Тамашоучу Эмил Эсеналиев акыркы учурда кино жылдызына айланды.
Эми тамашоучу ырчылыкка да бет алганын айтып, толкунданып алды: «Бала кезимден эле ырчылыкка кызыгып, Мирбек Атабековдой ырчы болом дечүмүн. Ырдаганымды уккандар «үнүӊ жакшы экен, ырчы болбойсуӊбу» деп көп айтышат. Кыялымды орундатып «Таалай элеси» тобунун «Шаардык Саида» аттуу чыгармасына ырчы Ирлан Таалайбеков аранжировка жасап берди. Учурда үн жаздырып жатам. Буюрса, баарына жетишем, тасмага тартылып, күлкү сунуп, ырдап дагы»,- дейт Эмил.