Тасманын аталышы негедир көӊүлүмдү бөлдү. Мындай өзгөчө атка ээ тасманын ичинде да бир топ кызыктар бар экен. Анын кантип тартылып, көрөрмандарга кандай ойду тартуулагысы келгенин «Ботан жана Купидон» тасмасынын режиссёру Нурлан Разакулов айтып бермекчи.
ТАСМА ТУУРАЛУУ
Жанры – Комедия
Режиссёру – Нурлан Разакулов
Оператору – Талант Ургазиев
Башкы ролдордо – Айбек Туратбеков, Тьерри Махасуру, Зулайка Эркинбаева, Каныкей Ринатова, Атай Кененбаев
Узактыгы – 1 саат 25 мүнөт
– Нурлан мырза, алгач тасманын аталышын түшүндүрө кетсеӊиз. Эмнеге «Ботан жана Купидон» деп атап койдуӊуз?
– Баштапкы аталышы «Студент жана Купидон» болчу, кийин өзгөртүп жибердик. Купидон байыркы гректердин сүйүү кудайы эмеспи. Ал эми кадимки «ботаник» баланы азыр жаштар кыскартып ботан деп атап коюшат экен. Жаштар менен кеӊешип отуруп ушул аталышка токтолдук. Тасма жаштарга арналгандыктан алардын табитин да эске алдык.
– Фильмдин идеясы мурунтан эле бар беле?
– Көптөн бери ойлонуп жүргөнбүз. Негизи мен көп тасмаларымда саясий же социалдык эмес, эӊ негизги басымды дайыма сүйүүгө коюп тартып келем. Махабат – бул бирөөгө колко, таӊуулоо эмес, анын баркына жетүү милдет. Сүйөм деп сөз менен айтып койгон жетиштүү деп ойлошот. Анын азабына да чыдоо керек. Тасмада ушул ойду айткым келген.
– Кыскача мазмунуна токтоло кетсеӊиз...
– Башкы каарман ботаник бала сулуу кызды сүйүп калат. Негизи сүйүү деле бешенеге жазылган нерсе. Башкы каармандар табышып, сүйүшүп калганда өз милдетин аткаруу үчүн Купидон асмандан түшүп келет. Кыз менен жигит уруша кетип Купидон миссиясын аткара албай калат. Ошондо Купидонду өйдө жактагылар жазалап, «бул экөөнү кошпосоӊ адамга айланган боюнча каласыӊ» дешет. Анан Купидон жашоодогу реалдуу маселелерден экөөнү алып чыгып, жаштар чогуу калышат.
– Тасмадагы Купидондун ролун ойногон жигиттин улуту башкабы?
– Ал африкалык жигит. Бирок орус тилин мыкты түшүнөт экен. Тасмада өзүнүн ролун жакшы аткарды. Тасмадагы актёрлор кастинг аркылуу тандалган. Баары образдарын жакшы ачып беришти. Өзүм актёрлорго сабак берем, андыктан актёрлук шыгы туура келгендер гана тандалды.
– Тасманын өзгөчөлүгү эмнеде деп ойлойсуз? Көрөрман эмнеге сиздин тасмаӊызды тандашы керек?
– Эми көрөрманга эч качан таӊуулабайсыӊ да. Бирок кантсе да тасманын өзгөчөлүгү бар, мурунку тасмам «Бакыт баасында» көӊүлдү драмага бурсак, мында биз комедия менен ачып бергибиз келди.
– Тасма тартылып жатканда кандай кызыктуу окуяларга кабылдыӊыздар?
– Тасманын ичинде камтылган окуя эки күндүк. Аны 1 ай ичинде тартып бүттүк. 14-февралда бүтөт дегенибиз менен жазга туш келип калды. Түйшүктүү эпизод катары жылкыны табуу кыйын болгонун айта алам. Араӊ тапкан жылкыбыз аябай чоӊ болуп, анан шаарда жүрбөгөн неме үркүп жатты.
– Анда гезиттин окурмандарына «Ботан жана Купидон» тасмасына келип, көӊүл ачып кетиӊиздер деп маегибизди аяктайлы.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg