ӨЗҮҢДҮ-ӨЗҮҢ ДАН МЕНЕН ДАРЫЛА!

Корей элинин ооруларды өсүмдүктөрдүн уругу, гүлдүн желекчелери, дарак бутагы, алтургай ийне жалбырактуу дарактардын ийнеси менен дарылоо ыкмасы бар. Бул ыкма су-жок деп аталат. Адам данды алаканына жабыштыруу менен өзүн-өзү дарылап, айыктырып алса болот.

ӨСҮМДҮК ДАНЫНЫН КАСИЕТИ
Өсүмдүк даны – күчтүү энергияга, алтургай өзүнүн магниттик талаасына ээ. Андыктан дан адамдагы терс энергияны өзүнө тартып алып, адамга оң энергия берүү менен, оорудан айыктыруучу касиетке ээ. Дарылануу үчүн колдонулган дандар көбүнчө кургап, жарака кетип калат. Өнөкөт ооруну айыктырууда дан кургак түрүндө колдонулса, курч кармаган ооруну дарылоодо данды бир аз өндүрүп алып пайдаланган жакшы.

КОЛДОНУУ ЭҢ ОҢОЙ!
Адатта өсүмдүктүн данын же башка бөлүгүн колдогу ооруу зонасына лейкопластырь менен таңып коюу керек. Эгер дал ошол зонага жайгаштыра аларыңыздан күмөн санасаңыз, анда зонаны жаба тургандай кылып бир нече данды жабыштырып коюңуз.
Данды бир нече сааттан 1 суткага чейин жабыштырып койсо боло берет. Мүмкүндүк болсо, жаңысын алмаштырып турса да жакшы. Бирок жакшы бышпаган, чекеси кетилген, бүрүшкөн данды жабыштырууга болбойт. Ошондой эле көчө бойлорунда өскөн өсүмдүктөр абдан кир болгондуктан, аларды да колдонууга тыюу салынат.

КАЙСЫ ООРУДА ЭМНЕНИН ДАНЫ КОЛДОНУЛАТ?
Кайсы орган ооруса ошол органдын формасына окшош данды, урукту тандап колдонуу кажет.

  • Көздүн, баштын жана эмчектин оорусунда тоголок дан жана данек керектелет (алча, мурч, нокот).
  • Мээнин оорусунда жаңгак.
  • Жүрөк оорусунда калина же гречиха.
  • Бөйрөк жана ашказан оорусунда буурчак.
  • Ичеги, вена, кан тамыр жана узун сөөктөр (бут-кол сөөгүн) оорусунда сулу.
  • Омуртка, муундардын оорусунда дан өсүмдүктөрүнүн биринин сабагы.

КҮРҮЧ БРОНХИТТИ, ЗЫГЫР ИЧЕГИНИ АЙЫКТЫРАТ
Кытай лимонун (лимонник) баш мээнин зонасына жабыштырса, ишке жөндөмдүүлүк артат. Дамамат уйкусурап жүрүү жок болот.
Жыттуу ак гүлү жана кара жемиши бар дарактын (черемуха) мөмөсүн жоон жана ичке ичегинин зонасына жабыштырып жүрсө, ич өткөк калат.
Ит мурундун мөмө­сүн боор жана өттүн зонасына жабыштырып жүрүү менен боордун оорусунан кутулууга болот.
Анардын данын кулак жана көздүн зонасына таңуу менен, кулак жана көз ооруларынан айыгасыз.
Зыгырдын (лён) уругун ооздун жана жоон ичегинин зонасына жабыштырсаңыз, ич катуудан жана тиш оорудан кутуласыз.
Нокотту бөйрөк менен заара чыгаруучу каналдарга жабыштырып жүрүү таш ооруларынан арылтат.
Жүгөрү данын уйку безинин зонасына таңуу кант диабетинен айыгууга салым кошот.
Күрүчтүн данын кекиртек бутактарынын өпкө менен кошулган жерине (бронх зонасы) жабыштыруу менен, бронхит жана бронхиалдык астмадан кутулууга толук мүмкүн.
Долононун данегин же калинанын мөмөсүн баштын жана жүрөктүн зонасына таңуу аркылуу гипертония (артериалдык кан басымдын жогорулашы) менен коштошосуз.
Укроп менен фенхелди (эфир майына ээ өсүмдүк) жоон жана ичке ичегинин зонасына таңып жүрүү ич көбүүдөн кутултат.
Дарбыздын данегин бөйрөктүн жана заара чыгаруучу каналдын зонасына жабыштыруу, шишиктен (кол-бет ж.б. шишип кетиши) арылтат.


ЖАТЫН МОЮНЧАСЫНЫН ЭРОЗИЯСЫ

Жатын моюнчасынын эрозиясы төрөп-түшүү курагындагы ар бир экинчи аялда кездешет. Эгер убагында дарылабаса, бул оору ракка дейре өсүп кетет.

ЭРОЗИЯ БУЛ – ЖАРА
Эрозия жатын моюнчасынын былжырынын жаракатка кабылуусу. Тагыраак айтканда, жатын моюнчасынын жарасы. Жара ачык кызыл түстө жана тоголок формада болуп, диаметри 2 миллиметрден 2 сантиметрге чейин жетиши мүмкүн.
Оору көбүнчө билинбей өтөт. Болгону, кээде жыныстык катнаш учурунда оорутууну жаратып, азыраак канашы мүмкүн.
Жара пайда болгондон кийинки 2 апта ичинде дарылап жок кылуу керектелет. Эгер аял дарыланбаса же чала дарыланып, жара толук жок болбосо, анда эрозия псевдоэрозияга айланат. Аял андан кийин да таптактыр дарыланбаса, анда оору ракка өсүп кетет.
Оорунун келип чыгуу себептери
Жаранын келип чыгуусун бир топ себептер шарттайт:

  • Жыныстык инфекциялар (жука чурайдын учугу, сөөл сымал папилломанын вирусу, хламидия, уреаплазма ж.б.);
  • Жыныстык инфекцияларды убагында дарылабоо же туура эмес дарылоо;
  • Жатын моюнчасынын жаракатка кабылуусу (аборт же туура эмес төрөтүү);
  • Дамамат суюктуктун бөлүнүп чыгуусу (суюктук жыныстык жактан оору жугуп, сезгенүү келип чыкканда бөлүнүп чыга баштайт);
  • Иммунитеттин төмөндөшү ж.б.

КАНТИП АЙЫКТЫРУУГА БОЛОТ?
Дарылоодо бир нече ыкма болсо да, негизинен 2 ыкма колдонулат.
Лазердик хирургия. Бул ыкма жатын моюнчасынын эрозиясын дарылоодон тышкары, кондиломаны (сөөл түрү), лейкоплакияны (жыныс кынынын былжырынын сезгениши) жана башкаларды дарылоодо колдонулат.
Операциядан кийин жаранын орду 1-2 ай ичинде толук бүтөт. Бул оорунун оор же жеңил экендигине байланыштуу.
Криодеструкция. Суюк азотту колдонуу менен жүргүзүлөт. Жаранын орду толугу менен 2 ай ичинде бүтөт.

ЭСКЕРТҮҮ
Аялдар ар бир 6 ай сайын гинекологго текшерилип турушу зарыл. Ошондо аялда гинекологиялык жана жыныстык жактан жугуучу оорулардын бар же жок экендиги (анын ичинде жатын моюнчасынын эрозиясы) так билинет. Эгер оору бар болсо, убагында каксыз айыктырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kumarbek
2011-08-12 13:44:37
Эх гулда дары бекен
0
№ 372, 18-24-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан