«Супер-Инфо» гезитинин тандоосу боюнча «2013-жылдын супер актёру», «Салам, Нью-Йорк!» тасмасында башкы каармандын ролун жараткан актёр Бектемир Мамаюсупов көптөн бери самап келген тилегин орундатып, тасма тартууга киришти.
«Мен актёрлук карьерамды Кытайдан баштагам. Ошондуктан тасманы Шанхайда тартуу үчүн демөөрчү издеп жүрдүм эле, таптым. Бирок Шанхай алыс болгондуктан Үрүмчүдө, анан Казакстан, Кыргызстанда тартылат. Фильмдин идеясы мага таандык. Тасма үч элдин достугун бекемдөө максатын көздөйт. «Сумасшедшие каникулы» деп аталган комедия жанрындагы бул тасмада кытай, казак жана кыргыз улутунун өкүлдөрү роль жаратышат. Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышын тасмага түшүрүү үчүн күндүн жылышын күтүп жатабыз»,- деди Б.Мамаюсупов.