ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (13-апрелден 19-апрелге чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Аптада ашыкча активдүүлүктүн кереги жок, болбосо бирөөлөргө жакпай, бут тосууга кабыласыз. Ал эми жаӊы идеяларды изденүүдөн талбаӊыз,  мээнетиӊиз кийинчерээк болсо да бааланат. Чарбачылыкка керектүү буюм сатып алууга бир топ акча коротушуӊуз ыктымал. Жеке жашоодо жакшы көргөн адамыӊызды ашыкча кызганбаӊыз, болбосо жаралган чырдын токтошу кыйын. Алыс жашаган жакындарыӊыздын конокко келүүсү күтүлүүдө.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жумушта олуттуу маселе жаралбайт, андыктан майда-чүйдөгө тынчсызданбай эле койсоӊуз болот.  Ал эми тамак-аш же буюм-тайым сатып алууда акчаны үнөмдөӊүз. Антпесе максат кылып жүргөн чоӊ нерсеӊизди жакын арада ала албай каласыз. Шейшембиде күтүлбөгөн жагдайга туш келип, териштирүүнүн себепкери болосуз. Апта аягында ата-энеӊиз же балаӊыз менен маанилүү сүйлөшүүлөр күтүлөт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Аптадагы таанышуулар жана жолугушуулар сизге пайда алып келмекчи. Жубайлар ортодогу пикир келишпестик күчөп кетпеши үчүн бири-бирин уга билип, майда нерселерге көз жумуулары зарыл. Апта башында уккан кабарыӊыз сизди бир топ сарсанаага салат. Бейшембиде бирөөлөрдүн ишин бүткөрүп берип, ортодон олжо арттырууӊуз мүмкүн. Апта аягында дача же мал сатып алуу планы жаралат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада ишке ашпай келген максаттарды бат бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк болот. Кам көрүп, жардам көрсөткүсү келген адамга «жок» дебеӊиз. Ал жашооӊуздун жакшы жакка өзгөрүлүүсүнө салым кошот. Дүйшөмбүдө туугандар иштен алаксытат. Алардын керектүүсүн таап берүүгө мажбур болосуз. Бейшембиде электр шаймандарын туура колдонбосоӊуз, өрт чыгышы мүмкүн. Ишембиде гардероб жаӊыртуу үчүн базар кыдырасыз.  

АРСТАН (23.07-23.08)
Үйүӊүздө ырыс-кешик уялашы үчүн жашоо шартты оӊдоп, жан биргеӊиздин көзүнө чөп салуудан оолак болуӊуз. Аптада айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, тегерек-четти тазалоо иштери күтөт. Бирөөлөрдүн чакыруусу менен коӊшу айылга же шаарга барып калууӊуз ыктымал. Аласа-береселерди такташып, банктан же тааныштардан насыя алууну пландооӊуз мүмкүн. Алыстагы тууганыӊыз жаӊылыктары менен бөлүшөт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Ишиӊиз бир калыпта жүрөт. Башкалар жөндөй албаган иштерди жетекчилик сизге тапшырып, ал акырындап киреше алып келе баштайт. Өзүнө түгөй издеп жаткандар жакындары  сунуштаган адамдан баш тартпай, карап көрүүлөрү керек. Жыйынтыгы кубантуусу ыктымал. Жардам сураган таанышыӊызга колдоо көрсөтпөй койсоӊуз деле болот. Анткени жакшылыгыӊыз кайтарылбайт. Стилди өзгөртүү керектиги кайсы бир кечеге катышкандан кийин билинет.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Үйдө сынган, бузулган буюмдарды оӊдотуу, чакырган жерге алып баруу үчүн белек издөө алдыӊкы планга чыгат. Балдар да өз маселелери менен түйшүгүӊүздү арбытат. Бизнес менен алектенгендер жаӊы өнөктөштөрдү табуунун үстүндө болушат. Дүйшөмбүдө бир иштен улам териштирүүгө кез келесиз. Бейшембиде кокустан жоготкон досуӊузду таап сүйүнөсүз. Жекшембиде жалгыз эс алууга убакыт табылат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Кылган аракетиӊизден ийгилик жана каржылык абалыӊыз көз каранды экендигин унутпаӊыз. Үй-бүлө очогуӊузда жылуулук жана өз ара түшүнүшүү орун алат. Бирок көрө албастардын айынан туугандардын бири менен кер-мур айтышып калууӊуз ыктымал. Шейшембидеги жолугушуу жайынтык бербейт. Шаршембиде жакшы буюмду арзан баада сатып алып, жолуӊуз болот.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта акыл менен да, кара күч менен да иштөөгө ийгиликтүү. Айрымдардын жүрөктөрүн жаӊы сезимдер ээлеп, жаӊы сүйүү романдары башталат. Иште кызмат орундар өзгөрүп, бул жаатта катуу талаш-тартыш жүрөт, сиз нейтралдуу  позицияны карманыӊыз. Досторуӊуздун биринин жакшылыгын чогуу белгилөөӊүз мүмкүн. Апта аягында үйдөн сырткары эс алсаӊыз туура болмокчу.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Табышкерлик сапатыӊыз өзүн актап, үй-бүлөлүк бизнес баштоону болжолдойсуз. Ою бузуку тааныштардын таасиринен сактаныӊыз жана ойлонбой туруп бир иштерди жасап жибербеӊиз. Шаршембиде шашкалактап жатып бир буюмду бүлдүрүп алууӊуз мүмкүн. Бейшембиде салык төлөмү капчыгыӊызды жукартат. Жума күн жакшы сюрпризи менен эсиӊизде узакка сакталат.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Майда деп көӊүл бурбай жүргөн иштер топтолуп калгандыктан, убактыӊыз менен күчүӊүздү ала баштайт. Айрымдар кызматтык командировкага чыгышат. Жолдо жүрүүдө абайлабасаӊыз, ден соолугуӊузга зыян келүү коркунучу бар. Апта ортосунда  карыздарыӊызды кайтарып беришет. Апта соӊунда жеке жашооӊузга байланышкан чечим кабыл алууга туура келет.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Достордун бири банктан насыя алып, иштетүү тууралуу сунушун киргизет. Ойлонуп, ийне-жибине чейин тактап, эсептеп, анан чечим кабыл алыӊыз. Жеке жашоодогу өзгөрүүлөр азырынча жагымсыз болгону менен, жакшы уланарын эске тутуӊуз. Шейшембиде өз оюӊузду жактасаӊыз, ишиӊизде ийгиликке жетесиз. Жума жана ишемби күндөрү оор  жумуштардан качып, өзүӊүзгө кам көрүп үйдө болгонуӊуз оӊ.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 649, 10-апрель-16-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан