АПАМ ЖАПКАН НАНДЫ САГЫНАМ...

Жылдыздар турмушунан

Эне. Бул ыйык жанга кимдер гана тизе бүкпөгөн. “Бейиш эненин таманы астында” дешкени да бекеринен эместир. Анткени төрөп, өстүрүп, тарбиялап, кыскасы, бизди адам кылган бул – эне. Жылдыздар бүгүн энелери жөнүндө айтып беришмекчи.

Ильяз Андаш: “АПАМДЫН ТАМАГЫН ТАМШАНЫП ЖЕЙМ”
– Сабактан келсем үй чачык, тамак даяр эмес, кир жуулбаган. Апамдын кадырын жанынан алыстап студент болгондо билдим го. Атамдан сурачу нерсени да апам аркылуу айттырам. Апам экөөбүз катуу сырдашабыз. Сүйүнчүмдү да, кайгырганымды да апам менен бөлүшсөм жеңилдеп өзүмө келип калам. Бишкектен Караколду көздөй жөнөгөндө эле алтын энем көз алдыма тартылып өзүнчө кудуңдап алмайым бар. Акыркы кезде “акылдуу, ыймандуу кызды келин кылсак экен” деп көп айтчу болду. Анда мен апа, окуумду бүтөйүн, буюрса, өзүңүздөй келиндүү болосуз деп күлүп калам.

Кенже Дүйшеева: “АПАМДАЙ АСЫЛ ЭНЕ БОЛСОМ ДЕЙМ”
– Апам. Асылым ай. Эстесем көөдөнүмө бук толуп, көзүмдөн мончок жаш куюлат. Атаганат, тирүү жүрүп, ырларымды укса не болмок... Мейли сен падыша бол, мейли жөнөкөй бир пенде бол эне үчүн сен баласың жана ал инсанды дайым сагынасың. Апамды абдан сагынам. Айрыкча айылга барганда кармаган-туткан буюмдарын карап көп эстейм. Тандырга жакындасам кадимкидей апамдын нанынын жыты келет. Келиндериме апамдын нанындай нан жапкылачы деп суранып калам. Жеткен ийгилигимдин баары апамдын ийгилиги деп билем. Өткөндө түшүмө кирди. Колуна бир тутам жүгөрүнү көтөрүп алып мага сунуп жатыптыр. Мени колдогону го деп жоруп койдум. Бир туугандарым мени апама көп окшоштуруп садагалап калышат. Мен да апамдай асыл эне болсом деп тилейм. Өкүнүчтүүсү, сүрөтү жанымда жок эле, сиздерге көрсөтө албадым.

Сема: “АПАМ ЭРКЕЛЕТСЕ БАЛДАРЫМДАН УЯЛАМ”
– Апам мага берекенин символундай сезилет. Айылдан курут-майын артынып келсе үйүм толуп, майрам болуп эле калат. Апасы алыстан келгенде мактанган кичинекей балдардай мурдумду көтөрүп, эч кимди укпай калганымчы... Чынын айтсам, апамдыкындай нанды эч ким жаба албайт. Тандырдан жаңы чыгарылган ысык нанды каймакка кошуп жегенди эстесем шилекейим агып кетет. Апамдын айылга кетчү маалы келгенде такыр жөнөткүм келбей, апа, жол жабык экен деп алдап, 2-3 күнгө чейин алып калам. Алтын апама мен дагы эле баладай сезилет окшоймун. Ооруп калсам кичинекей баладай кылып дары берип, эркелеткенде балдарымдан уялып кетем. Ардагым апам, кымбатым атам бар, мен бактылуумун.

Эмил Балтагулов: “ЭНЕКЕМ МЕНИН БЕРЕКЕМ”
– Улуу адамдардын “балам, балалуу болгондо билесиң” дегенин угуп, ушул сөзгө таптакыр маани берген эмес экенмин. Үй-бүлө куруп, балалуу болгондо гана түшүнүп отурбаймынбы. Анткени апама көп эркелептирмин. Уктап калсам жуурканымды жаап, курсагым ачса ысык нанын, ысык чайын камдап турганын айт. Тентектик кылганда какыс-кукус кылып койсо таарынып үйдүн дубалына калем сап менен мен сизге таарындым деп, капа болгонун байкасам апа, сиз эч качан капа болбоңузчу деп жазып салчумун. Оюмда эрдик кылганым менен, чийилген дубалды актап, жууп тазалаган апама көп түйшүк артчу экем.
Апамдын аты – Ырыс. “Ырысым, бүтпөс жыргалым...” деген саптары бар “Энекем” аттуу ырды чыгарганда апам кубанычтан көзүнө жаш алган.

Жанета: “АПАМДЫН ЖАНЫНДА БОЛУУ МЕН ҮЧҮН ЭС АЛГАНГА ТЕҢ”
– Мен апамдын ашкабак менен жасалган самсасын, очокко бышкан тамактарын сагынам. Cырдашым да, муңдашым да энем. Апамдын жанында болуу мен үчүн эс алганга тең. Үйгө барганда апам сүйүнгөнүнөн берерге ашын таппай калат. Босогодон аттаганда эле балалыкты эстеткен апамдын жыты буркурайт. Моокумум кана кучагыма бекем кысып, ошол жытынан жыттап алам. Эненин баркын эне болгондо билет турбайбызбы. Мен төрөгөндө апамдын кадырын билип, эч качан капа кылбаймын деп өзүмө сөз бергем. Бала кезде урушуп койсо таарынып, айтыша кеткенимди эстесем ичим ачыша түшөт.

Бурул Исмаилова, Замира Рахманбердиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
юрист
2009-12-21 23:13:06
Ар кимдин энеси озунчо БАА ЖЕТКИС да.
Мактайт, тиги кылат, башка кылат...
Бирок бир нерсени оздорунон сурашсынчы:
ЭНЕСИ УЧУН ЖАН БЕРУУГО ДАЯР БЕКЕН?
0
юрист
2009-12-21 23:13:52
Эне баласы учун жан берууго даяр! Баласы карып калса да!
0
korea
2009-12-22 05:26:48
Ene saga kanday maktoo jarashat,
Ene senden syimykty kim talashat...!!!
0
jazka
2009-12-23 01:16:43
Эне ыйык,эне кымбат баарынан
Мен оорусам мээриминен айыгам
Ак сутунду кантип актайм дегенде
Ой-сезимге тушкон болот чагылган!
0
№ 372, 18-24-декабрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан