СИРЕНЬ ГҮЛДӨГӨН МААЛДА

(Башы өткөн сандарыбызда)

Дарыгер Маликаны караган бойдон сөзүн улантты.
– Малика, дагы айтам, өзүңдү колго алууң керек. Болбосо биздин дарылаганыбыз бир тыйынга турбай калат. Кыздар менен сүйлөшүп алаксы. Нерв тамырларың катуу жабыркагандыктан ичкерип, кандын мээге жетиши оорлоп кеткен. Жүрөгүңө да күч келип, иштөөсү бузулган. Бул жүрүшүңдө айыга албайсың.
– Мен баары бир айыкпаймын да. Мен ооруган илдеттен эч ким айыккан эмес экенин билем.
Маликанын жообу кайдыгер чыкты. Анын бул сөзү мени кыжалатка салды. Анткени буга чейин анын кандай оорунун азабын тартып жатканын билчү эмес элем.
– Үмүт бар, айыгасың. Диаг­ноз толук чыга элек. Анализдериңдин жыйынтыгын күтүп жатабыз. Мен буга чейинки дарыгерлердин койгон диагнозуна ишенбеймин. Адам эч качан жакшылыктан үмүт үзбөшү керек. Жашсың, жакшынакайсың, сага эмне жетишпейт? Эгер өзгөрүүгө убада берсең, мен сени айыктырууга убада берем,- деди дарыгер ишенимдүү.
– Сөз берем, бирок айыгар бекем?- деп Малика үмүтсүз унчукту.
Дарыгер анын колун ишеним­дүү кысып чыгып кетти.
– Эгер айыксам, жашоону башкача жашаймын. Жасай турган иштерим көп. Айрыкча апамдын алдында аткара элек милдеттерим турат.
Биз бүгүнкү маегибизди палатада уладык.
– Кайсы жерге келдим эле?- деди ал эстей албай.
– Балмуздакка?
– Апей, кайсы балмуздак?- деди эже биздин сөзүбүзгө түшүнө албай.
– Кечээ сизден жашырып балмуздак жегенбиз, тамаша. Сизсиз тамагыбыздан кантип өтсүн?- деп Малика бизди таң калтырып күлө сүйлөдү.
– Ошондой дейм да.
Малика аңгемесин улантты.
– Бактияр экөөбүз бир жатаканада кошуна жашаганыбызга карабай, бири-бирибизди сагынып калчубуз. Жолугушканда сөзүбүз түгөнбөйт.
Мен бул убакта Бактиярдын куулук-шумдуксуз, пейили кенен, колу ачык, кишиге арамдыгы жок, жүрөгү таза жигит экенин билдим. Бирөө акчага муктаж болсо, өзүнө керек экенине карабай акыркы акчасын карматып койчу.
Биздин максаттарыбыз аруу, бийик эле. Ал максаттарды бирге ишке ашырабыз деп ниет кылар элек. Эрке өскөндүктөн кээде кылыгым ашып, аны таарынтып алам же жөнү жок жерден өзүм таарынам. Мындай учурда экөөбүз эки жакка басып кетебиз. Бирок араздашуубуз жарым саатка жетпейт. Анткени же ал чуркап келет же мен чуркап барам. Көбүнчө таарынычыбыздын себеби кызгануудан чыгат. Мен аны жадакалса жакын курбумдан, деги эле кыздардын баарынан кызгана берчүмүн.

ХХХ

Күндөр өтүп, жайкы каникул башталды. Ошентип, ар жакка таркай турган болдук. Туулган айылыма, апама барарымды ойлоп бир кубансам, Бактиярдан кете албай кыйналам. Баары бир эки жакка кетер күн келди. Мени айылга узатып, ал шаарда калды. Ошондо жигит үчүн биринчи жолу ыйладым.
– Сени сагынам, жаным.
– Телефон менен байланышып турабыз. Апаңа жакшылап жардам бер. Эки күндөн кийин иштеримди бүтүрүп мен да айылга кетем. Болду эми ыйлаба, сүйгөнүм менин. Бул менде болсун,- деп ал көзүмдүн жашын аарчып, жүз аарчымды чөнтөгүнө салды. Кыйылып жатып коштоштук.
Айылыбыз борбордон өтө узак, түштүк тарапта. Оюм бирде сагынып күтүп отурган апама кетсе, бирде Бактиярга байланат. Жол карап курут-майын белендеп күтүп отурган апамды ойлосом, эт-жүрөгүм элжирейт. “Эркем менин, тентек кызым келди” деп чачымдан жыттап тосуп аларын эстесем, учуп жетким келет.
Ошентип ойлонуп жүрүп отуруп, кечке маал айылга жеттим. Апамды көрөрүм менен кыялдарыма суу сепкендей болуп томсоро түштүм.
Анткени апам өңүнөн кетип, чачы ого бетер агарып, бырыш баскан жүзү нурсуз эле. Тамагым буулуп, дилим сыздап, жүрөгүм сайгылашып кетти. Бир топ кыйналганы, оорунун запкысын тартканы байкалып турду.
– Келдиңби каралдым?!
Апам дагы да болсо өзүн кайраттуу кармап, чачымдан өптү.
– Апа...
Көзүмө жаш толуп, сагынып да, аяп да, эркелеп да турдум.
– Эмне болду сизге?
– Карылык да, балам.
Апамды кучактап, көкүрөгүнө башымды жөлөп ыйлап жибердим. Апам ай, канчалык сыркоолоп, оорунун азабын тартса да билгизген эмес экен.
– Ыйлаба шириним, мен куруюн. Аман-эсен келдиң, ушунун өзү кубаныч,- деп жүзүмдөн өптү.
– Апа, сизди сагындым!
Үй-жай, короо, бак-дарак, бүт баары томсоргондой көрүндү. Өсүп кеткен чөптөн арыктын боюна отургузулган роза гүлдөрү жакшы көрүнбөй, арыктын жазында казылбаганы байкалып турат. Биртке жерге эгилген пиязды чөп басып, отолбогон. Короодон чыккан уйдун кыгы үйүлүп кетиптир.
Демек, апамдын ооруп жүргөнү чын. Болбосо, минтип баары каралбай калбайт эле да. Чын эле карылыкка алдырып, ал-күчтөн тайдыбы?..
Апам экөөбүз түн бир оокумга чейин кобурашып жаттык.
Эртеси түш ченде өрүк сорттоп отурганбыз. Жеңем жасанып алып баласын жетелеп чыкты да:
– Кыз, сенин келгениң жакшы болду. Эки жакка чыкпай буулугуп кеттим. Сен кеткичекти бара турган жерлериме барып алайын,- деди. Муну угуп, мен келерим менен төркүнүнө жөнөп калган жеңеме таарынып да, ызаланып да калдым. Күн сайын келип тажатып жаткан болсом мейли эле...
– Апаңа салам айт. Жөнөп калыпсың, барып кел,- деп апам уруксат берди.
Жеңем кеткен соң апам:
– Келин деген кайненеден алгач уруксат алып, анан даярданчу эле, азыркыларга түшүнбөйм,- деди башын чайкап. Бул сөзүнөн нараазы болуп, көңүлү ооруп турганы байкалды.
Ансыз деле жеңемдин кылыгына жиним келип турган мага Кудай берди.
– Катуураак айтпайт белеңиз, кадырыңызды азыртадан тепсетип! Кайсы жерде кандай сөз айтышты билбейсиз, көңүлүңүз бош,- деп апама акыл айта баштадым.
– Койчу кызым, ал кетсе мен бармын го,- деп апам мени жактыра бербей тыйып койду.
– Сен аралашпа, унчукпай келип-кет, ызатыңды бил! Келиним акылдуу, колунан баары келет. Мүнөз баарында эле бар. Азырынча жаш. Боорума басып, дилиме тартып алыш менден. Баса, сен окуу деп жүрө бербей турмуш күт. Канча жакшы жерлерди кайтардың. Сага эле карап калышыптырбы?! Ана, үйлөнүп, балалуу да болуп алышты.
– Турмуш кургандардын баары жыргап жатыптырбы?- деп бурк эттим.
– Баарынын бешенеси бир беле, сенин тагдырың башка. Кудай буюрса, сенден үмүтүм чоң. Эч кимден көрбөгөн сыйды көрүп, кийиттин алдын кием деп жүрөм. Каралдым, кийит курусун, сен эле бирөө менен тил табышсаң, сый-урмат качып кетмек беле. Башкысы, сени түшүнүп, колдоп турса болду. Сенден кабатыр болбойм. Тыңсың, колуңдан да, тилиңден да келет. Барган жериңди эптеп кетесиң,- деди. Апамдан кылдай сыр жашырган эмесмин, андыктан мен ага:
– Эгер бирөө менен тил табышып алган болсомчу?- дедим табышмактатып. Анткени Бактияр экөөбүз ата-энебизге билдиребиз деп чечкен элек. Апам жүзүмө үңүлүп, таң кала карап калды.
– Каяктан таптың?
– Алыстан,- дедим да, Бактиярды ойлоп жүрөгүм зырп эте түштү. Каякта, эмне кылып жатат болду экен деп бушайман боло калдым.
– Кандай жигит, билсем болобу?
– Ммм... Кыскасы, сөз жок. Апа, сизге сөзсүз жагат.

Жумагүл Жолматова

(Уландысы кийинки саныбызда )

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
temirlan
2009-12-21 20:12:23
eexx kutup atup taska aivai.........baarunle bir chugarup koisonor jakshu bolot eleda!!!!!!!!
0
Zamira
2009-12-22 01:01:19
oo apamdy sagynyp aran jurgondo :(
aman bolushsunchu altyn eneler!!!
0
fari
2009-12-26 14:02:23
Мен дагы апамды сагындым... башыман сылап, бетимен опкон кундорду...((((
0
№ 372, 18-24-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан