КУМАР АЗАБЫ (сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)

Садыр балалуу болуп, изги тилеги ишке ашканына маашыр. Наристесинин жытына тойбой, катуураак ыйлап калса үстүнө түшө калат. Айланчыктап жанынан чыкпайт.
– Ыйлап калды, доктур чакыртайынбы? Кургактап койгула, уктай албай жатат окшойт. Суук тийип калбасын,- деп кечке безеленип жүрөт. Андайда эже-сиӊдидей болгон жубайлары «Жараткан сени жакшы да эркек кылып жараткан экен. Аял болгондо өлтүрмөк экенсиӊ. Баланын үстүнөн үйрүлүп бүтпөй калмаксыӊ» дешип күлүп калышчу.
Чындыгында, күндөштөр бир туугандардай ынак. Бири улуусунуп, экинчиси сулуусунбайт. Бирок Садыр жаш жубайына төрөп бергенден тарта көбүрөөк көӊүл бөлүп, Жылдызды көӊүл сыртында калтырып койду. Аны өзү деле байкаган жок. Балалуу болуп кубанганынан көктө учуп жүрбөйбү. Чүрпөсүн эркелетип калганда да жаш аялына «апасы, карачы, балабыздын күлүп жатканын, көзү апасыныкы балбылдап, калган жагы атасынын эле өзү» деп айта берчү. Акыркы күндөрү жолдошунун «апасы, биздин балабыз экөөбүзгө теӊ окшош» деген сөздөрү Жылдызды канжарсыз союп жиберчү болду. Өзү кылган ишинин запкысын тартканын эми түшүндү. Ушундай болорун башында ойлогон, бирок күйөөсүнөн мынчалыкка барат деп күткөн эмес. Экөөнүн сүйүүсүнө ишенген эле. Сүйгөнүн, арзып тапкан жолдошун башка аялга тарттырганына ызаланса да, Садыр бир күнү түшүнүп, «Акыл экөөбүздүн уулубуз, төрөп бербесеӊ да тукумум уланып, төшөгүм жаӊыланганы сенин акылыӊ, эмгегиӊ» деп айтарынан үмүтүн үзгөн жок.
Күн өтүп чүрпө чоӊойгон сайын Садыр ого бетер кубанып, Жазгүл менен уулунун жанынан чыкпай, жаш жубайынын кабагын карап, көзү менен теӊ айланып жатты.
– Ичип алсаӊ, сенин курсагыӊ ток болсо балага сүт болот. Жылуу кийинсеӊ, оор жумуш кылбасаӊ,- деп камкордук көрөт. Камкордук кимге жакпасын? Өткөн турмушунан мынчалык жылуулук көрбөгөн Жазгүлгө мындай мамиле жагып жатты. Кечинде өз бөлмөсүнө кирип каткырып күлүп, эркелешкенин угуп Жылдыздын жүрөгү сыгылып кетти. Өмүр бою бир дене, бир жандай жуурулушкан күйөөсүнүн башка бирөө менен жатканын өз көзү менен көрүп жатса кызганбай, кыйналбай коймок беле?! Эрин эмес, жанын берип жаткандай болуп жатты. Кетип калсамбы деп ойлонуп да көрдү. Бирок кете алган жок.
Бир күнү Акыл токтолбой ыйлап, денеси ысып чыкты. Бул үйдө биринчи ирет наристе төрөлүп жатса, анын минтип ыйлаганы аларга коркунучтуу туюлду. Жазгүл «эч нерсе болбойт» десе, Садыр үйдүн ичин үч көтөрүп кыйкырып, тополоӊ боло түштү. Дарыгер келип «бала чоӊойгончо далай ирет ушинтип дене табы көтөрүлөт, ооруйт, ыйлайт, коркунучтуу деле эч нерсе жок, кабатыр болбогула, кичине суук тийип калыптыр» деген кеӊешин берип кетти. Баланы чоӊойтуу да түйшүк эмеспи. Жазгүл Акылды көтөрүп жүрүп тамак да иче алган жок. Жылдыз аял катары түшүнүп, күндөшүнө боору ооруп:
– Баланы мага бер, көтөрүп турам, сен тамак ичип ал,- деди.
– Эже, баланы уктатып коюп ичейин.
– Эртеден бери оозуӊа наар ала элексиӊ, кой, тамактанып ал,- деп күйпөлөктөп баланы колуна алды.
– Менин уулум акылдуу бала болот, ыйлабайт, азыр уктап калат,- деп алдейлеп жатты. Чүрпө токтолбой ыйлай берди. Садыр туталанып ары-бери басып сабыры түтпөй:
– Берчи апасына, бала багып жүргөнсүп сооротосуӊ да!- деп ачуу кыйкырды.
– Азыр, тамактанып алсын. Мен деле...
– Бер дегенде бербейсиӊби!- деп кыйкырып жиберди. Жылдыз уккан кулагына ишенбей, селейип туруп калды. Кулагына жолдошунун сөзү жаӊырык болуп кайра-кайра кайталанып жатты. Тамактанып отурган күндөшү ыргып туруп, баланы колуна ала калды.
– Бериӊиз, эже, эмизейин,- деп баланы алды. Жылдыздын көӊүлүнө катуу тийгенин Жазгүл дароо байкады да, наристени токтотууга ашыкты.
– Алдей-алдей ак бөпөм, ак бешикке жат бөпөм. Азыр Жылдыз апасына барат. Менин балам жакшы бала,- деп кайталап жатты. Аны наристе кайдан түшүнсүн? Таӊ атканча колдон түшпөй ыйлады. Түнү бою эч кимиси кирпик каккан жок. Садырдын болсо сиркеси суу көтөрбөй калган. Бир нерсе деп айтса эле корс этип кагып салат. Эртеӊ менен эрте Жылдыз Садырга минтип айтты.
– Жогорку айылдагы Сайра эжеге алып баралы. Баары жаш балдарын ошол эмчиге көрсөтүшөт.
– Алып барса баралы. Балам тынчтанса эле болду.
– Бала деген бирде ыйлайт, бирде сыркоолоп калат. Ошентип чоӊоёт да. Сен болсо биротоло ачууланып алыптырсыӊ.
– Катуу кетсем кечирип кой,- деди Садыр. Жылдыз баланы ороп чыкты да, Сайра эмчинин үйүн көздөй жөнөштү. Эмчи баланы карап көрүп:
– Далысы жабышып калган турбайбы, чыгарып берейин.
– Ошон үчүн ушунча ыйладыбы?- деди таӊ калган Жылдыз.
– Ыйлабай анан. Эки аял баш болуп бир баланы чоӊойто албасаӊар,- деп наалып койду эмчи.
Бала мемиреп уктап, алар ыраазычылыгын айтып үйгө келишти. Ай алмашып Акыл да көзгө толуп чоӊоё баштады. Жылдыз жолдошунун андан алыстап, Жазгүлгө ынак болуп баратканына ичи тарып, экөө менен ачык сүйлөшпөсөм болбойт, бир чечимге келбесемби деп өзүнө-өзү ант берди. Бир күнү үйдө Садыр жок эле. Экөө чай ичип отурганда Жылдыз сөз баштады.
– Сага чын дилибизден ыраазыбыз. Бала төрөп берип үйүбүзгө кут алып келдиӊ.
– Коюӊузчу, эже, ыраазычылык айткандай эки жакка кетип жаттык беле?
– Сен жашсыӊ, балдарыӊ дагы жаш. Аларды ата-энеӊдин колуна таштап кыйнаба,- деди. Жазгүлдү көӊүлүн суутпай кетирүүнүн ушундай жолун ойлоду.
– Эже, эмне дегени турасыз? Эч нерсени түшүнгөн жокмун
–  Кандай десем? Эми сенин балдарыӊ бар.
– Эже, ичимди бышырбай тезирээк айтыӊызчы?!
– Бир чети сиӊдим, сырдашым болуп калдыӊ. Макул десеӊ Акылды мага ташта.
– Аман болсо баарыбыздын уулубуз болот го, эже.
– Сен жашсыӊ, дагы турмуш күтөсүӊ,- деди улутунган Жылдыз. – Акылды биз багып алабыз, сагынганда көрүп турасыӊ. Сен дагы өз теӊиӊе турмушка чык. Садыр менен
жашап кайран өмүрүӊдү кор кылба,- деди. Мындай сөз угам деп күтпөгөн Жазгүл нес болуп калды. Өӊү кубарып чыкты. Жаӊы эле жүзүнөн албырып турган жылуулук өчүп калды.
– Эже, уккан кулагыма ишенбей турам. Сиз мени баланы таштап кет дегени турасызбы?
– Кетишиӊ керек! Сенин баланы бизге берип кеткениӊ туура.
– Кантип? Кайсы бетим менен кетем, эже?
– Үй сатып берем. Балдарыӊ менен чогуу жашайсыӊ. Катташып турабыз. Эже-сиӊди болобуз.
– Ушундай болорун башында эле айтпайт белеӊиз?! Сизге бала эле керек экен да. Сиздин жолдошуӊуз менин да жолдошум. Мен кетсем артымдан ал дагы кетет. Баламды бербейм. Садыр аке менин артымдан болбосо да, Акыл үчүн барат,- деп ишенимдүү сүйлөдү. Жылдыз эмне деп айтарын билбей апкаарый түштү.
– Же эмне, жолдошуӊузду тартып алат деп жатасызбы?
– Жок, болгону сени...
– Эмне мени? Эже, сизди мынчалыкка барат деген эмес элем,- деп ордунан туруп сыртты көздөй жөнөдү. Үйдөн күү менен чыгып, эшикти тарс эткизе жапкан Жазгүлгө Садыр таӊ кала суроолуу карады. Ал азыр ичиндеги ачууга чыдабай, Садырга баарын айтканы бара жаткан...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Biinura
2015-04-13 13:03:07
Дааа сложно.
0
Ayperi94
2015-04-13 13:27:26
Кызык чыгарма экен
0
zara-919
2015-04-13 16:17:48
Өзбектердин изьян аттуу киносунун эле сценарийи го ...
0
magic1721
2015-04-13 20:00:52
кызык... не болор экен...((
0
Arzu.kg
2015-04-14 12:36:56
Канчалык акылдуу,токтоо болбосун мындайга чыдай албайт турмушта
+1
№ 649, 10-апрель-16-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан