Ильяз Агыбай уулу, куудул: «БИЗ» ТОБУНАН МЕНИ БАКТИЯР ТОКТОРОВ КЕТИРГЕН ЭМЕС»

Куудул, пародист, ырчы, тамада жана жашоодо да шайыр жүргөн бир адам бар. Ал «Биз» тобунун түзүүчүлөрүнүн бири, «Сүрөтчү» аттуу ыры менен эл оозуна алынган Ильяз Агыбай уулу. Аны менен маек куралы десек, үйүнө чакырды. Барсак, айткан дарегинде унаасы менен күтүп туруптур. Заӊгыраган үйлөрдүн арасына алып барып, «менин үйүмдү таппасаӊ интервью бербейм» деп тамашалады. Хан сарайларды көрсөтө бериптирмин. Көрсө, дарбазасынын туткасы нота сымал жасалган жөнөкөй үй экен.

– Байкашымча бүгүн жан дүйнөӊүз агыл-төгүл болуп турат. Сырдашкыӊыз келген өӊдөнөсүз? Кийин ичтеги сырдын баарын ачып алдым деп өкүнүп жүрбөӊүз.
– Кайсыл жерден газды басып, керектүү жерден тормозду тепкенди жакшы билем (күлүп). Ыӊгайсыз суроолоруӊ болсо айт, кутулуунун жолун издейин.
– Суроо ылгайм деӊизчи, Агыбайдын уулу учурда эмне менен алек?
– 3D форматында тартылган «Мадагаскар-3» мультфильмин кыргыз тилине котордум. Көргөндөр «адабий тилде которсо болмок» деп айтышы мүмкүн. Анткени мультфильмдеги персонаждардын үндөрүн ар кайсы аймакта колдонулган диалекти менен коштодук. Эгерде адабий тилде которулса, тамашалуу жерлери ачылбай калабы деп ушундай чечимге келдим. Персонаждарга үн жаздырууда диалекти менен сүйлөй алган актёр тандоо кыйынга турду. Үнүмдү өзгөртүп, көпчүлүк персонаждарды өзүм сүйлөттүм. Жалпысынан бир жылга чукул эмгек кетти. Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматовго көрсөтсөм, «жарайт» деп кол коюп берди. Буюрса, кинотеатрлардан көргөзүп баштайбыз.
– Диалекти менен коштолсо жаш балдар түшүнбөй калбайбы?
– Мүмкүн болушунча балдарга түшүнүктүү боло турган кылып сүйлөдүк. Балдар мультфильмдин сөзүнө эмес, андагы каармандардын кыймыл-аракетине басым жасайт деп ойлойм.
– «Сүрөтчү» аттуу ырыӊызды ырдап чыкканыӊызда эл жакшы кабыл алган эле. Кийин эмнеге ырдабай калдыӊыз?
– Бир орунда турганды жактырбайм. Жаштык кезде өзүӊдү көп тармактан сынап көргүӊ келет экен. Бала кезден кошуналарды туурап, балдарына ата-энесиндей болуп сүйлөп тамашалай берчүмүн. Жакшы ырдашым мүмкүн, бирок жан дүйнөмө пародия жакын болгондуктан ушул жанрга өтүп кеттим.
– «Биз» тобунун алгачкы курамында болгонуӊузду билебиз. Көпчүлүк сизди Бактияр Токторов топтон чыгарып салган дешет...
– Мен тууралуу канчалаган ушактар чыкты. Топтон эч ким кетирген эмес, өзүм өсөйүн деп өз алдымча кеткем. Бүгүнкү күндө да аталган топко өз үлүшүмдү кошуп келем. Бактияр экөөбүздүн ортобузда таарыныч жок, кучакташкан доспуз. Алардын концертине мен барсам, менин кечеме алар келип ырдашат.
– Куудулдук өнөр сизге кимден өткөн?
– Атам жамактатып ырдаган, куйкум сөзгө жакын киши болчу. Ал бирөөнүн тескери жоругун байкап калса, дароо ырга салып айта койчу. Чоӊ кызматта иштегендер дагы «былыгыбызды айтып салабы» деп атамдан чочулап турушчу. Сатиралык ырларын райондо «Агыбай айтмакчы...» деп бүгүн дагы аӊыз кылып айтып калышат. Кичинемден тартып мага комуз черткенди үйрөттү. Атам таяк таянып басчу. Комузду чертип жатканда жаӊылып кетсем таягы менен коюп жиберчү. Аны ээрчип жүрүп куудулдугун, куйкум сөзүн үйрөндүм. Маданият кызматкери болушума атам себепчи болгон. Машабаев Ильяз деп сахнага чыкканымда «Малабаев, Маӊкабаев» дей бергенинен, ата жолун жолдоп жаткандан кийин Агыбайдын уулу эле болоюн дедим.
– Атаӊыз тууралуу айтып калгандан кийин апаӊыз, бир туугандарыӊыз, туулган жериӊиз жөнүндө да сөз кылбайлыбы?
– Киндик каным тамган жер Чаткал районунун Каныш-Кыя айылы. 10 бир туугандын кенжесимин. Апам биздин билимдүү болушубузга кызыкдар болуп, мыкты тарбия берди. Бала кезибизде апамдын чоӊ сандыгы боло турган. Аны кара кулпу кайтарып турчу. Эч ким жокто агам экөөбүз сандыктагы таттууларды уурдап жеген хоббибиз болчу. Бир күнү сандык операциясын жасап жатсак, апам келип калбаспы. Агам бутун сындырып балдак менен жүрчү. Мен апама карматпай качып кеттим. Бир убактан кийин келсем колуна момпосуй, шоколад кармап агам ыйлап отурат. «Апам урдубу?» десем, «жок» дейт. Көрсө кайсыл жерден уурдаган «секретибиздин» ачылганына ызаланып жатыптыр.
– Өзүӊүздүн чакан мамлекетиӊиз тууралуу айтсаӊыз. Жеӊем дагы ара-торо ырдап калчу. Экөөӊүздөрдү чыгармачылык тааныштырса керек?
– Бир учурда мени колдоп, мага жөлөк болчу адам калбай калган болчу. Ошондо мени колдоп, жардамын аябаган жалгыз досум, сырдашым Кенже болду. Ойлонуп көрүп өмүрлүк жар кылууну чечтим да, «сени алам» десем, «достугубуз кайда калат?» деп ишенбейт. Ала качып үйгө баргандан кийин ишенди. Ортобузда 4 бала бар. Кичүү уулумдун аты Лионель. «Уулдуу болдуӊуз!» деп сүйүнчүлөгөндө Месси дарбазага гол киргизген болчу. Мессидей футболчу болсун деп атын өзүм койдум. Таята болдум, неберем көкүрөк күчүгүм менен теӊ.
– Токтосоӊуз, жеӊебиз жаӊы эле «улуу балабыз 9-класста окуйт» деп жатпады беле...
– Уурулугумду кармап алгандай кудуӊдадыӊ го. Тагдыр экен, биринчи келинчегим менен коломтобуз тутанган жок. Эки кыздуу болгондо ажырашып кеткенбиз. Улуу кызым турмушка чыгып, неберелүү кылды.
– Уул-кыз төрөп, эмгеги сиӊип калыптыр. Жеӊем лидерликти талашып ишиӊизге кийлигишсе керек...
– Биздин үйдө демократия. Жеӊеӊдин да ою бар, менин дагы өз оюм бар. Чечимди ортодон чыгарабыз. Бирок жеӊеӊ кайын журтун колго алып койгон. Аларга менден дагы жакын.
– Сизди романтик мырзалардын катарына кошсок болобу?
– Романтик болбосом чыгарма жарата алмак эмесмин да. Менимче Рыспай, Чубак аталарыбыз баш болуп романтик болушкан. Аялдар кулагы менен сүйүшөт да, мүмкүн болушунча жакшы сөзүмдү аябайм. Өзүмдөн ката кеткен учурда шоколад, гүл берип алдап коём.
– Буулугуп депрессияга кабылганда абалдан кантип чыгасыз? Ичимдик ичип, чылым чегиппи?
– Жашырганда эмне, ичкенде ичип коёбуз. Жыйырма жылдан бери элди депрессиядан чыгарайын деп маймыл болуп жүрөбүз да.
– Убакытты артка кайрып алууга мүмкүнчүлүк түзүлсө, эмне кылмаксыз?
– Андай мүмкүнчүлүк түзүлсө айылга, балалыгыма кайтып барат элем. Мурункудай ата-энеме эркелеп, суу кечип балык кармап, кой кайтарып талаада жүрө бермекмин.
– Тамадалык кылып той башкарып жүрөсүз. Материалдык жактан эмне таптыӊыз?
– Үй салдым, эл катары жашоом өтүп жатат. «Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу» дегендей, тамадалык деле оӊой иш эмес. Акчасын алыш үчүн жакпаган адамыӊды мактайсыӊ, маанайыӊ жок болгонуна карабай элди күлдүрүшүӊ керек.
– Маегиӊизге рахмат!

"Менин барымды да, жогумду да түшүнгөн үй-бүлөм менен".

"Көчө чаӊыта чуркаган чыт курсак кезим".

"Кыздардын көзүн күйдүргөн студенттик күндөр".

Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
ZANIA-92
2015-04-06 10:50:36
Ачык жакшы маек болуптур. Уйбулолук бакыт жана ишинизге ийгилик каалайм.
+1
jaskaaa
2015-04-06 16:13:06
Ийгилик каалайм бар болунуз!
0
amantur123
2015-04-07 10:15:20
талант талант жана талант бар Агыбай уулунда
+1
Jamalym
2015-04-07 18:21:32
Чыгармачылык ийгилик!
0
karona
2015-04-07 19:48:57
аябай талантту
0
suiuktuujar
2015-04-07 21:00:47
Уй булонузго бакыт дагыда коптогон ийгиликтерди каалайм.
0
shukurbek
2015-04-08 12:27:27
Абасы таза, улуу тоолордун кучагындагы кен Чаткал ороонунун шар аккан тунук суусун ичип чонойгон жигит акебиз Ильяз бар болунуз уйбулолук бакыт, ар дайым жаркылдаган маанайыныз очпосун, Чаткалдын шар аккан суусундай шар болуп журо бериниз, бар болунуз!
0
tursunbaev2004
2015-04-08 13:29:11
Ишине ийгилик,уй-булосу менен тынч болушсун.
0
nurzada78
2015-04-09 01:19:29
Эх,суротчу,суротчу.Сурот тартканды уйротчу,деп ырдачу эле байкебиз,биз жаш чагыбызда.Аман болсун!
+1
№ 648, 3-апрель-9-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан