ЕВРОПАГА САПАР: КЫРГЫЗСТАН ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕДЕ ЖАӉЫ БАРАГЫН АЧТЫ

Австрия, Франция, Швейцария, Бельгия жана Германиянын чакыруусу менен 22-март күнү башталган президент Алмазбек Атамбаевдин расмий иш сапары 1-апрелде аягына чыкты. Өлкө башчы Европанын 5 өлкөсүнө кандай сунуш жана максат менен барып кандай жыйынтык менен кайтты, кеп ушул тууралуу.

Вена: «АЛМАЗБЕК МЫРЗА, ПУТИН МЕНЕН КАНТИП ТИЛ ТАБЫШСА БОЛОТ?»
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Европа мамлекеттерине расмий иш сапары 23-март күнү Австриядан башталып, аталган өлкөнүн башчысы Хайнц Фишер менен жолугушуу өткөрүп, эки президент маалымат жыйында журналисттердин суроосуна жооп беришти. Австриялык кабарчылар тарабынан берилген соболдор Венанын Бишкектен эмне күтүп жатканын ачыкка чыгарды. Алмазбек Атамбаев Европанын тынчын алган Орусиянын президенти Владимир Путин менен тил табышуу маселеси боюнча сүйлөп жатып: «Украинадагы окуялар баарыбыздын тынчыбызды алып жатат. Кыргыз Республикасы Украинадагы коррупционерлердин режиминин кулаганын жана жаӊы бийликтин келгенин колдогон биринчи өлкөлөрдүн катарында болгон. Ушул эле билдирүүдө биз этникалар аралык мамилеге чоӊ маани берүү керектигин белгилегенбиз. Менимче, мындагы чоӊ катачылык Украинанын Жогорку Радасынын орус тилинин макамы тууралуу мыйзамын жоюп жиберүүсү болгон. Жакында эле Санкт-Петербургда болуп өткөн Владимир Путин менен жолугушуубузда ошол эле Украинадагы, Молдовадагы курч кырдаал боюнча сүйлөшүү жүргүздүк. Путин Орусиянын Европа менен мамилесинин оӊолушуна жана Украинанын аймагында тынчтык орноосуна кызыкдар»,- деди.
Бул жооп кыргыз мамлекет башчысы расмий иш сапар менен катар ортомчулук миссияны да аркалап жүргөнүн көрсөттү. Бекеринен Атамбаев менен Фишердин сүйлөшүүсү беш саатка созулбаса керек. «Кыргызстандын Бажы союзу жана Евразиялык экономикалык союзга кирип жаткандыгы көбүнесе Евразиялык союз менен Европалык союздун ортосундагы мамилени жакындатууга жардам берет»,- деди Атамбаев.
Ошондой эле Венада кыргыз-австриялык бизнес-форум болуп өттү, ага катышкан президент австриялык ишкерлерди эч нерседен чочулабай, Кыргызстанга инвестициясы
менен келип иштөөгө чакырды. «Ооба, бизде митинг-пикеттер көп болуп турат. Бирок бул да демократиянын белгиси. Кыргыз мамлекети өзүнүн «араб жазын» эки ирет башынан өткөргөн. Соӊку 10 жылда ар жаз мезгили сайын митинг-пикеттерди, көтөрүлүштөрдү күтөт элек. Бирок быйыл мен жөн гана көктөмдү күттүм»,- деди президент.
Мамлекет башчынын ЕККУнун башкы катчысы Ламберто Заньер менен жолугушуусунда айрым күчтөрдүн жана депутаттардын парламенттик шайлоону эски тартип боюнча өткөрүүгө далалат кылып жатышкандыгы айтылды. «Быйылкы парламенттик шайлоону татыктуу жана ачык-айкын өткөрүүгө колдоо көрсөтөсүздөр деп ишенем»,- деди Атамбаев. Заньердин айтымында, парламенттик шайлоону өткөрүүдө техникалык жана эксперттик колдоо көрсөтүлөт.
БУУнун баӊгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аткаруучу директору Юрий Федотов менен жолугушууда президент баӊгизатын ташуучу трафик жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча программаларды ишке ашырууга аталган башкармалык тарабынан Кыргызстанга 10,6 миллион доллар бөлүнүп жаткандыгын айтты. Бул каражаттын көлөмү көбөйүшү мүмкүн.

Австрия – «БЕЙПИЛДИКТИН АРАЛЫ»
Австрия парламенттик республика. Калкынын саны 8 миллиондон ашуун, дүйнөдөгү эӊ бай өлкөлөрдүн бири. Аталган мамлекетте 1 миӊге чукул кыргызстандыктар, көбүнесе студенттер жашайт.
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Австрия баш аламандыктан башын көтөрө албаган, Европанын эӊ жакыр, эӊ артта калган өлкөлөрүнүн бири болчу. 1948-жылы мамлекет өнөр жай тармагындагы келечектүү жана кирешелүү ишканаларды сатып ала баштаган. Жылдан жылга оор өнөр жай продукцияларды, жабдуу, кара металл, элдик керектөө товарлары, кагаз жана азык-түлүктү чет мамлекеттерге сатуу көлөмү жогорулай берген. Эксперттер «экономикалык керемет» кыска убакыттын ичинде өтө тездик менен өсүү көрүнүшү Германияда эмес, Австрияда болуп өткөн деп айтышат. Мындан улам ал «бейпилдиктин аралы» атыккан.
Австрия Европалык союздун эӊ чоӊ гидроэлектроэнергия өндүрүүчүсү. Кыргызстанга туризм тармагы боюнча да окшош. Австриянын 70 пайызын тоолор ээлегенине байланыштуу кар жаады дегиче европалыктар Альпы тоолорун көздөй жол тартышат.
Борбор шаары Венага келсек, анын кооздугуна жана көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча ыӊгайлуу жайгашуусуна дүйнөдө бирин-серин гана шаар теӊ келет. Калаада архитектурасы жомоктогу сепилдерди элестеткен тарыхый имараттар көп. Моцарт, Бетховен, Шуберт, Брамс, Штраус жана башка атактуу композиторлордун Венада жашап өткөнүн эске алсак, борбор шаар кулакка жагымдуу классикалык музыкага жана көз талдырган кооз архитектурага бөлөнүп, өмүр сүрүп жаткандай сезим жаратат.

Париж: ФРАНСУА ОЛЛАНД КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛЕТ
25-март күнү мамлекет башчы Франциянын президенти Франсуа Олланд менен жолугушуудан кийин бирдиктүү коммюнике (эл аралык расмий билдирүү) кабыл алынды. Анда 2015-жылы жана 2017-жылда өтүүчү парламенттик жана президенттик шайлоолорду уюштурууда Европалык союз менен ЕККУнун көмөк көрсөтүүсүнүн алкагында француздардын экспертизасы жардамга келери айтылды.
«Бир катар экономикалык маселелерди сүйлөшүп чыктык. Кыргызстандын өтө көп ресурстары жок чыгар жана эӊ бай өлкө эместир, бирок мен бул өлкө инвестициялык жана капиталдык салымдарга татыктуу деп эсептейм. Электр энергетика тармагындагы мамилени өнүктүрөбүз. Алмазбек мырза «качан өзүӊүз Кыргызстанга келесиз?» деп суроо салды. Мен бул тууралуу ойлонуп көрөм жана сөзсүз бул иштин өтөсүнө чыгам»,- деди Олланд.
Кыргыз-француз бизнес-форумунда француз ишкерлер кыргыз жергесинин энергетикалык тармагы, тоо-кен казуу, транспорттук жана инфраструктуралык долбоорлору боюнча көп суроо беришти.
Бизнес-форумга да катышкан Алмазбек Атамбаев: «Биз адегенде өлкөнү уурулардан тазаладык, коррупциялык иштери үчүн министрлер да, депутаттар да камалды. Азыр уурдагандан коркушат, өлкөбүздө кол тийбестер жок. Эгерде Кыргызстанга инвестицияӊыз менен келип, анан кимдир бирөө сизден пара сураса, күч органдарына кабар бериӊиз, ал ким болбосун камакка алынат. Мурун премьер же президент үчүн керек деп ачык эле пара талап кылган көрүнүш азыр жок»,- деди.

Франция – жыпар жыттуу мамлекет
Батыш Европанын эӊ чоӊ аянттуу өлкөсү, анда 65 миллиондон ашуун калк жашайт. Францияда кезинде француздардын колониясы болуп турган африкалык өлкөлөрдөн келген эмигранттардын саны өтө көп. Башкаруу формасы – президенттик-парламенттик республика. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин өнүгүүгө АКШнын финансылык жардамы жана мамлекеттин экономикага интенсивдүү кийлигишип туруусу менен жетишкен. Айыл чарбасынын 30 пайыздан ашууну экспортко кетет.
Туризм тармагынан тапкан кирешеси боюнча Франция дүйнөдө алдыӊкы үчтүктө. Жыл сайын 100 миллионго жакын киши келип кетет. Сүйүшкөндөрдүн кыялына айланган Эйфель мунарасы, «Мона Лиза» сакталган Лувр музейи, Наполеон Бонапарт курдурууга буйрук берген Триумфалдык арка, Париждеги Кудай эне чиркөөсү (Нотр-Дам-де-Пари) – бул Париждин фишкасынын чети гана. Аталган жайлардын жанында күнбү-түнбү, жамгырбы же карбы, эч нерсеге карабастан адам өтө көп болот. Ага кошулуп сувенирлерди сатып алууну сунуштаган африкалыктар да толтура. Франция ошондой эле атырлары, шараптары, даамдуу ашканасы менен туристтерди магниттей тартып турат.

Берн: КЫРГЫЗСТАНГА 74 МИЛЛИОН ШВЕЙЦАРДЫК ФРАНК ГРАНТ БӨЛҮНӨТ
26-март күнү президент Алмазбек Атамбаев Швейцарияга учуп келип, аталган өлкөнүн президенти Симонетта Соммаруга жана тышкы иштер министри Дидье Буркхальтер менен жолугушту. Швейцария кыргыз тарапка 74 миллион швейцардык франк (76 миллион доллардын тегереги) грант бөлүп берүү тууралуу келишишти. Бул каражат саламаттыкты сактоо жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармактарын реформалоо, жеке ишкердикти өнүктүрүү жана башка иштерге жумшалат.

Эшик ачып-жаап бутуна турган Швейцария
XVIII кылымда Орусияга өтө көп сандагы швейцариялыктар иш издеп барган. Алар жумушун мейманканалардан, ресторандардан таап, кире бериштеги эшикти коноктор үчүн ачып-жаап иштеп калышкан. «Швейцар» деген сөз «Швейцариянын тургуну» дегенди эле билдирет, бирок бара-бара бул кесиптин аталышына айланып кеткен.
Калкынын саны 8 миллион кишиге жакын жана башкаруу формасы федеративдүү республика. Дүйнөнүн эӊ өнүккөн жана бай өлкөсү. Алтын, нефти өӊдүү кирешелүү кендери жок. Бирок Швейцария – бул сыр, шоколад, саат жана банктардын мекени. Азыркы тапта саны 400дөн ашкан алгачкы менчик банктар аталган мамлекетте түзүлгөн. Дүйнөдөгү байлыктын дээрлик жарымы швейцариялык банктардын эсептеринде сакталат. Мындай ишенимди кантип багындырышкан? Аталган мамлекет XVI кылымдан бери саясий жана аскердик нейтралитет статусун бекем карманып келет. Ушундай саясаттын негизинде аталган өлкө Биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштан өзүн оолак кармаган. Швейцария бүгүн да эч бир аскердик альянска, Европалык союзга да мүчө эмес.
Туризмге кайтсак, аталган өлкө Европанын эӊ тоолуу жергеси. Жаратылышынын кооздугу өзүнчө брендге айланган. Женева көлү Ысык-Көл сыяктуу тоолор менен курчалган. Туризмден түшкөн акча улуттук кирешенин 15 пайызын түзөт.

Брюссель: БАКИЕВДЕР. ЕВРОПАЛЫК КОШ СТАНДАРТ...
Бельгияда Европалык парламенттин төрагасы Мартин Шульц менен сүйлөшүү өткөргөн соӊ Алмазбек Атамбаев мындай деди: «Олланд жана Шульц менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Украинадагы, Молдовадагы конфликт маселелер боюнча Европалык союз менен Орусия лидеринин позицияларын жакындата алганымдай көрүнүп жатат».
Европалык союз менен Кыргызстандын ортосунда социалдык тармакты колдоого 30 миллион евро грант бөлүп берүү тууралуу макулдашууга кол коюлду.
Брюсселде эксперттик коомчулук менен болуп өткөн жолугушууда президент өмүр тарыхы жана өлкө тарыхы жөнүндө аудиторияны багындырган баян куруп, Курманбек Бакиевдин адамдары Кыргызстандан чыгарып кеткен ири каражаттарды кайтарууга Евробиримдик учурунда жардам бербегенин айтып, кош стандарттуулук үчүн сындады. «Соӊку 3 жылда бюджеттин киреше бөлүгү 2 эсеге, бажы төлөмдөрү 3 эсеге жогорулады. Бизде коркунучтуу коррупция бар болчу. Мурун чогулган төлөмдөрдүн үчтөн эки бөлүгү уурулардын чөнтөгүнө кетер эле. Азыр болсо алар бакубат күн кечирүүдө. Бакиевдердин үй-бүлөсү Минскте, Лондондо, Ирландияда, АКШда жашырынып жашап жатат. Бакиевдердин бири дагы Европалык союзда да, башка жакта да кармалган жок. Эмне үчүн? Бул кош стандарттуу саясат»,- деди.

«Европанын устаканасы» атыккан Бельгия
Бельгиянын калкынын саны 11 миллион кишиге чукул, башкаруу формасы конституциялык парламенттик монархия. Аталган өлкө орто кылымдарда «Европанын устаканасы» атыгып, текстиль өнөр жайы, курал-жарак чыгаруу, алмаз ташын кырдоо менен бриллиант сатуу иши өнүккөн. Бүгүн ал кара жана түстүү металлды экспорттоо боюнча дүйнөдө эӊ башкы катарда. Чет жерге автомобиль, дары-дармектер, бриллиант жана азык-түлүктү ири көлөмдө сатат.

Берлин: «РУБЛДУН ТӨМӨНДӨШҮ СОМГО ЗЫЯНЫН ТИЙГИЗДИ»
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Европага расмий иш сапары Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель менен маанилүү жолугушуудан соӊ жыйынтыкталды. «Европадагы конфликт Кыргызстанга да таасирин тийгизип жатат, рубль курсунун төмөндөшү сомго зыянын тийгизди. Жарым миллионго чукул кыргызстандыктар Орусияда иштейт. Евразиялык экономикалык союз менен Европалык союздун ортосундагы мамилеге келсек, биз Европа Лиссабондон Владивостокко чейин бирдиктүү болушу керек деген пикирдебиз. Кыргызстандын атынан кошумчалай кетейин, Европанын Бишкекке дейре узарып келүүсүн да каалайбыз»,- деди президент.
Канцлер Ангела Меркель буларга токтолду: «Кыргыз Республикасы көпүрө катары өтө маанилүү ролду ойнойт. Ал коӊшу өлкөлөрдүн чөйрөсүндө оӊойго турбаган иш экендигине карабай, коррупцияга каршы күрөшүүдө ийгиликтерди жаратууда. Алмазбек Атамбаев оор шарттарда демократиялык трансформациялык жолду тандоого мүмкүн экендигине үлгү болот алат. Сүйлөшүүдө бир гана Кыргызстан менен Германия эмес, конфликттерди тынчтык жолу менен жөнгө салуу маселелери да козголду. Биз экономикалык тармакта кызматташууну кеӊейтүүгө даярбыз жана шайлоо өткөрүүдө колдоо көрсөтөбүз».

Германия – автоунаалардын мекени
Немистердин экономикасы Европада эӊ ири болуп саналат, дүйнөдө алдыӊкы бештикте. Анын өзгөчөлүгү – өнүккөн инфраструктурасында, экспортко багыт алгандыгында жана квалификациялуу жумушчуларында. Чет мамлекеттерге автоунаа, дары-дармек менен турмуш-тиричилик техникасын сатат. Германия автоунааларды чыгаруу саны боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Калкынын саны 80 миллион адамдан көбүрөөк жана башкаруу формасы парламенттик республика.

Сапар Исаков, Президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы: «КҮТКӨНҮБҮЗ 100 ПАЙЫЗГА ИШКЕ АШТЫ»
– Бул расмий иш сапарларды даярдап баштоодо күткөн ой-максаттар 100 пайызга ишке ашты. Европанын 5 өлкөсүнө кыргыз президентинин расмий иш сапар менен баруусу биздин тарыхта боло элек окуя.
Австриянын башчысы Хайнц Фишер биздин президентти үйүнө кечки тамактанууга чакырды. Сиздер менен бөлүшө кетейин, Фишер үйүнө бир эле жолу БУУнун башкы катчысын гана чакырган. Достошом деген ниет менен минтип Алмазбек Атамбаевди да чакырып отурат. Францияга кыргыз президентинин расмий иш сапары менен биринчи жолу барышы. Швейцария гранттан башка парламенттик шайлоого 1,8 миллион швейцардык франк (1,85 миллион доллардын тегереги)бергени жатат. Бельгияда Европалык парламенттин төрагасы Мартин Шульцтун «быйыл Кыргызстанга расмий иш сапарым менен келем» деп айтканы жалгыз Кыргызстан үчүн эмес, бүтүндөй Борбор Азияга чоӊ көрсөткүч болуп саналат.
Германияда канцлер Ангела Меркель президент Алмазбек Атамбаевдин айткан сөздөрүн туура кабыл алып, тыгыз иш алып баруу боюнча тиешелүү тармактарды карап чыгарын билдирди.

КЫРГЫЗ-ЕВРОПАЛЫК МАМИЛЕ ЖАӉЫ ДЕӉГЭЭЛГЕ ЧЫКТЫ
Европа өлкөлөрүнө болгон президенттик расмий иш сапарлар үчүн оппозиция Алмазбек Атамбаевди сынга алууда. Алар «Атамбаев мамлекеттин акчасынын эсебинен Европага барып, Путинге ортомчулук кылып жүрөт» дешүүдө. Бул сындарды жокко чыгарып, иш сапардын жыйынтыгында Кыргызстанга баш-аягы 100 миллион доллардан ашуун грант түрүндөгү финансылык колдоо келери белгилүү болду. Парламенттик шайлоону таза өткөрүү боюнча жардамдар, инвесторлорго кыргыз жергесин таанытуу, Евразиялык экономикалык биримдик менен Европалык союздун арасында ортомчулук миссияны аткаруу планы дагы өзүн актады.
Өлкө башчы иш сапарды мындайча жыйынтыктады: «Мен жолугушкан башчылардын Кыргызстанга карата ишеними жаралганын байкадым. Иш сапар суй жыгылткандай оор болду. Бирок жыйынтыгы абдан жакшы. Бул өлкөлөр менен Кыргызстандын мамиле куруусу жаӊы деӊгээлге көтөрүлөт. Буюрса, моралдык жана материалдык көрсөтүлүп жаткан колдоонун деӊгээли да таптакыр башкача болот».
Кыргыз-европалык мамиленин пайдубалы бекемделип, эми бул процессти тыныгуусуз жана ысыгында улантып кетүү гана калды.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
eliza5566
2015-04-09 02:53:16
Жашоо эле президенттики экен да!!! Шылтоо менен жер шарын айланып чыкмай болду. Мейли айланып алсын мооноту бутушуно деле аз калбадыбы. Ушу озунон мурунку ажолорду жамандабай эле ишин кыла берсе эмне болот экен дейм да. Озу алардан эч айырмасы жок керек болсо убагында алар менен табакташ болуп лыпылдап алардын кызматында жургон.
0
vera23
2015-04-12 12:09:10
Бизге озу кылса да жакпайт кылбаса да жакпайт., менимче ийгиликтуу иш сапары болду деп ойлойм ылайым озунун созундо айткандай корупция менен курошо алса кана еми..
0
№ 648, 3-апрель-9-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан