1-апрель күнү Жогорку Кеӊеш президенттик жана парламенттик шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү экинчи окууда жактырды. Аталган мыйзам долбооруна ылайык, шайлоого биометрикалык маалыматтарын тапшыргандар ID паспорту менен гана катыша алышат. Шайлоочулардын тизмеси электрондук жана кагаз түрүндө да түзүлөт.»Биз шайлоолордо жаӊы технологияларды кылдаттык менен колдоно башташыбыз керек. Заман талабы ушундай. Ал үчүн жарандар маалыматтарын өз маалында тапшырууга тийиш»,- дейт демилгечилердин бири депутат Абдыжапар Бекматов.
Мурда участкалык шайлоо комиссияларынын иш убактысы кечки саат 7ге чейин болуп келсе, эми саат 8ге чейин узартылды. Бюллетендер автоматтык түрдө саналган соӊ кайрадан кол менен саналып чыкмакчы. Буга катар мыйзам долбооруна ылайык, шайлоодон кийин партиянын тизмесин өзгөртүүгө мүмкүн эместиги белгиленди.
Мындай өзгөртүүлөргө добуш берүүгө катышкан 109 депутаттын 102си макул, жетөө каршы деп добуш беришти.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg