Лирикалык чыгармалардын майын чыгара аткарган Полина Гагарина тууралуу кеп кылалы деп чечтик. Көп жылдык тыныгуудан кийин жаӊы дем менен 3 жыл мурун сахнага кайткан дал ушул ырчыга легендарлуу «Кино» тобунун (ред. ырдын сөзү жана обону аталган топтун мүчөсү Виктор Цойго таандык) «Кукушка» (Күкүк) аттуу ырын «Севастополь үчүн күрөш» («Битва за Севастополь») тарыхый тасмасына саундтрек кылып жаздыруу бакыты буюрду. Анын үстүнө бул ырчы айым «Евровидение» эл аралык сынагында быйыл Орусиянын намысын коргойт.
Аты-жөнү: Полина Сергеевна Гагарина
Туулган жылы, күнү: 1987-жыл, 27-март
Туулган жери: Москва шаары
Популярдуу ырлары: «Кому? Зачем?» (Ирина Дубцова менен чогуу), «Спектакль окончен», «Нет» жана башка.
БАЛАЛЫГЫ ГРЕЦИЯДА ӨТКӨН
Полинанын балалыгы Грециянын Афины шаарында өткөн. Буга апасы Екатеринанын «Алсос» аттуу балет театры менен келишим түзүп, Афиныга кетиши себеп болгон. Москвада калган атасы 1993-жылы жүрөк оорусунан каза болгон. Болочок ырчы 4-классты аяктаганда аны чоӊ энеси өзүнүн жанына, Орусиянын Саратов шаарына алып келет. Ал жерден музыкалык мектепке тапшырып, аны аяктаган соӊ 14 жаш курагында Москвага аттанат. Ал учурда апасы Катя Грециядан кайтып келген эле. Ошентип Поля музыкалык училищенин босогосун аттаган.
«АЛГАЧКЫ САХНАМ ҮСТӨЛ БОЛГОН»
«Анда канча жашта экеним эсимде жок, кичинекей элем. Аябай ырдагым келип ашканадагы үстөлгө чыга калып ырдай баштадым. Диванда отурган апам менен атам күлүп жатышып дивандан кулап түшүшкөн. Ошондо атам «азамат, ноталардын баарына түштүӊ» деп музыкалык мектепке тапшырууга даярдай баштаган. Бул окуядан тарта менин оюмда музыкадан башка эч нерсе болгон жок. Айланамдагылардын баары «Поля ырчы болот» дей беришчү. Анан менин ырчы болбогонго айлам калды дейсиӊерби?»,- дейт ырчы.
«ЖЕӉҮҮЧҮ БОЛОМ ДЕП ОЙЛОГОН ЭМЕСМИН»
«Музыкалык училищенин 2-курсунда окуп жатканда вокалдан сабак берген мугалимибиз Наталья Андриянова «Жылдыздар фабрикасынын» 2-сезонунун кастингине жиберген. Үч уктасам да аталган теле-долбоордон жеӊүүнү ойлогон эмесмин. Жыйынтыгында, ийгилик мени тандап, 2-сезондо жеӊүүчү аталдым. Бирок долбоор сунуштаган продюсер Максим Фадеев менен иштешүүдөн баш тартып, кийин атактуу композитор, продюсер Игорь Крутойдун чогуу кызматташуу тууралуу сунушун кабыл алдым. 2012-жылдан тартып Константин Меладзе менен чогуу иштешип жатам»,- дейт Полина интервьюсунда.
«ЕВРОВИДЕНИЕДЕ» ПОЛИНАНЫН МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ АЗБЫ?
Быйыл «Евровидение» эл аралык сынагына Орусиянын атынан Полина Гагарина катышары маалым. Ал аталган сынакта «A Million Voices» («Миллион добуштар») аттуу чыгармасын аткарат. Бирок Орусиянын музыка сынчылары «быйыл Полина Гагаринанын жеӊип чыгуу мүмкүнчүлүгү аз. Ага ырчынын туура эмес ырды тандап алганы жана Европанын Орусияга болгон терс мамилеси себеп» дешүүдө. Айта кетсек, аталган фестиваль өткөн жылы жеӊүүчү аталган сакалчан аял Кончита Вурсттун өлкөсү Австриянын Вена шаарында өтөт. Биринчи жарым финал 19-майда, экинчи жарым финал 21-майда, финал 23-майда болору күтүлүүдө.
«БАЛАМДЫ АЯП, АЖЫРАШУУНУ ТУУРА КӨРГӨМ»
Студент кезинде ырчы биринчи жолдошу актёр Пётр Кислов менен таанышат. Эки жаштын ортосунда сүйүү оту тутанып, бат эле баш кошушкан.
«Экөөбүз теӊ темпераменттүү болуп энергиябыз ашып-ташкандыктанбы айтканыбыздан кайтпай, көк беттигибиз калбады. Бири-бирибизди түшүнүүнүн ордуна чыр-чатагыбыз көбөйө берди. Ошондо баламды аяп кеттим. Ал биздин уруштарды көрүп чоӊоюусун каалабадым. Ошентип жолдошум менен 3 жыл чогуу жашаган соӊ ажырашып кеттик. Азыр Петя менен эӊ сонун мамиледебиз»,- дейт Гагарина.
ПОЛИНА АЗЫР ЖАЛГЫЗ ЭМЕС
Ырчы айым 2014-жылы 9-сентябрда фотограф Дмитрий Исхаковго турмушка чыккан. «Экөөбүз таанышкан соӊ туура бир жылдан кийин үйлөндүк. Уулум Андрей Диманы дароо эле жакшы кабыл алды. Алгачкы таанышкан күнү эле уулум «аябай билимдүү жигит экенсиз, апама шакек сатып алдыӊызбы?» деп сурап жатпайбы»,- деп эскерет Полина уулу менен Дима экөөнүн жолугушуусун.
Жолдошу Дмитрий: «Полиша аябай күчтүү аял. Эрке эмес, таарынчаактык сапат жокко эсе, баарын өзү жасап көнгөн. Мени угуп, мени менен кеӊешип иш кылат. Азыр мен дүйнөдөгү эӊ сулуу, таланттуу айымдын жолдошумун»,- деп билдирди.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg