Борбор калаабыздагы ресторандардын биринде айымдар арасында сулуулар сынагы өткөрүлдү. Сынакта ажарлуу айымдар өзү туурасында видеоролик, өзүн тааныштыруу, дизайнерлик, улуттук жана кече кийимдерин көрсөтүү тапшырмалары боюнча ат салышты. Темирлан Сманбеков, Эрнест Абдыжапаров, Азиз Мурадиллаев, Анжелика, Замира Молдошева жана «Супер-Инфо» гезитинин шеф-редактору Сүйүн Кулматова баштаган калыстар тобу 30 айымдын ичинен 26 жаштагы Таӊсулуу Өмүрзакованы жеӊүүчү деп табышты. Ал Беларуста өтчү «Дүйнөнүн сулуу айымы» сынагына жолдомо алды. «Жолдошумдун сүйүктүү жары, 7 жаштагы кызымдын апасымын. Сынакта жеӊишке жетем деп күткөн эмесмин. Эми мага ишенип тапшырылган жолдомо менен өлкөбүздүн намысын коргоп келем»,- деди толкунданган Таӊсулуу Өмүрзакова.
«Бул сынак экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Биринчисинде катыша турган айымдарга сөзсүз түрдө үй-бүлөлүү болуу шарты коюлган. Быйылкы сынакта андай талап болгон жок, турмушка чыгып, ажырашып кеткен айымдар да сулуулугун көрсөтө алышты»,- дейт сынактын уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg