуу Индира Жолдубаева «Бүгүн Башкы прокуратуранын алдында белгилүү бир тапшырмалар коюлган. Жетекчи түзүмүнүн алмашылышы жаӊы стимул берип, жакшы жыйынтыктарга жетишибизге түрткү болот. Бошотуулар мына ушул нерсеге гана байланыштуу. Мурунку жетекчиликке менин эч кандай дооматым жок» деди.
Баш прокурордун айтымына караганда, былтыр коррупция фактысы боюнча 1250гө жакын кылмыш иши козголгон. Коррупциялык иштерден улам мамлекетке 886,3 миллион сом көлөмүндө зыян келтирилгендиги ачыкталган. Прокуратуранын иш-аракети менен 727 миллион сом мамлекетке кайтарылган.
«2014-жылы аягына чыкпай калган иштер көп болду. Мародёрлук, Батукаев сыяктуу талкуу жараткан иштерге чекит коюлган жок» деп, жыйын аягында Мыйзамдуулук, тартип жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү комитети Башкы прокуратуранын отчётун жетишсиз деп тапты.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg