Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Бирок Эшим башын кесип таштай албады... «Мен тирүүмдө шорума кайта албайм, «кайт» дей көрбө... Башка оюӊ болсо ошол оюӊду тез кыл, баатыр кайним... Жанымды ал дагы, кайта бер...» деп ыйлап моюнун созгон Айзааданы кыя албай ээрчитип кете берген. Ташкен багытын болжоп 5 күн жүргөндө мурда мындайды башынан өткөрбөгөн Айзаада атка урунуп, андан ары жол жүрө албай, капчыгайдан кезиккен үйгө кайрылууга аргасыз болушкан.
Көӊүлү ак кишиден сыр жашыра албай, эки күн өргүү алышкан соӊ Эшим үй ээсине акыбалын ачык айтты. Абышка кемпирине кайрылып, «Кудай кошкон курбал экен бу балдар, эмнеге карап отурабыз, булардын башын бири-бирине байлап, алалдап коёлу» деп, кемпирин кыз жагына, өзү уул жагына күбө болуп нике окуп, экөөнү бүлө кылып койду. Өз жамагатына өлбөгүдөй баркы бар эле Султанмаамыттын. Тээ илгери көӊүлү түшүп, казактын бир байынын кызын ала качып келип үйлөнүп, кырк жылы бирге өмүр сүрүп, балалуу болушкан эмес эле. Эшимди уул тутуп алышты. Ошентип Эшим курама уруусуна уул болуп калган. Эл көтөрүлүп, ханга эрегишип чыкканда зарделүү азамат коӊулда жата албай, жаӊы туугандарынан жигит курап, Исхакка келип кошулган болчу.
Улам жиберген сыпайларын буктурмага кабылтып, кырып сала бергенинен Науман паӊсат баягы Камбар саркерге кайрылыптыр, «Эй, катай, үзөӊгүлөшүӊдү кармап келип бересиӊби, же бүт катай уругу кырылып, бооз катындары жарылсынбы? Ыя, силердин жерлерге да сарттар отурук кыла башташты беле? Жарасы жеӊил, а кежилдегендерге кылычтын сабын кармалап койсом гана жетишет, көтөрүнүп чыгып кетишет. Болдубу?..» Ошентип катай саркер токой жамынган эрегишчилерге барып кошулуп, шек билдирбей бир нече күн жүргөн соӊ капыстан бастырып, байлатып апкелип берип кутулган дейт. Науман паӊсат кеткенден кийин бозгон эл кайра келип, баатырдын сөөгүн казыктан алып, дөӊгө сөөгүн жашырышкан эле.
Кышы бою даярдыкты катуу көрүп, жазында элди жарчы аралап аттанууга чакырып, эл кайрадан дүүлүктү. Ошол 1874-жылдын жазында орун которуп жөнөгөн бал аарынын уюгундай дуулдап, дагы ураан кыйкырып, ат туягынан жер дүӊгүрөп, мыкты куралданган үч миӊ ашуун эрегишчи Чаткалдан кара селдей каптап түштү.
Чоӊ кара жолдун үстүндө, дөӊдө жалгыз бейит жаткан. Исхак аттан түшүп, башын жерге сала көпкө отурду. Мууну калтырай, оо бир оокумда акырын куран окуй баштады. Эр Эшимдин бейити болчу. Эли үчүн жан кыйган баатырдын арбагына багыштап бата тартып, «Бул бейит мазар болсун. Күмбөз салынсын. Ыйык жер болсун биз үчүн...» деди акырын.
Ушул мезгилде Орусиянын «Санкт-Петербургские ведомости» гезити бул эрегиш жөнүндө: «Мурда белгилүү болгондой, көтөрүлүш бүт элди кучагына алды, ал кыргыз кыпчакты бириктирди, атүгүл хандын отурукташкан букаралары да көтөрүлүш жакка өтө баштады. Сөзсүз жакын арада Худояр хандын башы кетет, же бийлигинен ажырап, оруска кире качышка аргасыз болот» деп кабар жазып жатты...
«Өзүбүз жайгарабыз» деген элеӊиз, өз туугандарыӊызды өзүӊүз тынчытып келиӊ...» деп Кудаяр хан бир чети ачык кекетүү менен, бир чети башка аргасы жок Абдырахман абтабачыны тоолуктарга жиберди. Ал эрегишкен эл чогуу жүргөн жерлерден атайы буйтап жүрүп отуруп Абил бийге келди.
Абил бий кырк өргөө көтөрттү. Өргөөлөргө мейман күзөтө турган карал, ар биринин эшигине экиден сүт эмди тай согум байлатып, өзү ортодогу он эки канат ак өргөөгө жайгашты. Максаты – ордо менен элеттин арасына дагы бир жолу данакер болуу. Кутлук сейит, найман, черик, катай, карабагыш, мундуз уруктарынын билермандары кыйылып жатып жалпы сарууга салмагы бар Абил бийдин сазесин гана сындырбаш үчүн Шер датка башында элүү атчан келип түштү. Экинчи жактан жанында жети гана сыпайы бар Абдырахман абтабачы келип түштү. Абил бий аларды дароо жолуктурбай, ар жаатка өзү гана барып сүйлөшүп, үчүнчү күн дегенде сакадай иргелген он бийге Абдырахман абтабачыны жүз көрүштүрдү.
Сөз алдын өзү баштап:
– Кана, жакшылар, бул шайтан моюну сынган болсун... Алдыга түшкөндүн жолу болсун... Кадырлуу датка, атайын хазрети Кудаяр хан өзү сизге арнап...- деп апкаарый түшкөндөй мукактана алтын саймалуу кымкап тонду Шер даткага жапты. Абдырахман эми өзү туруп бийлердин баарына бирден тон жапты.
– Жылаӊач жүргөн эч ким жок! Шер датка тонду ийининен силкип таштады. Карылыктан чоӊ-чоӊ сепкил түшө баштаган жүзү сурданып кетти. – Ата көрү, ай! Кайсы жакшы көӊүлүбүз үчүн кымкап жабышып отурат экенбиз?!
– Аваке,- деди саал эӊиле Абдырахман. – Мейли, менин сыйым болсун бул. Туугандыкка санабайсызбы? Колумду уялтпаӊыз, аваке?- кымкапты кайра жапты. – Атамды көрдүӊүз эле...
– Оо, Мусулманкул! Кайран агабыз!.. Ата эсиӊде экен го, үкөм?! Мына ушинтип өзүбүздүн төбөбүз бирикпегендин кесепетинен тындым болгон кайран киши!.. Ушу катынпоз түбүнө жеткен!..
Шер датка талуу жерине тийип Абдырахманды ачык көкүттү. Абил бий ортого түшө калды:
– Э-э, датка... Өзүбүз курган ордо бузулуп кетпесин деген акылдын иши го?! Билбейт дейсизби?..
– Йе, тынчы жок, куту жок мамлекетиӊди урайын... Жылуусу жок тонуӊду урайын... Көз буугуч болуп ушу дүкөн чирик сарала чапанын башыбызга жаба салып алдап жиберейин деген экен! Тилиӊ ишир, Абил. Бирак биздин арабыз тереӊге кеткен айрылып. Кудаяр хан биздин көӊүлүбүздү тебеледи. Эмнеге ишенет, билбейм, бизге жылдан жылга катуу. Сен экөөбүзгө эчтеке эмес, Абил, зекет алса, салык салса, салыкты аябай калыӊ алса да мейли, жонубуз бар, көтөрөбүз. А бей-бечарага чыдагыс болуп кетти го?! Сага кандай билбейм, жакшы иним, мага бул кымкап тонду Кудаяр өз элимдин терисин сыйрып үстүмө жапкандай сезилип отурат...
Жаактууга жай бербеген Абил жооп таппай калды. Домбунун куну түштү эсине.
– Андан калса, Абил, кичине бирдеме боло электе ордодон аскер чыгарат, аскери келип жигиттерди казыкка отургузат, бооз келиндердин ичин жарып, баласын бакыртып жерге түшүрөт. Бул эмне?..- башы калтылдап чаӊырып жиберди. – Ыя, бул эмне?! Өз элине ханы кыла турган кордукпу?!- абышка саал энтиге күӊкүлдөдү. – Казыкка отургузат! Үйрөнгөн экен...
Үйдө отургандар аргасыздан жылмайып жиберишти. Хандын артынан айтылган «Кудаяр бача» деген ушак бар. Ошону эске салган, атайын өчөшкөн кычы сөз эле. Абдырахман абтабачы нестейди. Бул элдин арасында, атүгүл дайыма ийкемге келип жүргөн Абил бийдин көӊүлүндө да Кудаярдын так ээси деген зоболосун сыйлоо калбаган эле.
– Кече күнү эле, колунда куралы барлар менен кармашсын, мен анысын айтпаймын, жазыксыз айылдарды канга бөлөп, кыштактарды күл кылып кеткен Науман бүгүн дагы келип отурат. Бул эмне? Көнсөӊ көндүӊ, көнбөсөӊ тигине деген сөз...
Абдырахман абтабачы сыӊар тизелей калып алакан чаап, эшик кайтарган сыпайдан Науман паӊсатты чакыртты.
Үнүндө анча көз каранды эместигин билдирген паӊсат салам айтып кирип келди.
– Кулак сизде, аскер башы...
Анын кирдүү кабагы, тоӊ моюндугу абтабачыны ого бетер тырыштырды:
– Келе бери тапанчаны!.. Чеч кылычты!
Науман нестее түштү.
– И, мынча эмне болду, абтабачы?
– Сен бооз келинди ушул кылыч менен жардыӊ беле? Ыя?!
– Эмне экен? Өкүмдардын катуу буйругу менен келгем мен анда.
– Өкүмдар андай буйрук берген эмес сага!- Абдырахман жарылып кетти. – Берген эмес! А жөн эле кылычыӊдын курчтугун сынагансыӊ сен айбан... Мына, эми бул
кылычтын курчтугун алдагы сенин эси жок башыӊды кесип көрүп сынашсынчы...
Бир кызарып, бир кубарды Науман:
– Көзүӊө кара, Абдырахман! Жооп берип каласыӊ өкүмдардын алдында! Каныӊа тартып баратасыӊбы сен?!
Абдырахман анын сөзүн уккан жок.
– Мына, эки ортодо кан төгүп, ханды элине, элин ханына суук көрсөтүп жүргөндөрдүн бири. Алгыла. Кандай кылып өч алсаӊар эрк силердики...
Бийлер дал болуп калышты. Шер датка чекчейди. Абил бий ар кандай ыкка барып, шарлыкка барып, ордонун зоболосун коргоп жаткан Абдырахманга тен берди «О, бөрүнүн баласы!»

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 648, 3-апрель-9-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан