Төлөгөн Касымбеков «СЫНГАН КЫЛЫЧ» (Романды кыскача баяндап беребиз)

(Башталышы өткөн сандарда)

Эртеси Шер датка шарт койду.
– Болуптур, биз урушту токтотолу. Кудаяр кастыгын таштасын. Сарттарга ижарага берип жиберген суулуу жерлерибизди кайтарып берсин. Урушта набыт болгон балдарыбызга кун төлөсүн. Беш жылга чейин жырык тыйын албасын...
Абдырахман башын ийкеди:
– Мейли, сиздин ордуӊузда болсом мен дагы ушу сиз айткан сөздү айтмакмын, аваке! Мейли, баралы так ээсинин алдына! Түшүнөт хан, эгер өлкө керек болсо, талапка
көнөт хан, эгер эл керек болсо! Көнбөсө (!) саткай сарым, өзүнөн көрсүн...
Ар уруктан бирдек увакил бөлүп чыгарып, Шер датка баштап, ордого бармай болуп сөз тынды.
 Кокондун биринчи ханы Алимден 3 уул калган эле. Иниси Өмөр хан көтөрүлгөндө бак талашып чыкпасын үчүн туну Шахрук бекти тындым кылган. Ибрагим бек, Мурат бек деген балдарын энеси алып, каратегиндик тагаларына баш калкалап кетишкен. Кийин экөбү теӊ так талашуу кагылыштарында мерт болуп кетишкен. Ибрагим бектен бир кыз, анан Болот бек калган.
Өткөн жылы кутлук сейит Шер датка жашыруун Самарканга келип Болот бекти издеп таап, Кудаяр хандан так талашып, элдин эрегишине башчы болуп берүүнү сунуш кылды. Бул дүйнөнүн кызыгынан кечип кеткен дувана Болот бек «Бар-байм!.. Адам жегичтер...» деп калчылдай зикир чалып, бурчка тыгылып отуруп алган. Жаӊгер Алим хандын тукуму ушунчалык майдаланып кеткенине астейдил таӊ калып, маанайы жок абалда Шер датка Ташкенге, курама Абдымомун бектин коргонуна келип түшкөн. Исхакты ал ошол үйдөн кезиктирген эле...
– Кайран Алим хандын тукуму дешке ооз барбайт...- деп кейип отурган Шер датка «чай иче отургула, датка ата...» деп ийиле чай сунган жигитти көрүп көзү чоӊоё түшкөн. «Самаркандын жаман дуванасы!», «Жо, көзүндө оту бар экен го мунун?»
– Тоуба, ушунча да окшош болобу, ыя?! Бу жигит... Жанагы жаман дуванага союп каптагандай экен тим эле...
Нооча бойлуу, бүркүт кабак, бетинде саал чаары бар жигит эрдин жымыйыӊкы кымтып, көзү бир шумдуктуу жылтылдап, датканы тигилип тиктеп калды.
– Оюӊа бирдеме келип турат, аа, азамат? Кайсы уруктансыӊ? Кимдин уулусуӊ?
– Бостон болобуз, датка ата. Молдо Асандын уулумун.
– Э-э... Мударрис Молдо Асандын уулу турбайсыӊбы, атыӊ ким?
– Исхак...
«Жакшыдан бөөн, жамандан жахан деген ушубу? Алим хандан тиги дувана, а Асан мылжыктан бу!» деген ойго келип турду Шер датка.
Эртеси ээн бөлмөдө Абдымомун бек «Датка, кечээ назарыӊыз түшкөн азамат мен ханзаада болуп берем дейт... « деди күӊкүлдөй.
– Ыя?..
– Ошентет, шоктонгон кызыталак! «Мен туу болуп берем» дейт. Чындап эле!
– Ошентеби? Жүрөгүндө жалы бар окшойт! Ыя? Деги ойлоно турган сөз экен...
Ушинтип, азамат Исхак Шер даткага кошулуп, Болот хан атыгып, бир жумадан кийин Чаткалга келген болчу. Шер датка баш болгон кырк элчи Кудаяр ханга кеткени аны санаага салды. Ээ, атасы башка менен коён уулаба деген ушубу?! Сызга отургузуп кетишеби?..

ххх

Көтөрүлүш чыгарып жаткан тоолуктардан Шер датка баштап кырк увакил келгендигин, алардын шарттары бардыгын, алардын талабын айтып, бир жаӊсыл болгуча Абдырахман абтабачы өз башын барымтага карматып калганын уккан Кудаяр хан мыскылдай күлүп алды.
– Шарт? Кандай шартка макул болуп?..
Калназар парваначы майдалап түшүндүрмөкчү болду эле, хан силкип таштады:
– Эч кандай шартты укпайбыз! Эч кандай шартты кабыл албайбыз! Уктуӊузбу, парваначы? Чийинден чыгып кеткендерге мына биз шарт коёбуз. Биз бийлик эгесибиз! Эгер топураган найман менен кутлук сейит тез арада топураганын тыйышпаса (!), тез арада жанагы селсаяк Болотту байлап келип бербесе (!)... Тыптыйпыл кылып таштайбыз! Уктуӊузбу, парваначы? Кыпчактардын баягы жылкы көйүн көрсөтөбүз!
Калназар парваначы башын ийкеген жок, бул сапар алдыӊкы эрдин тиштеп, диртилдеп кетти. Өзү кыпчак болчу.
– Кырк! Кырк уруктун жол башчысы тындым болсо... Гм... Топураган тоолуктар кайда барат?
Парваначынын үрөйү учуп кетти:
– О, өкүмдар!.. Өчүп бараткан өрттү кайрадан үйлөгөн болор бекен...
Кудаяр хан кулак салбады. Удайчыга «кырк чыккынчыны азыр кармап, башын алып сал!» деп буйрук кылды.
Капкара удайчы ошол эле күнү кечинде ордонун түбүндөгү эски абакта кырк увакилдин бирин калтырбай желдеттерге кырдырып, баштарын бир жерге үйдүрүп, эӊ үстүнө Шер датканын башын койдуруп койду.
...Абдырахман кымыз ичип жай отурган эле. Жанында бир топ элет бийлери бар болчу. Жүз башылардын бири дүпүрөп кирип келди. Иреӊи купкуу.
– Бек, увакилдер бүт кырылыптыр!..
Элет бийлери чур дей түшүштү. Абдырахмандын колунан кесе ыргып кетти.
– Ха! Шерт урган катынпоз! Иштин баарын ыразва кылган экен... Токугула аттарды!
Заматта керней бапылдап, бекерчиликке ыктап жай жаткан сыпайлар дүрбөп атка чуркашты.
Элет эсине келе электе, Исхак эсине келе электе Абдырахман аттанып кетти. Бүт ак ниет кишилерге, бүт элетке алдамчы, ыймансыз болду. Ушуга катуу күйүп келатты.
«Муну Кудаяр хан атайын кылды. Элге алынып кетпесин, эл экөбүнүн ортосун биротоло аӊ кылып таштасам, менден бөлөк тумшук жылытары калбай, мага кызмат кылсын дегениби?» Мына ушул ой жүрөгүн өйүдү.
Тартип боюнча куралын чечип таштап кириш керек болчу. Тапанчасы белине кыстарылган, кылычы салбактаган бойдон, камчысын сүйрөй томсоруп диванханага кирген Абдырахман абтабачыны Кудаяр хан кучак жая тосуп, Кокон аскерине аскербашы кылды.
Эрегиштин күчү кайра бириге албай, күзгө таяп тынып калды.
Туугандары жаздоого көчүп, эски кыштоодо Сарыбайдын үйү менен Мадылдын үйү үтүрөйүп ээн калган.

ххх

Бир күнү Мадыл көк өзөн жактан энтигип келди.
– Эл дагы дуу-дуу болуп атыры, аке. Кап, туугандар ушерде болгондо мен дагы кошулат элем кошуунга. Өч алып, жаны тири болсо баягы байкуш кызды таап келет
белем?..
Сарыбай үӊкүйүп көпкө отурду:
– Оолукпа, уруш деген кыдырып боорсок жей бере турган айт эмес...
Ушундай күндөрдүн биринде бийдин айылына жаӊгактан кырган идиштеринен тартуу берип Абил бийдин үйүнө салам айтып барып калды Мадыл.
Эт менен кымызга шыкай тойгузуп, кетеринде чоӊ сарала бээни тайы менен берип жөнөттү бий.
Таӊ үч жолу атты, Мадылдан кабар жок. Сарыбай кирпик какпай чыкты. «Соо болгон эмес экен!».. Жүрөгү опкоолжуп, Актөштү байлап жетелеп, комузун белине кыстарып алып Мадылды издеп жолго чыкты. Ит Сарыбайды белгисиз жакка жетелеп баратты...
– Мады-ыл!.. Мады-ыл...
Жолмо жол ыйлактап үн салып келе жаткан Сарыбайды Кулкиши жолуктуруп калды.
– Йе... Сарыбайсыӊбы?..- жүгүрүп келип колтуктан сүйөй калды. – Кайдан, кокуй?..
...Эртеси Мадыл бир сайда өз канына боёлуп, ичи көөп жаткан жеринен табылды. Сарала бээ токулгасы менен кайра үйүрүнө барып кошулуп кеткен. Абил бий дагы карматып, Мадылдын өлүгүн жүктөтүп берди. Бир үзөӊгү үзүлүп, Мадылдын бутунда калган экен, ошондон улам азоо бээ үркүп, сүйрөп өлтүргөн болуп чыкты.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 649, 10-апрель-16-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан