Алмазбек Атамбаев: «7-АПРЕЛДЕ ЭЛ КЫЗМАТ ҮЧҮН ЭМЕС, АДИЛЕТТҮҮЛҮК ҮЧҮН ЧЫККАН»

7-апрель күнү президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында өткөрүлгөн Апрель элдик революциясынын 5 жылдыгына арналган расмий иш-чарага катышты. Мамлекет башчы менен катар экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева Аксы окуясы жана Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монументке гүлчамбар коюшту.
Мамлекет башчы ар дайымкы талкуу жараткан билдирүүлөрү сыяктуу бул сапар да эмоцияга жыш сөз сүйлөдү.

Урматтуу мекендештер!
Беш жыл мурда, 2010-жылдын 7-апрелинде өлкөбүздүн тарыхындагы эӊ кайгылуу, бирок ошол эле убакта эӊ маанилүү окуялардын бири болгон. Ошол күнү 88 жараныбыз курман болгон. Бирок андан кийин өткөн беш жылдын ичинде да алган жаракаттарынын кесепетинен ондогон жигиттерибиз көз жумду. 7-апрель шейиттерине таазим этебиз!
Азыр арабызда ошол 7-апрель күнү «Ала-Тоо» аянтында ок алдында тургандар, өлүмдүн көзүн тик карагандар турат. Катуу жарадар болгондор бар, Кудай октон сактагандар да бар. Эрдигиӊиздер үчүн баарыӊыздарга таазим кылам!
Ошол каргашалуу күнү «Ала-Тоо» аянтына эч ким кызмат үчүн же байлык үчүн чыккан жок! Эч ким сыйлык алам деп чыккан жок! Көр оокат үчүн эч ким чыккан жок! 7-апрель күнү эл чындык үчүн, адилеттүүлүк үчүн майданга чыккан! Кул болбойбуз деп чыккан! Кайрадан Кокон хандыгын курдурбайбыз деп чыккан! Тизелеп жашаганча, тик туруп өлөбүз деп чыккан!
Беш жыл мурда эл майданга чыкпай эле койсо болмок дегендер аз эмес. Мурдагы бийликти эӊсеп, аларга мурдагыдай эле кызмат кылып жүргөндөр аз эмес. Минск шаарынан тапшырма алып, ал жердеги канкорлорго байма-бай барып, керек болсо тойлорунда ырдап, бийлеп жүргөндөр да бар. Кан жыттанган акча таратып, жаш балдарды баш аламандыкка түртүп, элди алдап, бөлүп-жаргандар да аз эмес. Убагында өлкөбүздү тоноп, эми болсо элибизге күйүмүш болгондор андан көп. Кыргыз элине канчалык жаман болсо, ошончолук бизге жакшы болот деп күнү-түнү жамандык тилеп жүргөндөр да аз эмес!
Сасык макала, калп китеп жазгандар, канкорлорду актап-жактагандар мындан көп. Бул бузукуларга алданбагыла! Булардын ким экенин унутпагыла! Аркасында ким турганын унутпагыла! Өткөндү унуткандар өз келечегине балта чабат!
Элибизде «көч бара-бара түзөлөт» деген сөз бар. Эӊ негизгиси өз жолубузду таап алдык. Ошол жолду элибизге 7-апрель ачып берди.
Бала кезимде мен Максим Горькийдин Данко жөнүндөгү аӊгемесин көп окудум эле. Данко эли караӊгыда адашып, жол таппай калганда көкүрөгүнөн өз жүрөгүн сууруп чыгат. Данконун жүрөгү ошондо нур төгүп күйүп, анын жарыгында эли жолун таап аман калат.
7-апрель шейиттери – ошол сыяктуу кыргыз элинин Данколору. Мындай жигиттери бар эл сөзсүз күчтүү, өнүккөн мамлекет кура алат.
«Элүү жылда эл өзгөрөт» дейт. Биздин эл беш жылда эле катуу өзгөрдү. Ошол күйүп кеткен жүрөктөрдүн жарыгы акты ак кылып, караны кара кылып көрсөттү. Бир эле мисал. Үй-бүлөлүк башкаруу Кыргызстанда кайра боло алат деп ким ишенет? Криминал «Ала-Тоо» аянтына келип өкмөттү кайра коркутат деп ким ишенет? Уурулар, коррупция да ошол жүрөктөрдүн жарыгынан коркуп, ийиндеринде жашынып жатат дымып, мурдагыдай мактанып кычырабай.
Мен элибиздин, жерибиздин келечегине ишенем. Элибиз быйыл мыкты парламент шайлайт деп ишенем. Элибиз эки жарым жылдан кийин мыкты жаӊы президентти шайлайт деп ишенем.
Бир эле нерсени унутпасак.
7-апрелди унутпасак. Ал эмнеге болгонун унутпасак.
7-апрель шейиттерин унутпасак. Аларга дайыма таазим кылып жүрөлү.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
sezimay
2015-04-13 09:50:10
ии баатыр деп Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларына тенегиси бар ушу азыркы ХХХ, баатыр болгудай башка мамлекет менен согуштубу же айлап жылдап атышып бизди душмандардан коргоштубу соз жок буларга, шайлоо жакындаган сайын элге жагыш учун сайраш беришет эми, июнь окуясыны эстеп да коюшпайт
+2
admin_superstan
2015-04-13 10:45:03
sezimay, кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болууну сунуштайм!
0
eliza5566
2015-04-13 14:14:08
sezimay,Июнь окуя эмес ал согуш эле Ошту басып алуу учун кыргыздын уйлорун орттоп кыздарын зордуктап эркектерин койдой кылып мууздашкан ото мыкаачылык менен 400 адам олду, 4 кун 1945-жылдагыдай согуш болуп шаарды кара тутун басып кан жыттанып турду. Муну эмнеге эч ким эстебейт жана саясий баа берилбейт
+1
uulay
2015-04-13 17:07:23
eliza5566, туура айтасыз,эч кимдин башына салбасын ал кундорду.Азыр салют атылса да коркуп кетемин.Ошол маалда азыр сайрашкандардын бири да барган эмес Ошко.Карапайым элдин кучу мн токтогон.Кара коого айланган шаарды коргондо ыйлаганбыз.
+1
Muzik
2015-04-13 11:08:41
Биздин бир кошунабыз да 7-апрельден жарат алган апрель баатыры,бирок ошондо аянтка неге барганын озу да билбейт.
+1
Aygul
2015-04-13 11:38:48
Muzik, жакшыраак эстесе билет. Барганга чейин тамакка бирнерсе кошуп берген да... Анан зомби болуп журо берген, ким каякка басса ошол жакка
0
eliza5566
2015-04-13 14:03:35
Muzik, уюшкан пикет экенин мына ушундан билсе болот. Эмне учун аянтта аялдар,кыздар, жашы улуураак кишилер эмес, жалан жаш жигиттер олгон эмне кыргызстандын келечегине башкалар кызыкпайт дейсинби. Бийлик баарына бирден уй берди эле унчукпай бакиевдерди шыбап тим болушту. Кыныр иш кырк жылда билинет дейт акыры чындык чыгат.
0
Aliyar85
2015-04-18 06:07:52
100 кыргыз олуп 1 президент кетти?мага 300 кыргыз таап кочуруп келгиле кыргызстанга келгиле мен 3 президент олтуруп берем кимиси пайда
0
Aruuke07
2015-04-14 13:24:23
Muzik, кулкунду эле келтиришет да "апрель баатыры" деп,тим эле немистерди женип келгенсип,ошол баатыр болумуштардын 99% неге аянтка барганын билишпейт же акчага сатылгандар,эл дарбыса эшек кошо дарбыйт болгондор да кыскасы. Аны "баатыр" наамын бергендер да 5 колдой билишет,просто показуха!
0
eliza5566
2015-04-13 13:54:55
7-апрель катардагы пикет болчу бирок окуя онугуп отуруп аягы жаман аяктады.Уюштуруучулар жон эле президентти мурунку Акаевдей кылып кубалайбыз деп карапайым кыргыз жигиттерин пайдаланышкан. Президент эмес ортодо солидный криминалдар атышууну уюштуруп жиберишкен.Анан коп адам олгондон кийин пикетти уюштургандар эл толкуп кетпесин деп коркуп апрель баатырын ойлоп табышты.Массалык олумго качкан ажо эмес элди уюштурган пикетчилер куноолуу башка жол менен бийликти алса болбойт беле?
0
sezimay
2015-04-13 14:34:03
кайра эле жашоо баягыдай эле андан да начар ушул темпте кете берсек АШАнын тагдыры "бироонукуно" окшоп калбайт бекен, иши кылып мамлекетибиз аман эле болсун да
0
EdikoKG
2015-04-13 19:05:14
Кайдаан. Силер акча берип,митинге чыгышкан. Анан,курман болушкан.
0
Dimonbek
2015-04-13 20:00:16
Туура айтасынар. Окуп корсом бир дагы он баа жок экен. Негизинен жазса соз коп, бирок бул саясий гана тонкоруш болду. Ал эми чыныгы революция болушу учун экономикалык , социалдык жактан туп тамырынан озгоруу болушу керек
0
ota.88
2015-04-13 22:13:57
Олгондордун баары акча учун олгон аны баары билишет. Прездент болуп неге мындай суйлойт? Ош Ж-Абадтагы кыргыздар эмне ак учун чыкты беле? ХХХХ ХХХХ баарына бирдей карабайсынбы? Ошто каза болгондор эмне шейит эмесби? Ошол июн окуясыда силердин айынардан чыккан керек болсо. Кудайга салдык силердей ХХХХ адамдарды. ХХХ ХХХ ХХХ
0
admin_superstan
2015-04-14 10:30:32
ota.88, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! 3 күн БАН!
Өз оюңузду эрежеден чыкпай жазыңыз! Эскертүү сызыкчаңыз толду! Дагы кайталанса, түбөлүк БАН!
0
ota.88
2015-04-13 22:15:28
ХХХ созун окуп алып нерв болуп вобще болуп атам
0
Aiperi0105
2015-04-17 10:29:02
Окуп алып кулкум келди, тим эле азыр озу кыйратып жаткансып.
0
kalbek87
2015-04-18 09:15:23
Эрдигинер учун таазим кылам деп аша чаап кетиптир, эрдик кылгыдай башка олкону басып алды беле,бийликти басып алышкан да. Туура эл кызмат учун чыккан эмес бирок, кызматка кимдер келди ойлонуп албайбы бир аз
0
aiperishka87
2015-04-18 19:14:06
Эээх бул атантай суйлойтда оозуна келгенин.козго корунукту озу бир иш кыла элек, анан каяктагы элибиз шайлаганына ишенетмиш, элгеда баары бир болуп калды шайласа шайлабасада отчусу отот калчусу калат.биздин чондорго соз жок.
0
№ 649, 10-апрель-16-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан