Дүйшөнбек Байдөбөтов, Кыргыз Эл артисти: «АРТИСТ БОЛОРУМДУ УККАН АГАМ КОЛХОЗГО БАШКАРМА КЫЛАМ ДЕП ЧЫККАН»

Дүйшөн агай 67 жашка келип чачын ак басса да, дагы деле энергиясы ашып-ташып, тоону томкорчудай күчү бар. Чөбөрө көргөнү эле болбосо, көзүнүн жалыны дагы деле жаш кезиндегидей. Ильяз, Базарбай болуп элдин эсинде калгыча башынан кандай күндөрдү өткөрдү, дегеле бүгүнкү деӊгээлге кантип жетти? Буларды актёрдун өз оозунан угалы.

БАЙДӨБӨТОВ ДҮЙШӨНБЕК ОКОШЕВИЧ

Туулган жылы, күнү – 1949-жыл, 5-январь
Туулган жери – Ысык-Ата району, Үч-Эмчек айылы
Кинодогу ролдору – «Мен Тянь-Шань» (Ильяз), «Айсулуунун талаасы» (Сабыр), «Каныбек» (Түлкүбек), «Акбаранын көз жашы» (Базарбай), «Саманчынын жолу» (Субанкул), «Кайчы жолдор» (Хан), «Белгисиз маршрут» (Айдоочу), «Курманжан датка» (Манасчы) жана башкалар
Театрдагы ролдору – «Курманбек» (Курманбек), «Барпы ырчы» (Барпы), «Коммунист Танабай» (Танабай), «Отелло» (Отелло), «Дарак түбүндөгү махабат» (Кэбот) жана башкалар
Учурда – Актёр алты жылдан бери пенсияда болгондугуна карабай, Кыргыз драма театрында актёр жана театрдын алдындагы училищеде окутуучу болуп иштейт.

«ОКУГАНДЫ КИТЕПТЕН ЭМЕС, ГЕЗИТТЕН ҮЙРӨНГӨМ»
– Жашоо бар экенин, жан таттуу болорун, жашоо үчүн күрөшүүнү 3 жашымда сездим. Атам боз бээсине мингизип коё берди эле, жылкынын жалын кармап алаӊдап, аттан түшүп кетпейин деп коркуп, жанталашып жатканым дале эсимде. Анда кар калыӊ, канчалык тырмышсам да болбой карга кулап түштүм. Апам чуркап келип айланып-тегеренип жатты. Апам мени 49 жашында төрөгөн, ошондо атам 73 жашта болгон экен. Көп бир тууганмын, 4 агам согушка кетип үчөө кайтпай калган, 1 агам согуштан аман келип бул жактан сарыктан кайтыш болду. Апам менен атам өмүрү өткөнчө күн батышты карап, согуштан келбей калган агаларымды күтө беришер эле.
1956-жылы 1-класска бардым, ошондо парталардын баары көзүмө кызыктай көрүнгөн. Улам бир партага отургум келип көчүп жүрүп бардыгына отуруп чыккам. Гезиттен сүрөттөрдү караганды жакшы көрөр элем. Окуганды китептен эмес, гезиттен үйрөнгөм. Ошентип мектепте 8-класска чейин жалаӊ «5ке» окудум. 9-класста Бишкекке келип, №5-мектепти аяктадым.

«ЛЕВ ЛЕЩЕНКО МЕНЕН ВОЛЕЙБОЛ ОЙНОП, ЧЕМПИОН БОЛГОМ»
– Мектепти бүткөндөн кийин Алай районунун театрында иштеп калдым. Кулактандыруудан Москвадагы ГИТИСке (мамлекеттик театралдык искусство институту) студенттерди кабыл аларын окуп комиссиянын артынан кууп, Оштон Бишкекке уча турган самолёттон аларды кезиктирдим. Көзүн ачып-жумган бирөөсү «кел» деди. Көрсө, ал акын, искусство таануучу, театр сынчысы Сарман Асанбеков экен. «Окууга тапшырайын дедим эле, комиссия кетип калыптыр, ошолорду кууп баратам» дедим. «Ошол комиссия бизбиз» деди ал. Анан режиссёр Аманкул Куттубаев «Алайдан бери кууп келе жатса, бул баланы өттү деп жазып коёлу» деп мени каттап коюшту. 20-майда дагы сынак болду, кезегим жетип кирсем комиссияда Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева, Советбек Жумадылов, мен тапшырып жаткан окуу жайдын ректору Алексей Горбуновдор отурушуптур. Образга кирип ыйлап, "Карагул ботом" дастанындагы атанын монологун айтып бердим. Жыйынтыгында «Байдөбөтов өттү!» дегенди угуп алып башым тегеренип, жер көчүп, кан басымым көтөрүлүп кетти.
Анан чабан байкеме барып акча сурадым, ал кезде чабандарда акча көп болчу. «Мен Москвага окууга өттүм» десем, «Артист болосуӊбу? Андан көрө колхозго башкарма кылам» деп чыкты. Ошентип жатып 200 сом берип «жакшы оку, бир күнү окуудан чыгып келсеӊ өлөсүӊ, атып таштайм» деди.
Москвадан адашып калбайлы деп козулардай болуп кураторубузду ээрчип, институтка бардык. Окуу жайда СССРдин Эмгек сиӊирген артисттери сабак бере башташты. Биз окуган институтта Лев Лещенко 4-курста окуйт экен. Мен бул жакта волейбол ойноп жүргөндүктөн Лев экөөбүз чогуу ойноп калдык. Жарыштарда чемпион болуп сүрөттөрүбүз илинди. Теннистен актриса Гүлсара Ажыбекова чемпион болду. Акыркы курста кастингден өтүп «Мен Тянь-Шань» киносунда Ильяздын ролун ойнодум. 1972-жылы окууну бүттүм, кино да чыкты.

«ЖАЛЫНДАП СҮЙГӨН УЧУР МЕНДЕ ДА БОЛГОН»
– Мага жол көрсөткөн устатым деп Кыргыз Эл артисти Абдашым Көбөгөновду айта алам. Роль ойногондо берилип, чын дилим менен аткарчумун. Театрда калп ойносоӊ элге жетпей калат. Үйдөн репетиция кылганда уктоочу бөлмөдө аялымды өнөктөш кылып алып даярданар элем. Союз кезинде тартип катуу болуп, бут тосуулар жок болчу.
Мен роль талашкан актёр эмесмин. Режиссёр ишенип берген ролду жан дилим менен аткарганга аракет кылам. Театр адамы болгонума эки дүйнөдө теӊ ыраазымын. Эч нерсеге өкүнбөйм, Союз таркап, артисттер ишсиз калганда да театрды таштап кетким келген эмес. Ошто 18 жыл иштеп, 28 жашымда Эмгек сиӊирген артист, 38 жашымда Эл артисти наамын алгам. Ал кезде азыркыдай жылдыз болуп асманга чыгып алгандар жок болчу. Учурда жаштар «атактуумун, жылдызмын» десе, бул жакта туруп эле ыӊгайсыз болуп уялып кетем. Ал эми артист болгондон сырткары куруучулукка кызыгам. Улуу балама өзүм кыш куюп, өз колум менен чоӊ үй салып бердим. Артист болбосом куруучу болуп кетет белем деп калам. Байбичем Кенже менин классташым. Мектепте окуп жүргөндө эле кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, башкага тийип кетпесин деп эрте үйлөнүп алгам. Жаш кезде жалындап сүйгөн-күйгөн, тентектик кылып койгон учур менде да болгон. Анын баарына байбичем чыдады. Ал опералык студияны бүткөн, азыр театралдык училищенин көркөм жетекчиси болуп иштеп жүрөт. 2 уул, бир кызыбыз бар. Неберелүү гана эмес, чөбөрөлүү да болгонбуз. Ашынган байлыгым жок, болгону балдарымды үйлүү-жайлуу кылдык.

Кенже Исманова, жубайы: «КИНО КӨРҮП ЖАТЫП АЛМАК-САЛМАК ЫЙЛАЙ БЕРЕБИЗ»
– Мектепти бүткөндө коштошуу кечеси менин үйүмдө уюштурулду. Мына ошол күнү Дүйшөн алма бактын алдында сүйүүсүн билдирди. Мен Бишкекте окуп калып, Дүйшөн Алайга театрга иштеп кетти. Ал жактан байма-бай телеграмма жиберип турду. Москвага окууга өткөнүндө аябай сүйүндүм. Кетер алдында «үйлөнөм, антпесе сени башка бирөө ала качып кетет» деп баш кошуп, мени таштап, өзү Москвага узаган. Окуусун бүтүп келгенде Ошко иштегени кеттик. Бир канча көрүнүктүү образдарды жаратып эл оозуна алынганы менен, башкаларга окшоп көөп кеткен жок.
Эркек киши оӊду-солду басат да. Мен ага чыдадым. Далай нерсесине көзүмдү жумдум, кечирдим. Кечирбесем экөөбүз эбак эле ажырашмакпыз. Анын үстүнө ушунчалык сүйүп-күйүп, тырмактай кезибизден баш кошуп жатсак. Кызганыч сезимимди ичиме катып, эч бир жанга билгизчү эмесмин. Эгер булардын баарын сыртка чыгарсам, чыгармачылыгына доо кетмек. Дүйшөн жумшак, жашык адам. Боорукерлиги жанда жок. Кино көрүп жатып алмак-салмак ыйлай беребиз. Балдарына катуу айтпагандыктан баары эрке чоӊоюшту. Неберелери моюнуна асылып түшүшпөйт, алар ыйласа кошо ыйлайт.

Марат Алышпаев, курсташы: «ИДЕАЛДУУ ЭРКЕК ДЕП АЙТА АЛБАЙМ»
– Курсташым Дүйшөн менен тааныш болгонума 48 жылдын жүзү болду. Биздин курстун куратору, СССРдин Эл артисти Иосиф Раевскийдин сүймөнчүгү болчу. Дүйшөн актёрлук чеберчилик деген сабактан дайыма «5» алчу. Найза, кылыч өӊдүү куралдар менен жекеме-жеке чыгып чабышуудан, үн коюу, сахнада сүйлөй алуу аталышындагы сабактарда алдыӊкы студенттерден эле. Окууну такыр калтырбай, мыкты жетишкендиктер менен бүтүрдү.
Москвада жашоо кыйын эле, балдар түнү Москванын көчөлөрүнүн музун чагып, карын күрөп, кароолчу болуп басмаканада иштешсе, кыздар санитар болуп иштеп, күндүзү окучубуз. Окуу жайды бүтүп келгенден кийин өкмөт бизди ар кайсы жакка чачыратпай, Ош кыргыз драма театрына бөлдү. Талантты бага билбегендер бар, мисалы, бир эле башкы ролду аткаргандан кийин мактап койсоӊ көөп, ичип, аялдан аял тандап кетет дегендей. Дүйшөн Кудай берген ырыскыны, талантты кастарлап бага билгенинен ушул убакка чейин кадыр-барктуу. Азыр жашы келип Бакай ата өӊдүү карыялардын ролун аткарып, кыргыз искусствосуна салымын кошуп келе жатат. Ачык айтыш керек, чоӊ артисттерди кыздар убагында жакшы көрүшчү да. Дүйшөн көрүнүктүү ролдорду аткарып жатса, анан келбеттүү жигит болсо, артынан чуркаган кыздар көп болду. Ала жипти аттабаган артист болбойт. Канчалык аттабайын десеӊ да, аттаганга туура келет. Ошондуктан аны идеалдуу эркек деп айта албайм (күлүп). Бирок аяшыбыз Кенже баарын түшүнүп, ысык-суугуна чыдап келди. Дүйшөн башынан кандай адамгерчиликтүү, элпек болсо, азыр дагы ошонусунан жазбай келет.

Назира Мамбетова, кесиптеши: «ДҮЙШӨНДҮН ЭС-ТУТУМУ КҮЧТҮҮ»
– Дүйшөндү 1967-жылдан бери тааныйм, курсташпыз, жакын доспуз, кесиптешпиз. Баарын жыйыштырып келгенде бир туугандайбыз. Ал кичинекей ролду майын чыгарып аткарганга аябай дилгир. Эч убакта кечикпейт. Бул чыгармачылыкта эӊ керектүү сапат.
Москвада театрда окуп жүргөндө мугалимдер «издениш керек» дешчү. Биз «эч нерсени жоготпосок эмнени издейбиз?» дечү элек. Көрсө, берилген ролдун кырдаалын, кырларын, каарманыӊдын кулк-мүнөзүн издеш керек экен. Бул жагынан Дүйшөн аябай кыраакы. Анан биз тексти кыйналып жаттасак, Дүйшөн эбак эле жаттап алган болот, эс-тутуму күчтүү. «Мосфильмден» Ирина Ивановна Поплавская аттуу режиссёр келип, «Кызыл жоолук жалжалым» чыгармасын экрандаштырганы жатам, ошого мага Асел, Ильяз, Жантай, Кадича керек» деди. Баарыбыз фотопробага, кинопробага бардык. Ошентип, Дүйшөн Ильяздын, мен Кадичанын ролуна бекитилдим.
Жапжаш туруп мындай чоӊ ролго ээ болуу өзүнчө бир түйшүк. Балыкчыда тартуу иштери башталды. Мен 15 күндөн кийин барсам, Дүйшөн арыктап, жаагы кирип кетиптир. «Эртеӊ татаал, чарчаган, уктабаган Ильязды тартабыз» дегенде ал бир ишканага барып, түнү бою күрөк менен көмүр салып от жагып чыккан. Экрандан карасаӊар чын эле көзү киртийип, арыктап, чарчап турат. Ошентип, биз элге Ильяз менен Кадичанын ролу менен таанылдык. Тасмадан кийин кафе-ресторанга бара алчу эмеспиз. Айрымдар «мына, Ильяз менен Кадича отурушат» деп сөөмөйү менен көргөзүшчү. Андайда бир кызыктай акыбалда калчубуз. Ушул кинодон кийин эл бизди күйөөсү-аялы катары кабыл алышты. Демек, биз көрүүчүлөрдү ишендирдик.

"Жубайым экөөбүздүн баш кошконубузга 49 жылдын жүзү болду. Улуу уулубуз 48 жашка келип калды".

"Курманжан датка" тасмасында көзү азиз касиеттүү манасчынын ролун жараттым".

"Мен Тянь-Шань" киносундагы Ильяздын уулу Саматтын ролун корей баласы Вова Ким ойногон.

Замира Рахманбердиева
Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Атактуу актёр Дүйшөн Байдөбөтовдун чыгармачылык жолу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
bekos2012
2015-04-13 09:19:41
Кыргыз киносунун, театрынын залкары.
0
admin_superstan
2015-04-13 18:04:02
Ajar., саламатсызбы!
Макаладагы маалымат өзгөртүлдү. Рахмат!
0
ota.88
2015-04-14 00:47:40
Чыныгы талант баракеде бар болунуз! Маданияттын каймактары деп ушуларды айтсак
+1
Jibek80
2015-04-14 10:02:54
Менин атам Байдөбөтов Дүйшөнбек бардыгыныздарга чон ыраазычылык билдирет, каалоо тилектеринизге рахмат
+1
Snejana
2018-07-07 14:26:04
Jibek80,Дуйшон Байдоботовдун уй-булоосуно, терен кайгыруу менен конул айтабыз. Кыргыз эли, бугун 07.07.2018-жылы чон жоготууга туш болду. Бирок Кыргыз эли учун атаныз олгон жок. Очпос изи калды. Эч качан унутулбайт.
0
aqua-94mema
2015-04-14 13:53:54
Алган эри жарашса кара катын ак болот дегендей . жубайы 40 жаштарда аялдарга окшош экен . бактылуу каарылык каалайм .
+1
al79mi
2015-04-14 16:46:28
Мына чыныгы артист, искусство адамы, жылдыз деген!!!Искусствонун ысык-суугуна сыдап роль жараткан Улуу инсан!!!Талантынызга таазим!!!
+1
kalbek87
2015-04-14 16:58:56
азамат, Дуйшон байке Базарбайдын ролун келтире аткарган
0
jypar.i
2015-04-14 21:34:42
Сонун маек болуптур,дагы бир жолу улуу адамдын жөнөкөй болоруна ишендик. Сураныч: Аселдин ролун жараткан Динара Чочунбаева жөнүндө жазсаңар.Мен анын белгилүү сүрөтчү экенин билем
0
admin_superstan
2015-04-15 10:13:17
jypar.i, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук.
0
kenjesh3
2015-04-16 01:54:59
Кооноргус талант. легенда,идеал, каймак. Маданияттын нукура корифейлеринин бири. Кыргыз элинин сыймыгы.
+1
amanatym
2015-04-16 11:07:36
Таланттуу, мыкты актер жана соонун маек болуптур. Кыргыз элинин маданиятын которгонго зор салым кошкон кишилердин бири. Азыркыларга кооп, коп окуш керек, коп нерсени уйронуш керек элементарно интервью бергенди. Жылдызча болушпай.
+1
№ 649, 10-апрель-16-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан