Күйүп, додолонуп үйүлүп жаткан буюмдардын жанына акырын кадам таштап барган кичинекей кыз: «Бул апамдын көйнөгү, бул Касиеттики. А бул болсо менин жакшы көргөн мамалагым. И-ий байкушум, күйүп калыптыр...» деди маанайы чөгө жарымы күйгөн жумшак оюнчугун колуна алып жатып. Анан өрттөнүп, эч нерсеси калбай калган үйдүн жанына басып барды да, терезеден үйдүн ичин үмүттүү каректери менен карап, «апам тээтиги жерде жатчу» деп быйтыйган сөөмөйү менен көрсөттү. Бул кыз апасы жана 3 жаштагы сиӊдиси тилсиз жоодон каза таап, томолой жетим калган 4 жаштагы Асият эле.
«СИӉДИМДИН ОПЕРАЦИЯСЫНА КАРАЖАТ ЖЕТИШПЕЙ ЖАТАТ»
Каргашалуу өрт кандайча болгонун билүү үчүн биз Аламүдүн районуна караштуу Ала-Тоо айылына бардык. Асияттын 20 жаштагы эжеси Тинатин окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Мен алыс кетпей коӊшума турмушка чыккам. Жолдошум экөөбүздүн ортобузда уулубуз бар. Апам Эльвира 7-класста окуган иним Шабдан жана 4 жаштагы Асият, 3 жаштагы Касиет аттуу сиӊдилерим менен бет маӊдайыбызда эле жашачу. Атам болсо 4 жыл мурун муунуп каза болгон. 2014-жылдын 4-декабры биз үчүн каргашалуу күн болду. Ал күнү үйдө атамдын агасы менен эжеси да бар эле. Түнкү саат 10дордо иним биздин үйгө чуркап келип, «Тина, үйүбүз өрттөнүп жатат!» деп кыйкырды. Биз эмне болуп кеткенине түшүнбөй дароо чуркап бардык. Эшикти ачсам ысык урду. Дем ала албайсыӊ, үйдүн ичин коюу түтүн каптап, эч нерсе көрүнбөйт. Босогодон эсим ооп кулаптырмын, күйөөм кайра артка сүйрөп чыкты. Эгер ал болбосо мен да ошол жерде күйүп кетмекмин. Аз өтпөй коӊшулар чуркап келишти. Терезелерди талкалап, ичинен сиӊдилеримди издей баштадык. Мен кыйкырып ыйлап үйдүн ичине киргенге улам аракет кылам, бирок киргизбей коюшту. Көз алдымда өзүм чоӊойгон үй күйүп жатты, анын ичинде апам, бир туугандарым бар эле...
Коӊшулардын баары коркуп үйдүн ичине кире албай жатышты. Бир гана күйөөм кирип Асиятты оозгу бөлмөдөн таап, тышка алып чыкты. Анын аркасынын баары күйүп калыптыр. Улам-улам кирип жатып кичүү сиӊдим Касиетти залдан өзү жаткан ордунан таап сыртка алып чыгып, мага карматты. Мен аны көпкө кармай албадым, себеби денеси аябай ысык эле. Денеси көп деле күйбөптүр, эмнеге ысып кеткенин билбейм, бирок түтүнгө ууланып калыптыр. Аны кардын үстүнө жаткыра койсом тыбырчылап барып тынчып калды. Каза болуп калганын түшүндүм. Андан соӊ апамды оозгу бөлмөдөгү раковинанын жанынан табышты, бирок кеч болуп калган экен.
Баары залда укташчу. Сыягы апам туруп, эсин жоготуп баратканда бетин суу менен жууп өзүнө келейин десе керек да. Асият «апам ордунан туруп оозгу бөлмөгө басканда мен да туруп артынан чыктым. «Апа» деп кыйкырсам, ал мени уккан жок» дейт. Иним Шабдандын айтымында, ал түтүндөн ойгонуп кетип, дароо үйдөгүлөрдүн бардыгын ойготуп, анан өзү жардам сураганы биздин үйгө чуркаптыр. Ал эми атамдын агасы менен эжеси өрт күчөй электе сыртка чыгып кетишиптир да, кичинекей балдарды сыртка алып чыгышпаптыр. Коӊшулар чакырган окшойт, бир маалда өрт өчүргүчтөр келишти. Алар «өрт тамекиден улам чыккан» дешти. Бирок андай болушу мүмкүн эмес, себеби үйдө эч ким тамеки тартчу эмес. Анын үстүнө тамеки бир заматта алоолонуп күйүп кетпейт да, акырындык менен түтөп, анан өрттөнмөк. Биздин үй бирөө атайын бензин чачып күйгүзүп жибергендей заматта күйүп кетти. Антейин десем апама эрегишкен киши деле жок болчу, себеби ал жөнөкөй эле ашпозчу болуп иштечү. Балким, тамекини атамдын агасы тартканбы, же ошол күнү иним электр плитасын сайып жатыптыр, мүмкүн, өрт ошондон чыкканбы, билбейм. Ал күндү азыр эстегим да келбейт.
Асият ооруканада 2 ай жатты. 3 жолу операция жасап, терисин которушту. Дарыгерлер «адам болоруна 50 пайыз эле кепилдик бар» дешкен. Кан куйганга, дары-дармегине көп каражат кетти. Көп адамдарга рахмат, бекер кан беришип, Асият минтип басып жүрөт. Бирок буттары дагы деле толук айыга элек. Дагы операция жасатыш керек, ага каражат жетишсиз болууда. Азыр бардыгыбыз кайненемдин үйүндө жашап жатабыз.
«КАЙНИМ МЕНЕН БАЛДЫЗЫМДЫ ЖЕТИМДЕР ҮЙҮНӨ БЕРБЕЙБИЗ»
Ал эми Асиятты куткарып калган жездеси Руслан буларга токтолду:
– Асият ооруканада жатканда оюнчуктарды алып барсак, «бул мага, бул болсо Касиетке» деп 2ге бөлүп коюп жүрдү. Биз ага ооруканадан чыкканча апам менен балдызымдын каза болуп калгандыгын билдирген жокпуз. «Апам качан келет? Касиет кайда?» деп сурай бергендиктен ооруканадан чыккандан кийин гана «алар мындан ары келбейт» деп түшүндүргөнбүз. Эртерээк бул үйдү бузуп, ордуна жаӊы там салбасак, Асият ойноп жүрүп улам-улам келип ичин карап, апасы менен сиӊдисин издей берет. Өкмөттөн кишилер келип «үйдү оӊдоого жардам беребиз» дешкен, бирок ал убадалар аткарыла элек. Социалдык кызматкерлер кайним менен балдызымды «жетимдер үйүнө алып кетебиз» деген, бирок биз «өзүбүз багабыз» деп бербей койдук.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg