АМЕРИКАНЫ БАГЫНТКАН КЫРГЫЗ КЫЗЫ

Учурда кыргыз спортчуларынын арасында өз жеринде гана эмес, чет өлкөдө да ийгиликтерге жетишип жүргөндөр бар. Алардын бири 19 жаштагы Айперим Акишева аттуу мекендешибиз өзгөчө сөзгө татыктуу. Ал АКШнын Нью-Йорк шаарындагы мектепте билим алып, «Eagles» волейбол командасынын негизги оюнчусу аталып келет. Аны менен байланышып, өзү тууралуу маалымат алдык.

Аты-жөнү – Айперим Акишева
Туулган жылы, күнү – 1995-жыл, 1-декабрь
Туулган жери – Чүй облусу, Токмок шаары
Бою – 171 сантиметр
Жетишкендиктери: Эл аралык Ысык-Көл оюндарынын күмүш медалчысы (2012-жыл), АКШнын окуу борборлор арасында чемпиону (2014-жыл). Спорт чеберине талапкер.
Учурда Манхэттен (Нью-Йорк шаары) мектебинде 12-класста окуйт жана «Eagles» командасында ойнойт.

– «Океандын ары жагындагы АКШда кыргыз кызы волейбол ойнойт» деп угуп калабыз. Волейбол менен качантан бери «ооруп» калдыӊ эле?
– Спорт менен машыгууну 5-класста окуп жүргөндө баштагам. Өзүм Чүйдүн Беловодское айылында чоӊойгом. Ал жактагы мектептин волейбол секциясына жазылганымда секциядагылардын эӊ кичүүсү мен болчумун. Анда 11 жашта элем. Башында колумдан эч нерсе келчү эмес. «Спорттун эӊ татаал түрүн тандап алгам го» деп да ойлочумун. Көрсө, мээнет менен баарын үйрөнсө болот экен. Бара-бара бардыгы окшошуп, 6 жылдан соӊ мектептин мыкты оюнчуларынын катарына илиндим. 16 жашымда спорт чеберине талапкер болдум. Волейболго болгон «сүйүүм» ушул деӊгээлге жеткирди десем болот. Бул менин машыктыруучум Светлана Стецконун эмгеги.
– Чет өлкөгө барып өз өнөрүӊдү таштап салбай, улантканыӊ мактоого татыктуу десем болчудай...
– Шартка байланыштуу үй-бүлөбүз менен АКШга көчүп кетүүгө туура келди. Келгенибизге быйыл 3 жыл болот. Башында волейбол ойноого мүмкүнчүлүк жок болуп жатты. Бөтөн жерде баары бир татаал болот экен. Мектепке тапшыргандан кийин карьерам жанданды десем болот.
Бир жолу дене тарбия сабагында волейбол ойноп жатканда азыркы командабыздын машыктыруучусу байкап калып, командага чакырган. Командабызда ар улуттун кыздары ойнойт. Африкалык, европалыктар болсо да, баарыбыз бир үй-бүлөдөйбүз. Учурда «Eagles» командасы АКШнын окуу борборлорунун арасында чемпионбуз.
– Эки өлкөдө бир спорт түрү менен машыгып калдыӊ. Спортко болгон мамиледе кандай айырма бар экен?
– АКШ өнүккөн өлкө болгон үчүн бул жакта спорт да өнүгүүдө. Спортко, спортчуларга болгон мамиле да өзгөчө. Бир эле мисал менен айтсам, АКШда спорт мектептен эле башталат. Волейбол, футбол, баскетбол жана башка оюндар боюнча ар бир мектептин командасы бар. Алардын арасында чемпиондуктар өткөрүлөт. Спортчу болом дегендер жаштайынан эле мектеп командаларында өзгөчөлөнүшөт. Университетте да ушундай көрүнүш. Жыл сайын драфт (жаш спортчуларды тандоо) өткөрүлүп, профессионалдык клубдар спортчуларды өз командаларына кошуп алышат.
– Оюнда кайсы позицияда жакшы оюн алып барасыӊ жана мыкты ыкмаӊ кандай?
– Волейболдо бардык позицияда ойноп билүү керектелет. Мыкты өздөштүргөн «фишкам» топ берүү (подача) деп айта алам. Топту туура чыгарып берүү да абдан маанилүү. Көп жылдык машыгуулардын натыйжасында бул жаатта мыкты боло алдым десем болот.
– Кайсы оюн сен үчүн эсте каларлык болду эле?
– Мен үчүн ар бир оюн маанилүү. Арасынан «Ысык-Көл оюндары-2012» эл аралык оюндары эсте калган. Мыкты командалар чогулуп, ар бир оюн жогорку деӊгээлде өткөн эле. Анда мен болгону 16 жашта болчумун. Мен үчүн ал оюндар өтө маанилүү болчу, анткени ошол учурда спорт чеберине талапкер болуп жаткам. Ошондо 2-орунга татып калганбыз. Жыйынтыгында бардыгы жакшы өткөн, аким да келип куттуктаганы эсимде.
– Дүйнөлүк волейболго кызыксаӊ керек. Кайсы оюнчуну баалайсыӊ, ага окшошкуӊ келет?
– Чынын айтсам, башынан эле дүйнөлүк волейболчуларга көӊүл бурган эмесмин. Олимпиада жана Дүйнөлүк чемпиондуктарды көрүп коём. Бирок алардын бирөөсүн да кумир тутпайм.
– Үй-бүлөӊ тууралуу айта кетсеӊ...
– Үч бир тууганмын. Байкем Аман, мен жана иним Атай. Аман бул жакта окуп, андан тышкары иштеп, ата-энебизге жардам берет. Инибиз Атай учурда Кыргызстанда. Атамдын аты Кубат, курулуш компаниясында архитектор, апам Фатима ооруканада иштейт. Алардын мага ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп бергенине ыраазымын.
– Алдыга кандай максаттарды коюп жатасыӊ?
– Максатым – спортто чоӊ ийгиликке жетишүү, аны менен бирге мекенибизди дүйнөгө таанытуу. Алгач окуумду бүтөйүн, андан кийин спортту улантайын деген ойлорум бар. Профессионалдык клубдарда волейбол ойноп, тажрыйбам менен жаштарга бөлүшсөм деп алдыга максат койгом. Кыргызстанда спорт мектебин ачып, машыктыруучулукту аркаласам деген тилектерим бар.
– Тилектерин орундалсын, маегиӊе рахмат!

"Кичинемден тарта волейбол тобу алмашкыс эрмегим".

"2014-жылы АКШдагы окуу борборлор арасындагы мелдештин чемпиону болгонбуз".

Спорт жаӊылыктары
Волейбол
«ОШ БАЖЫ» – чемпион!
2-апрелде Кыргызстандын Улуттук Лигасынын акыркы турдук оюндары жыйынтыкталды. Биринчиликке талапкер Ысык-Көлдүн «Жаӊы муун» командасы «Жаш күч» командасына утулуп (1:3), чемпиондук жарыштан чыгып калды. Жыйынтыгында 25 упай топтогон «Ош Бажы» командасы мөөнөтүнөн мурда чемпион аталды. Ал эми «Жаӊы муун» командасы 22 упай менен 2-орунду камсыздашса, «Салам-Алик» командасынын оюнчулары коло медаль тагынышты.
Айта кетсек, волейбол боюнча Улуттук Лига 7-ирет өтүп жатат. Буга чейин 5 ирет «Салам-Алик» командасы чемпион аталса, акыркы 2 жылда Оштун командасы баш байгени бербей келет.

Эрежесиз уруш
ДАСТАН ЖЕӉИШКЕ ЖЕТИШТИ
4-апрель күнү Москвада эрежесиз уруш боюнча болуп өткөн «Элдер достугу Кубогу» мелдешинде кыргызстандык Дастан Шаршеев жеӊишке жетишти. Ал улуту чечен Аслан Мусаев менен кез келип, намысты алдырган жок. Дастан Шаршеев беттештин биринчи мүнөтүнөн тарта эле атаандашынын үстүнөн үстөмдүк кылып, жеӊишти өз пайдасына чече алды.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (44)
elif
2015-04-14 13:49:43
Allah jolundu achsin!
+1
kg-bala87
2015-04-14 13:55:23
ийгилик сулуу кыз
0
Peri76
2015-04-14 19:25:54
Азамат чынында татынакай кыз экен
0
iliaz-sng
2015-04-14 22:31:34
Ширин кыз экен ийгилик анда.
0
Nuranna_93_kg
2015-04-15 01:47:41
Iigilik baarynarga,Kyrgyzstandyn jelegin jelbiretip juro bergile.Biz silerdei chygaan uul-kyzdarybyz mn syimyktanabyz....
0
jirgalb
2015-04-15 14:41:02
Онорун оркундой берсин карындаш.
0
33SUUN
2015-04-16 01:00:48
Дакунун комментарийлерин окуй берип Айперим карындашыма ийгилик каалоорумду унутуп кала жаздаптырмын.Айперим сага чоон-чон ийгилик,узун омур,чексиз бактылуулук каалаймын.Кыргыздын кызы ушундай болот турбайбы.-деп дуйно жузу суктанышсын.
+1
advert
2015-04-17 14:08:06
Молодец, желаю во всех новых начинаниях удачи))
0
Misirov-Nurlan
2015-04-17 18:06:28
Молодец коздогон максатына жет,жана ошондой эле Кыргызстандын атын дуйного тааныта бер ийгилик каалайм!
0
Misirov-Nurlan
2015-04-17 18:08:26
Кыргыздын сендей сулуу жана таланттуу кыздары менен сыймыктансак болот!
0
adilet_3234
2015-04-18 10:28:01
Сулуу кыз экен
0
talasbek.211392
2015-04-18 12:25:23
сонун экен. ийгилик каалайм кыргызстандын желегин желбиретип журобер!!!!
0
Bermet_Kasymova
2015-04-19 02:27:51
аябай сулуу экен.
0
Kesh.26
2015-04-19 12:34:46
Кыйын дагы, сулуу дагы кыз экен. Воллейболду аябай жакшы ойнойт экен, азамат!!! Бирок бир нерсени тушунбодум, воллейболду жакшы ойносо хоть чемпион мира болсун Америка кантип багынып калсын?))). Образно айтылганын мен деле тушунуп турам, ошентсе да теманы башкача атасанар болмок экен!!!
0
nurzat.71
2015-04-19 18:29:38
Azamatsyn!
0
№ 649, 10-апрель-16-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан