Кыргызстандык иллюзионисттер Радислав Сафин менен Ольга Крамер Швейцарияда өтүп жаткан «Die grossten Schweizer Talente» телеберүүсүнө катышып, өзгөчө номерлери менен калыстардын, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө арзып финалга чыгышты. Алар беш мүнөттүн ичинде Борбор Азияда жашаган 10 улуттун улуттук кийимдерин көрсөтүп беришти.
– Радислав, кайсы жылдан тартып иллюзионист болуп иштеп келе жатасыӊар?
– Бул жаатта 2012-жылдан бери иш алып баруудабыз. Жаӊы чыкканда эле номерлерибиз ийгиликтүү болуп, Санкт-Петербург, Москвада өткөн сынактарга катышып, биринчи орунду алганбыз. Мындан кийин Европа өлкөлөрүндө иштөө сунушу түшө баштаган. Жакында Швейцарияда өткөн «Даӊк мүнөтү» телеберүүсүнө катышып өнөрүбүздү тартуулап, финалга жолдомо алдык.
– Финалга чыгуу оӊойго турбаса керек?
– Биз кыргыз жеринин, элинин колоритин даӊазалаган уникалдуу оюн көрсөттүк. Өзүм мусулман болгондуктан бул нерсе мага жакын болчу. Бул номер үчүн даярдалган буюмдардын салмагы 50 килограммды түзөт. Өнөктөшүм Ольга Крамер 5 мүнөттө Борбор Азиядагы 10 улуттун улуттук кийимдерин көрсөттү. Калыстар тобунун мүчөсү атактуу DJ Bobo «бизди кыргыз жергесине алып барып келгендей эле болдуӊар» деди. Номерибиз интернетке жүктөлгөндөн тарта ар улуттун өкүлдөрү бизди колдоого алышты.
– Кыргызстандыктар фокус өнөрүн кандай кабыл алышат?
– Фокус – искусстводогу эӊ оор, түйшүктүү өнөрлөрдүн бири. Биздин эл жеӊил-желпи өнөр катары билишет. Бирок бул ийгилигибизден кийин көрүүчүлөр андай ойдон кайтат деген үмүттөмүн. Бир номер даярдоо үчүн акылыӊды, физикалык күчүӊдү, каражатыӊды жумшайсыӊ. Биз күн сайын өсүүнү башкы планга коёбуз. Азыр бизде жаӊы 4 уникалдуу номер даяр.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg