Төкмө акын Сапарбек Зулпуев чыгармачылыкка шымалана киришем деп Өзгөн районунан Бишкекке көчүп келди. Тактап айтканда, өнөр адамдары топтолуп «Ак калпак» тобун түзүшүп, Сапарбекти атайын алыстан чакыртышкан. Топ Токтогул, Нарын, Ош жергесинен чыккан таланттуу музыканттардан куралган. Алар аккордеон, комуз, гитара, шылдырак өӊдүү музыкалык аспаптарда кол ойнотуп, обон созуп, эски ырларга экинчи өмүр беришмекчи.
Топ элдик фольклорду жандандыруу, өнөрлөрүн өркүндөтүү максатында түзүлгөнүн Сапарбек Зулпуев билдирди.