Япондордун улуттук күрөшү болуп саналган сумо күн өткөн сайын көптөгөн адамдарды кызыктырып, магнит сымал өзүнө тартууда. Илгери бул спорттун түрү менен япон императорунун кол астында тандалган эркектер гана машыгып, өнөрлөрүн элге тартуулап келишкен. Бүгүнкү күнү болсо Япониянын эркектеринен тышкары дүйнөнүн булуң-бурчтарынан чогулган бука моюн, буура сан балбандар 5 чарчы метрди ээлеген төрт бурчтук аянттын ортосундагы мелдешке баш-оту менен кирип, анын популярдуулугун арттыруу үчүн жан үрөшүүдө. Эң кызыгы, алардын катарын акыркы убактарда айымдар толуктап жаткандыгында...
ЯПОНДОРДУН УЛУТТУК ОЮНУ
Япон бийлиги аялзатынын бул спорт менен машыгуусун анчейин деле каалабагандыгын айтып коюубуз керек. Башында белгилегендей, сумого чыккан эркектердин дээрлик бардыгы императордун айланасында чогулуп, мекенинде чексиз кадыр-баркка ээ болуп, сый- урматка бөлөнүшкөн. Сумонун жеңүүчүлөрүн «улуттук баатыр» деп таанышкан. Ушул күнгө чейин Япониядагы 700гө жакын сумо менен машыккан эркектер мамлекеттин эсебинен жашап, күн көрүп келишет. Бекер тамак ичип машыккан атлеттер убакыттын өтүшү менен салмак кошуп, ийгиликтерге жетип келишсе, карьерасы менен коштошкондор көп өтпөй эле 50 килограммга чейин салмактарын жоготушат. Бул спортто буркуйган булчуңдуулар эмес, семиздер гана ийгиликке жетээрин баса белгилеп кеткибиз келет.
СОЙКУКАНАДАГЫ ШОУ
Сумо күрөшүнө чыккан алгачкы айымдар 1700-жылдары сойкулар үйүндө катталган. Себеби, андагы сойкулар бири-биринен көңүлүнө жаккан кардарларды талашып тирешип кетишчү экен. Кийинчерээк сойкуканалардын кожоюндары ал жакка келген эркектердин көңүлүн көтөрүү үчүн андагы кыздарды бири-бири менен күрөшүүгө мажбурлашкан. Ал учурда азыркыдай 90-60-90 өлчөмүндөгү ийнеликтей ийилген кымча белдүү айымдар эмес, толугунан келген аялзаты эркектердин купулуна төп келип, чыныгы шоуну көрсөтө алышкан. Ошондон улам ыйык деп саналган сумонун аброюна шек келтирет деп япондор аялдардын мелдештерге катышуусуна эле эмес, таймаштарды көрүүсүнө да катуу тыюу салган.Доор алмашып, убакыт өткөн сайын аялзатына болгон көз караш өзгөрүп, мелдештерге алардын күйөрман катары кирүүсүнө уруксат берилген.
ОЙЛОГОН ОЙДУ КЫСТАГАН ТУРМУШ ЖЕҢЕТ...
Ар бир айыгышкан таймашты коштоп-колдогон аялзаты эркектер сымал мелдештерге катышууга умтулуп жатты.
Алардын ой-тилеги 21-кылымда гана иш жүзүнө ашты десек болот. Себеби, бардык спорттук мелдештердин туу чокусу болгон Олимпиада оюндарына сумо күрөшүн да киргизүүнү Япондор каалашкан. Бирок, Олимпиада оюндарына кирген ар бир спорттун түрүндө аялзатынын катышуусу андагы башкы шарттардын бири экен. Андыктан, Олимпиадага катышуу үчүн сумо күрөшүнө аялзатын чыгаруудан башка жол жок болуп калган. Ошондон улам 2000-жылдан баштап аталган мелдешке аялдар да тартыла баштаган. Алар 3 категорияда: 65 килограммга чейин, 65-80 килограммга чейинки жана 80 килограммдан ашык салмактарда күч сынашат. Эркектер болсо 85 килограммга чейинки жеңил салмактагылар, 115 килограммга чейинки орто салмактагылар жана 115 килограммдан ашкан оор салмактуулар болуп бөлүнөт. Аналитиктердин айтуусунда, 2008-жылы боло турган Олимпиада оюндарына сумонун да кирип калуу мүмкүнчүлүгү бар. Орусияда бүгүнкү күнү аялдар арасындагы сумо өтө тездик менен өнүгүп, көпчүлүктүн көңүлүн бурууда. Ошол эле учурда Орусияда аялдар арасындагы сумо спорт катары эсептелип келсе, чет өлкөлөрдө циркте коюлуп жүргөн эротикалык шоу сыяктуу кабыл алынгандыгын белгилеп кеткибиз келет.
Эске салсак, профессионалдык сумодогу мелдештерде салмак категориясы деген болбойт. Биринен бири оор атлеттер чыгып, күч сынаша беришет. Ошонун айынан айрым жеңил салмактагы балбандар оор салмактуу дөөлөр менен сүзүшүп эле тим болбостон, алардын астында калып, оо дүйнөгө сапар алышкан фактылар да бар. Ошол себеп болдубу, айтор, учурда сумо мектептери 75 килограммдан кем эмес гана балдарды машыктырууга макулдук беришкен.
Бүгүнкү күнү эркектер арасындагы сумо балбандарынын ичинен дүйнөдөгү эң оору болуп 330 килограмм салмакка ээ болгон америкалык Эмануель Ярброу деген эсептелет. Айымдар арасында орусиялык 30 жаштагы Вероника Козловскаянын салмагы 170 килограммга жетет. Аталган дөөлөр дүйнөдөгү эң оор «сумоисттер» болуп гана саналбастан, дүйнө чемпиондору болуп да саналат. Анткени, бул спортто жеңишке жетүүдө салмак менен көлөмдүн мааниси чоң. Бекеринен сумо – супер оор салмактагы адамдардын спорту деп эл оозунда айтылып жүрбөсө керек.
ДӨӨЛӨРДҮН ТИРЕШИ
Сумонун эрежесине ылайык 40 сантиметр калыңдыктагы кездемени аладан өткөрүшүп, белди 5 айлантып байлашат. Күрөшүп жаткан учурда атаандаштар дал ушул курдан алып, бири-бирин ары же бери ыргытышат. Эгер байланган кур чечилип кетсе да анын ээси утулууга дуушар болот. Эми мелдешке чыккан айымдын куру чечилип кеткенин элестете бериңиз. Ага келген катышуучулар алардын күчүн көрбөй эле башка жактарын да көрүп, эстерин жоготуп коюшу ыктымал. Андыктан, мындай көрүнүшкө жол бербөө үчүн спорттук кийимдин сыртынан белбоону байлашат. Таймаштагы кийимдердеги башкы айырмачылык, эркектердин жамбашы ачык болсо, айымдардыкы жабык болот. Албетте, ар бир беттешүүнүн алдында каада-салтка ылайык өзүнүн ырым-жырымдары да жок эмес. Алгач мөөрөй талашка чыккан атаандаштар эки колун жерге таяп, тизелерин бүгүп, бирин-бири тиктешүүгө өтөт. Балбандар мындай жол менен бири-бирине психологиялык чабуул жасап, моралдык жактан үстөмдүк кылууга аракет жасашат. Мелдеш аянтына чыккан адам атаандашын чийиндин ары жагына түртүп чыгарса же денесинин каалаган бөлүгүн жерге тийгизсе, уткан болуп эсептелет.
Бирок, мында кол менен урууга, бут менен тебүүгө, кыкынтууга жана чачты жулууга тыюу салынат. Атаандашын жеңүү үчүн бул спорттун түрүндө 70тен ашык ыкманы колдонсо болот. Анын баарын мыкты өздөштүргөн «сумоисттер» саналуу гана секунддарда жеңишке жетип, элдин алкышына ээ болоору турган иш.
Даярдаган Улан МАМБЕТОВ