«МАРИНА, КУНДУЗ, МЕНИ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКЫЛА»
– 1992-жылы Бишкектеги кооперативдик техникумдун бир айлык курсунда бирге окуган Нарын (ал кезде Тянь-Шань деп аталчу) районунун тургуну Марина Мамбет кызын жана кочкорлук Кундуз аттуу курбуларымды издейм. Бир убактарда аябай жакшы мамиледе жүрдүк эле, андан бери алардан кабарым жок. Марина, Кундуз, окуп калсаӊар байланышкыла.
Таластан Рамис.
Тел.: 0779 60 72 71
«НООКАТТЫК ЭЛНУРА, КАБАРЫӉДЫ БИЛДИРЧИ»
– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфонун» жалпы жамааты? Мен 2010-жылы жаз айларында ноокаттык Элнура деген кыз менен таанышкан элем. Бирок, тилекке каршы, 10-июндагы Ошто болгон коогалаӊдан кийин ал кыз менен байланыша албай калдым. Элнура, окуп калсаӊ байланышып койчу.
Адилет Каныбек уулу.
Тел.: 0777 36 00 01
«ТАЙПАЛАШТАР, КАЙДАСЫӉАР?»
– Мен мурдагы Фрунзе кооператив техникумунда окуп кеткен жана жатаканада чогуу жашаган Ысык-Көлдүн Тоӊ районунан Нүргүл Касмакунованы, Балыкчы шаарынан Айчүрөк Исраилованы, Анара Өмүралиеваны, Батманы, Чолпон айылынан Гүлмира Исманованы издейм. Окуп калсаӊар кабарлашкыла.
Салтанат Жунушалиева. Тел.: 0772 13 74 24,
0559 866 955
«КУРБУЛАР, ОКУП КАЛСАӉАР БАЙЛАНЫШКЫЛА»
– 1983-85-жылдары мурдагы Фрунзе шаарындагы кесиптик окуу жайда (тигүү боюнча) бирге окуп, ВЛКСМ фабрикасында чогуу иштеген курбу кыздарым токтогулдук Жамийла, Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылынан Зульфия (Кабыл аттуу иниси бар) деген кыздарды издейм. Курбулар, окуп калсаӊар байланышкыла.
София Эрматова.
Тел.: 0777 30 10 15,
0556 16 31 00
«ГҮЛНАРА ТӨРӨКУЛОВАНЫ ИЗДЕЙМ»
– «Күзгү жалбырак» киносундагы өгөй эненин ролун аткарган актриса Гүлнара Төрөкулованы издейм. Ал экөөбүз 2008-жылы 6-ооруканада бирге дарыланган элек. Жакшы санаалаш болуп жүрдүк, кийин да телефондон байланышып турчубуз. Номурлары алмашып, таппай калдым. Окуп калса байланышып калар деп силерге кайрылдым эле.
Зарылкан Мукабаева (Закен).
Тел.: 0552 11 33 75,
0773 61 80 97
«ЖАЗГҮЛГӨ КАЙРАДАН ЖОЛУКСАМ ДЕЙМ»
– 2008-жылы Бишкек шаарындагы Мамлекеттик статистика комитетинин башкы эсептөөчү борборунда иштечүмүн. Ошол учурда телефондон Жазгүл деген кыз менен таанышып калгам. Ал №11 мектепте 9-класста окучу. Түбүм нарындык деп калчу. Бирок так эмес. 1992-93-жылы туулган болсо керек. Сүйлөшүп жүрүп ошол эле жылдын апрель айында жолугуштук. Кыз-жигит катары сүйлөшүп да калган элек. Көп өтпөй кандайдыр бир себептерден улам алыстап кеттик. Акыркы жолу 2008-жылы июнь айында «Панфилов» сейил багынан жолуктук. Ошондон бери дайынын билбейм. Жазгүлгө кайрадан жолуксам дейм.
Бекжан, Балыкчы шаары. Тел. 0709 45 04 04,
bekzhan.zhakipov@mail.ru
«ТАЙПАЛАШ КЫЗДАР, БАРСЫӉАРБЫ?»
– Тайпалаштарым Бүбүжан Иметалиеваны (Таласта мугалим болуп иштеп жүрөт деп уктум) жана Клара Өмүрзакованы издейм. Биз 1981-86-жылдары Кыз-келиндер педагогикалык институтунда биология-химия тайпасында бирге окуганбыз. Ушул тайпада окуган кыздардын баарын издейм.
Буайша Мамышева.
Тел.: 0559 59 57 94,
0773 57 24 17
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыӊызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоӊуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыӊыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28