ТЕЛЕНИН ЖҮЗДӨРҮ

Журналисттерди коомдо болуп жаткан жаӊылыктарды, ой-пикирлерди көрсөтүп турган күзгү дейт эмеспизби. Теледе иштеген таланттуу, жаш улан-кыздарыбыз менен таанышып алыӊыз.

Бактияр Тукеев: «КТРКнын ЖЕТЕКЧИСИ БОЛОМ ДЕГЕН МАКСАТЫМ БАР»

Туулган жери – Тоӊ району, Бөкөнбаев айылы
Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 24-март
Билими – Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. Юридикалык факультеттин магистратурасын быйыл аяктап жатат
Учурда – КТРК телеканалындагы «Ой ордо» ток-шоусун алып барат

– Бактияр, алгач телеге кантип келдиӊ эле, ошол туурасында айтып берсеӊ?
«Жетелеп жүргөн бирөө болбосо КТРКга ишке орношуу кыйын» дешет экен. Мен практикага келгенимде ошол кездеги продюсер Сюита Соурбаева даярдаган сюжеттеримди жактырып алып калган. Ошентип 2009-жылдан бери теледе иштеп келе жатам. Алгач «Ала-Тоо» программасына кабарчы болдум. Андан кийин «Протокол №» деген көрсөтүү ачып иштедим, ал азыр «Телекүзөт» деген аталышта эфирге чыгып жатат. «Жаза кайтарылгыс», «Журналисттик иликтөө» деген автордук көрсөтүүлөрдү даярдап жүрдүм. Башында «Ой ордо» программасынын редактору, жооптуу редактору болуп иштедим. Быйыл январдан баштап көрсөтүүнүн алып баруучусумун.
– Келечекте өзүӊдү кайсы тармактан көрө аласыӊ?
– Азырынча КТРКда эле жакшы эмгек жаратып, коомчулукта элге пайдалуу көрсөтүүлөрдү ачсам деген тилектемин. Негизи мамлекеттик кызматтарга, министрликтин, Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматтарына чакырышты. Мен тажрыйба топтоо үчүн теледе эле калууну чечтим. Келечекте КТРКнын жетекчиси болуу максатым бар. Орусия, Германия, Кытайдын телеканалдарына барып тажрыйба топтоп келдим. Жаш кезде саясатка аралашып, коомдук активисттер менен митингдерге, ар кандай маалымат жыйындарына, тегерек үстөлдөргө катышып жүрдүм. Жогорку Кеӊештин депутаты маркум Санжар Кадыралиевге жардамчы да болуп иштегем.
– Чакан мамлекетиӊ тууралуу айтып кетсеӊ...
– Келинчегим Каныша Нарындын кызы, Айдар, Айдана аттуу уул-кыздын атасымын. Жубайым кесиби боюнча кытай тилинен котормочу.

Жакшылык Матанов: «ПРЕЗИДЕНТ БОЛУУНУ ЭӉСЕБЕГЕН ЖУРНАЛИСТ ЖУРНАЛИСТ ЭМЕС»

Туулган жери – Ак-Талаа району, Баетов айылы
Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 8-июнь
Билими – Түркиядагы Гермирли университетин аяктаган
Учурда – ЭлТР телеканалында «Менин айылым» көрсөтүүсүн алып барат

– Жакшылык, биздин редакцияга куш келипсиӊ. Жаныӊдагы сүйлөшкөн кызыӊбы?
– Таанышып алыӊыз, аты Айдай, буюрса, 25-апрелде үйлөнөм. Бир жолу премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин пресс-ланчында алып баруучу болгом. Айдай болсо мурунку юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун басма сөз катчысы болуп иштечү. Айдайды ошондо көрүп ичимден ушул менин жубайым болот дегем. Телефон номерин таап чалып, «каалайсыӊбы, каалабайсыӊбы сен менин келинчегим болосуӊ» дедим. Мына, 6 айдан бери сүйлөшүп жүрөбүз. Кыргызча үйрөнсүн деп дайыма жаныма алып жүрөм.
– Түркияда окуптурсуӊ, маянасы жакшы жумушта иштечү экенсиӊ, журналистика эмнеси менен арбап алды?
– Туура айтасыз, ЭлТРде иштеп 1 жылда тапкан акчаны Түркияда бир жарым айда таап коёт экем. Түркияда окууну бүтүп, Анталья шаарында жумуш издеп ар бир отелге кирип чыктым. Акыркысына жеткенде кароолчусуна «жумуш издеп жүрөм» десем, «кайсы бөлүмгө?» дейт. Мен «айырмасы жок, түркчө, англисче, орусча билем» дедим. Ал мени таштанды ташыган бөлүмдүн чоӊуна жолуктурду. Анан ал «жогорку окуу жайды бүтүргөн билимдүү баланы таштанды ташыганга албайм» деди. Эшикке чыксам кеч кирип, жамгыр да жаап жаткан экен, «мени таштанды тазалаганга да жумушка албайт» деп ыйлагам. 3 күн деӊиздин жээгинде кийимимди астыма салып жаттым. Анан жумуш таап, жөнөкөй жумушчудан белгилүү отелдердин менеджерлигине чейин көтөрүлдүм. Эрнист Кыязов «ал жактан миллионер болуп келсеӊ да сени эч ким тааныбайт. Учурда Кыргызстанга сендей билимдүү, патриот жигиттер керек. Билимдүүлөр ушинтип чет жакта кала берсе, өлкөбүз эмне болот?» деди эле, жумушту таштап келе бердим.
– Келечек пландарыӊ жөнүндө айтып берсеӊ...
– Өлкөбүздүн абалы ушул болуп турганда саясатты сүйлөшүү мен үчүн кумар. Мен ар дайым «президент болууну эӊсебеген журналист журналист эмес» деп айтам. Саясатка аралашып, президент болуп, өлкөгө кызмат кылсам дечүмүн. Анча-мынча интригаларын көргөндөн кийин жийиркенип калдым. Ушундай жийиркеничтүү саясатка аралашпай туруп өлкөмдү өнүктүрүп кетсем экен деген максаттарым бар.

Мира Шүкүралиева: «ЖУРНАЛИСТ ГАНА ЭМЕС, МУГАЛИММИН ЖАНА САЛОН ИШТЕТЕМ»

Туулган жери – Чолпон-Ата шаары
Туулган жылы, күнү – 1985-жыл, 9-май
Билими – Туризм академиясын аяктаган
Учурда – НТС телеканалынын «Таӊ шоола» көрсөтүүсүнүн алып баруучусу

– Мира, маегибизди кантип эфирге келип калдыӊ эле деген суроодон баштасак...
– 2010-жылы 5-каналда «Майдан» көрсөтүүсүн алып барган Гүлзада Шаршеналиева деген эже менен таанышып калдым. Ал эженин сунушу менен НТСке келдим. 8 ай даярданып анан эфирге чыктым. Алгач айыл турмушун чагылдырган «Элет» көрсөтүүсүн, андан кийин таӊкы «Таӊ шоола» көрсөтүүсүн бир жарым жылдан бери алып барып келем.
– Демек, эртеӊ менен элдин маанайын көтөргөнгө аракет кылат экенсиӊ да?
– Ооба, өзүм позитивдүү инсандардын катарын толуктайм. Кээде эфирде күлкүмдү тыя албай калган учурлар болот. Мектепте окуп жүргөндө да ар бир мугалимди өзүндөй кылып туурап берип классташтарымдын боорун эзип салчумун. Ошондо өзүм мугалим болуп каларымды билбесем керек.
Борбордук Азиядагы Америка университетинде телеалпаруучулук боюнча сабак берем. Андан сырткары үйлөнүү-үлпөт көйнөктөрүн сатып, ижарага берген салонду иштетем.
– Теленин жүзү ар дайым сулуу, келишимдүү болушу шарт эмеспи, өзүӊө кантип кам көрөсүӊ?
– Менин келбетимдин бир калыпта сакталышына жолдошум себепкер десем болот. Анткени ал 15 жылдан бери бодибилдинг менен алектенгендиктен мага машыгуу программасын өзү түзүп берет. Үйдө бир бөлмөнү атайын машыгуу залы кылып алганбыз, бирге машыгабыз. Баш кошконубузга 11 жыл болду, 1 уул, 1 кызды тарбиялап келе жатабыз.

Расул Рахманалиев: «ӨНӨКТӨШҮМӨ ШЫБЫРАГАНЫМ ЭФИРДЕН ӨПКӨНДӨЙ КӨРҮНҮПТҮР»

Туулган жери – Баткен облусу, Чек айылы
Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 21-август
Билими – Ош соода экономикалык окуу жайын бүтүргөн. ОшМУда журналисттик бөлүмдө окуп жатат
Учурда – ЭлТРде «Кутман таӊ» көрсөтүүсүн алып барат, ЭлFM радиосунун ди-джейи

– Расул, экономисттин окуусун бүтүп алып, телеге келип калганыӊ кызык экен...
– ЭлТР каналында алып баруучулукка кастинг болорун угуп келип калгам. Сюжет даярдоо үчүн конкурс болгон, Кыргыз Республикасынын желеги тууралуу сюжет даярдап, 2-орунду алгам. Ошентип 2006-жылдан тарта бул жаатта эмгектенип келем.
– Сени ди-джей катары да тааныйбыз...
– Туура айтасыз, ЭлFM радиосунда ди-джей болуп иштеп жатканыма 5 жыл болуп калыптыр. Радиого алып келип, жол көрсөткөн мугалимдеримдин бири маркум Медер Осмоналиев.
– Жумушуӊда кызыктуу окуялар көп болсо керек?
– Ооба, «жаӊылбас жаак болбойт» дегендей, эфир учурунда кызыктарга көп кабылабыз. Радиодо жаӊылыктар менен тааныштыргандан кийин валюта курсун айтат эмеспизби. Ошондо орус акча бирдиги рубль 98 тыйын дейм деп, 98 сом деп адашканым эсимде. Тумоолоп калганымда түз эфирде чүчкүрүп жиберип уят болгом. Анан да өнөктөш кызым Бегимайга эфир учурунда бир нерсени шыбырап айтайын деп жаткам, көрсө, ал экрандан элге көрүнүп калыптыр. Эл «Расул Бегимайды өптү» деп ойлоп алышыптыр. Айтор, жумушумда күнүгө кызыктуу окуялар болуп турат.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Теленин жүздөрү
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
aqua-94mema
2015-04-06 13:05:36
Жанынан корсон дегеним .
0
Pantherka
2015-04-06 18:23:40
Кечирип койгула биринда тааныбайт экенмин.
-1
begai93
2015-04-06 20:38:26
жакшы жакшы
0
Positive
2015-04-06 23:50:51
Jakwylyktyn kop til bilgeni ayabai jakty, sendei patriot jigitter koboio bersin Kyrgyzstandaa. Ozu dz suluu eken))
0
Azako
2015-04-07 12:23:47
Ой Ордонун алып баруучусу молодец! Катуу алып барып жатат, өткөндө абдрахманов, жээнбеков. исаковду алып чыкты, мурда качан оппозиция КТРге чыкчу эле, опера театрда денюха өткөргөндөр боюнча да ошол эле күнү талкуу кылды го, оперативдуу иштеп атышат, ой ордонун Бактиярдан башка да командасы күчтүү окшойт, күн сайын актуалдуу проблемаларды чыгарып жатышат. Ийгилик! баса НТСтеги Мира абдан сулуу кыз :) мага жагат.))
+1
nusichka
2015-04-07 14:19:58
ушул жуздорду телеге алып чыгуу да бир озунчо кыйын эмеспи, экрандын артындагы режиссерлорду да чыгарсанар жакшы болмок
+1
Dashi
2015-04-07 17:53:52
Ушу Расул бесит да бесит..Озун жаммман крутой сезет окшойт
-2
SULUU-KYZ
2015-04-07 19:23:53
men da taanybait ekem bulardy
0
nota89
2015-04-10 14:32:51
SULUU-KYZ,эн жакшы тааныгандар тааныбайм деп комментарий жазышат да)))))
0
bayana1987
2015-04-07 21:02:30
Баарына ийгилик каалайм. Баарын тааныйм осо турган акылдуу жигит кыздар. эми ич куйдуулукту ичинерге каткыла да жон эле суйлойт десе суйлой бербей. Ошентип бир кун эфирге чыгып суйлоп коруглочу корот элем силердин ким экенинерди.
0
nusichka
2015-04-08 15:31:03
туура айтасын камеранын артында бизда бакырып суйлой беребиз, бирок алдына откондо бир оз суйлой албай калабыз, кочодо камераны которуп суроо беришсе, жооп бере албай каласынарго
0
ROZI
2015-04-09 11:09:22
Эркин Рыскулбеков жакшы алып баруучу!!! 555+!!!
0
admin_superstan
2015-04-10 14:54:27
nota89, жеке билдирүүнү купуя менен жазып, кимдир бирөөнү кемсинтпеңиз! Эскертүү!
0
Adilet2014
2015-04-11 02:34:13
Ой ордонун алып баруучусу кучтуу,
0
Azako
2015-10-18 14:37:05
Ой Ордонун мурдагы алып баруучусу Алмаз Касымалиев башында мындан жаман алып барчу, кийин такыр эле абышкадай болуп скучно алып барып калган. а Бактияр Тукеев Ой Ордого жаңы дем киргизди. азаматсың Бактияр эмгектене бер, сын пикирди туура кабыл ал, мыкты экеннжи көрүүчүлөр билет!
0
pixel2015
2016-04-28 16:28:10
Расул красавчик
0
№ 648, 3-апрель-9-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан