БИР БҮРКҮМ

  • ДИНАРА АКУЛОВА Кыргызстандын жети дубанын кыдырып концерт берет.
  • Үстүбүздөгү айдын биринчи жарымында «АК-ӨРГӨ CITY» командасы жеке концерти менен Чүй өрөөнүн кыдырат.
  • Анкара шаарында акын МИРЛАН САМЫЙКОЖОНУН поэзиялык кечеси болуп өттү.
  • Ырчы, обончу ТААЛАЙБЕК ТОЙЧУЕВ «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланды.
  • «АК НИЕТ» элдик бий ансамбли Астанада өткөн «Ак көгүчкөн» 9-эл аралык фестиваль-сынагында хореография номинациясы боюнча баш байгени багынтты. Ал эми «BS» бий студиясы Алматыда өткөн жаш таланттар сынагында 1-орунду ээледи.
  • Ырчы НАЗМИ «Две судьбы» аттуу ырына клип тартууда.
  • ЧУБАК САТАЕВДИН өмүр жолуна, чыгармачылыгына арналган «Чубактын ак батасы» аттуу китеп жарык көрөт.
  • «КУРМАНЖАН ДАТКА» тасмасы Орусиянын «Ника» сыйлыгын албай калды.
  • ДАЙЫР ИСМАДИЯРОВ «Сен сүйсөӊ болбойбу?» аттуу ырына клип тартты. Ырчы мурунку клиптерине сценарист гана болсо, эми режиссёр да болду.
  • Бишкекте ПАМИРЛИК КЫРГЫЗДАРДЫН жашоосун чагылдырган көргөзмө өтүүдө.
  • «Чыгармачылыкка баш-отум менен кириштим» деген БЕГИМАЙ КАРАБАЕВА учурда Нурлан Насип менен Баткен жергесинде гастролдоп жүрөт.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Aksy-13
2015-04-06 14:31:33
Нурлан Насип Жалал-Абад облусун да кыдырат бекен концерт коюп кантип билсек болот
0
lionna
2015-04-06 14:37:50
Курманжан Датка тасмасын тарткандар уят эле кылышты. Тасмага болунгон каражатты жеп коюшуп, эптеп эле тартып коюшкан. Андан коро туркторго беришкенде, тарыхта калчудай кылып тартат беле....
0
jigit.paren
2015-04-06 16:49:34
Лиона туура айтасын эптеп эле бирдеме кылып коюшкан.
0
Azura
2015-04-06 21:17:49
Да.айтканынарга кошулам. Курманжан датка эптемей эле кино болуптур. Рекламасы.тегерегиндеги созу эле каттуу.
0
fea1990
2015-04-07 00:03:58
Баткенде Нурлан Насиптин концерти соонун отту.
0
№ 648, 3-апрель-9-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан